Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ош облусунда курал-жарак жана ок-дары сакталган жашыруун жай табылганын кабарлады. Мекеменин басма сөз кызматы 19-майда тараткан маалыматка караганда, катылган курал-жарак Кадырбек Досоновдун "Женго" уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө таандык экени аныкталды.
Бир даана "Сайга" автоматы, бир кесилген аңчылык мылтык, эки "Макаров" тапанчасы жана бул куралдарга тиешелүү ок-дарылар "Ош" аэропортуна жакын жерден табылып, алынды.
Учурда курал-жарак кайдан алынганын жана аларды ким катканын тактоо иштери жүрүп жатат.
Бишкектин Биринчи май райондук соту Кадырбек Досоновду 2024-жылы ноябрь айында Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмыштуу коомдоштукту түзүү же ага катышуу”, “Адам өлтүрүү” беренелери менен күнөөлүү деп таап, 20 жылга эркиндигинен ажыраткан.
Анын жакындары менен адвокаттары УКМКнын акыркы маалыматы боюнча комментарий бере элек.
Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Аанбек) 2023-жылы 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.(ZKo)
Шерине