Транспорт жана коммуникациялар министрлиги түндүк-түштүк альтернативдик жолу 1-июндан баштап убактылуу ачыларын кабарлады.
Министрликтин маалыматында, автожол июндан ноябрь айына чейин ачык болот жана ушул тапта каттамды ачууга даярдык иштери, коопсуздукту камсыздоо үчүн кошумча иштер жүрүп жатат. Мекеме айдоочуларды ылдамдыкты ашырбай айдоого, жол эрежелерин сактоого чакырды.
Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков март айында альтернативдик жол 2028-жылы толук пайдаланууга берилерин билдирген.
Жолду куруу долбооруна 937 миллион долларлык насыя алынган (46 миллиону - грант). Бул каражаттын 560 миллиону өздөштүрүлгөнү айтылган. Негизги инвесторлор – Кытайдын Эксимбанкы, Азия өнүктүрүү, Ислам өнүктүрүү банктары.
Курулушту Кытайдын China Road & Bridge Corporation ишканасы жүргүзүүдө. (BTo)
Шерине