Мурдараак ар кайсы өлкөлөрдүн, анын ичинде кыргыз компаниялары жекече “кара тизмеге” киргизилип келсе, бул бүтүндөй мамлекетке санкция салынган биринчи учур болуп калды. Кыргыз бийлиги Батыш өлкөлөрүнүн дооматын четке кагып, соңку чаранын кесепети деле жок экенин билдирүүдө.
Санкциянын баяны
Европа Биримдигине мүчө мамлекеттеринин дипломаттарынын баары Орусияга каршы санкциялардын 20-пакетин жактырышканы 22-апрелде маалым болду.
Мунун алкагында Украинага 90 млрд евро кредит бөлүү каралган. Анда ошондой эле Орусиянын мунайын жана мунайзаттарын деңиз аркылуу ташууга толук тыюу салуу, орусиялык компанияларга жана кемелерге кызмат көрсөтүүнү чектөө, активдерди тоңдуруу сыяктуу чаралар бар. Орусиялык жана башка өлкөлөрдөгү аскердик өндүрүш тармагында иштеген 120 адам жана компания “кара тизмеге киргизилет. Мына ушул чаралардын ичинде Кыргызстанга да санкция салынууда.
Reuters маалымат агенттигинин макаласынан үзүндү келтирели:
“Кыргызстанда, Лаосто, Азербайжанда жана Арменияда санкцияларды кыйгап өтүүгө көмөктөшүп жаткан орусиялык 20 банкка жана үчүнчү өлкөлөрдүн насыялык мекемелерине транзакция кылууга тыюу салынды. Кыргызстан Евробиримдиктин санкциялардан буйтоого каршы күрөшүндө чара колдонулган биринчи мамлекет болуп калды. Чаралар топтому Борбор Азиядагы бул өлкөгө металлдарды кесүүчү станокторду жана үн, сүрөт, видео маалыматтарын берүүчү модем, маршрутизатор сыяктуу байланыш каражаттарын сатууга тыюу салат”.
Орусияга каршы санкциялардын 20-пакетин Европа Биримдиги быйыл февралда Украинадагы согуштун беш жылдыгына байланыштуу даярдап, күчүнө киргизмек. Словакия менен Венгрия анда өз талаптарын коюп, каршы чыккандыктан документ кабыл алынбай калган.
Андан кийин Венгрияда орусиячыл лидер шайлоодо утулуп, европачыл бийлик келди. Словакия да өнөктөш мамлекеттери менен тил табышып, ийге келген. Санкциялар топтому ошондой кийин жактырылып олтурат.
Кыргыз бийлиги Европа Биримдигинин дооматын февраль айында эле четке кагып, өз жүйөсүн айтуу үчүн Евробиримдиктин санкциялар боюнча атайын чабарманы Дэвид О'Салливанды Бишкекке чакырып, Президенттин администрациясы жана Министрлер кабинетинин өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.
Кыргызстан санкциялык тизмеден чыгарылбаганына караганда кыргыз тараптын жүйөлөрүнө Еврошаркет макул болгон эмес деп бүтүм чыгарсак болот. Евробиримдик биринчи кезекте Кыргызстан көп товарларды Европадан өзүнө импорттоп, андан соң Орусияга реэкспорт кылып жатат деп айыптоодо.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев соңку окуяны “Азаттыкка” мындайча комментарийледи:
“20-пакеттин мазмунун булар негизи эч кимге айтышпайт, элчилерге таратып бергенге чейин ал жашыруун болуп турат. А биз ошол департамент тараткандан кийин билгенбиз. Ошондон бери бир топ жумуштарды өткөрүп, чоң мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Алар өздөрү деле, бир нече өлкөлөрдүн министрлери, мисалы Италиянын министри да айтты. Алар “Башкаларга сабак болсун деп, Кыргызстанга санкция салганыбыз өзүнүн натыйжасын бербейт” деп айтышты. “Салсак чоң мамлекеттерге салалы” дешти. Ошону биз деле айтып, “Кыргызстан аркылуу маселе деле жок” дегенбиз. Башка мамлекеттерге караганда биздин салымыбыз өтө аз. Болгону айрым товарлар мурда таптакыр ташылган эмес, ал 100 даананы эле ташып келсек, ошону “импорт 100 эсеге, 1000% өсүп кетти” деп баалап жиберишти. Мына ушул жүйөлөрдү келтирип, иш-планды чыгарып, дайындап, статистикалык маалыматтарды, экспортко чектөө боюнча документтерди өткөрүп бергенбиз. Бирок ага карабай бул Салливан мырзанын, ал кишинин департаментинин эле кылганы болуп калды. Анткени, Европадагы бир да мамлекет бизге түздөн-түз доо койгон жок. Ошентсе биз мунун үстүнөн иштеп жатабыз. Кийинки пакеттен банктарды да, мамлекетти да санкциядан чыгаруунун үстүндө иштеп жатабыз. Кеп болгон товарларды жеке компаниялар ташый албашы мүмкүн, бирок эгер мамлекетке муктаждык болсо өзүнүн атынан кайрылса ага чектөөлөр болбойт. Ошондуктан бул санкциянын мамлекетке олуттуу кесепети жок”.
О'Салливандын сапары, Кыргызстандын кадыр-баркы
Европа Биримдигинин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О'Салливан Бишкек сапары алкагында 26-февралда атайын басма сөз жыйынын өткөрүп, “Азаттыкка” учкай интервью да берген.
Чабарман Кыргызстандын банктары Орусияга санкциядан буйтоосуна көмөктөшкөнү тууралуу ишенимдүү маалыматтар бар экенин белгилеп, алардын каражаттары камакка алынбаганын, бирок корреспонденттик эсептери жабыларын тактаган. Кыргызстанга жалпы салынчу санкцияны болсо ал мындайча түшүндүргөн:
“Биз Кыргызстандын эгемендигин, көз каранды эместигин урматтайбыз. Бирок биз санкцияларды өз коопсуздугубуз үчүн киргизгенбиз. Финансылык мекемелер криптовалюта аркылуу санкциядан кандайдыр бир буйтап өтүү аракетин жасаган, санкциялар ошону изилдеп, аныктагандан кийин жарыяланган. Жаңы 20-пакетке дагы эки санкция киргизүү маселесин карап, сүйлөшүү жүргүзүп жатабыз, келген себебим да ошол боюнча талкуу жүргүзүп, өзүбүздүн түшүндүрмөбүздү берип жана Кыргызстандын аргументтерин угуу. Мен айткан эки товар (электроника жана учкучсуз аппараттарга байланыштуу) Кыргызстан аркылуу реэкспорт болуп Орусияга кетет экен, ошону аныктадык. Албетте, биз Кыргызстан менен Орусиянын тыгыз байланышын эске алабыз, кыргызстандык көп жарандар Орусияда иштейт, мигрант болуп жүрөт, көп каражат кыргыз экономикасына келет. Аны биз, албетте, эске алабыз”, - деген Дэвид О'Салливан.
Батыш өлкөлөрү Орусиянын өзүнө санкция салгандан сырткары ага көмөктөшкөн өлкөлөрдөгү компанияларга жана жеке адамдарга экинчи деңгээлдеги санкцияларды салып келет.
2026-жылдын башына карата 28 кыргызстандык компания АКШнын, Улуу Британиянын жана Европа Биримдигинин “кара тизмесине” кирди.
28 компаниянын 14ү санкциялык товарларды Орусияга жеткирүүгө айыпталса, 4 компания акчаны адалдоо жана алтынды мыйзамсыз сатууга байланыштуу, 2 компания Орусиянын мунай компанияларынын туунду ишканалары катары илешти.
Кыргызстандагы 4 банк Орусияга финансылык кызмат көрсөтүүгө, анын ичинде криптоактивдерге байланыштуу көмөктөшкөн деп шектелүүдө. Калган 4 компания түздөн-түз криптовалюталарды чыгарууга жана аны санкциядан кыйгап өтүүгө пайдаланууга айыпталууда.
Адистер эми мамлекеттин өзүнө санкция салынганы Кыргызстандын эл аралык мейкиндиктеги кадыр-баркына доо кетирерин белгилешүүдө.
Экономист Манас Саматов буларга токтолду:
“Эгерде соода эрежелерин бузбаса реэкспорттун өзүнүн терс жагы жок. Бирок санкциялык товарлардын өткөрүү эл аралык эрежелерге төп келбей калат. Европа Биримдиги күчтүү түзүм, анын принцип-эрежелери катаал. Башынан эле ошону бузбаганга аракет кылыш керек эле. Эл аралык мамиледе өтө кылдат мамиле кылуу зарыл болчу. Менимче, бул күтүлгөн нерсе болчу. Албетте, бул санкция жакшы эмес. Эл аралык аброюбузга көлөкө түшүрүүдө”.
Кыргызстандын бийлиги башынан эле Украина менен Орусиянын ортосундагы согушта бейтарап турумду карманып келет. Муну президент Садыр Жапаров интервьюларында да, эл аралык платформаларда да айткан.
Кыргыз мамлекет башчысы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө согушту токтотууга чакырган жана жаңжалды жөнгө салууга багытталган аракеттерди кубаттаган. Ал ошондой эле бул согуштан башка өлкөлөр да жапа чегип жатканын белгилеп, Кыргызстанга салынган санкцияларды алууга чакырган.
Шерине