Молдовадан Орусияга качып өткөн олигарх Илан Шор артында турган бул каражат былтыр Бишкекте катталып, расмий жүгүртүүгө чыгарылган. Адистер бул стейблкоин Орусиянын тышкы соодасын тейлеп, ошол себептүү анын транзакциялары көп болуп жатканын билдирип келишет. Кыргызстанда катталган компаниялар да санкцияга илешти.
Бир жылда бештикке кирген стейблкоин
Рублге байланган А7А5 криптовалютасынын жаңы секириги жөнүндө бул ирет Forbes басылмасы жазып чыкты. Медиа бул каражат түзүлгөнүнө жыл айланбай жүгүртүүсү боюнча дүйнөдөгү эң ири криптовалюталардын катарына киргенин билдирүүдө.
“Tronscan.org сервисинин маалыматтарына ылайык, А7А5 стейблкоини TRON блокчейн-түйүнүндө соода көлөмү боюнча кээ бир күндөрү USDT’ден кийинки эле экинчи орунга чейин чыгып барууда, башка күндөрү болсо эң алдыңкы бештиктен ылдый түшүп калууда. Ошол эле маалда долларга байланган USDT’нин соодаланган көлөмү ондогон эсе көп, ал эми А7А5’ге суроо-талап кайталанма мүнөзгө ээ”, – деп жазды Forbes.ru сайтынын журналисти Елена Рузлева.
Ачык булактардагы маалыматтарга таянсак, USDT’нин капитализациясы 184-190 млрд долларды түзөт. Ал эми A7A5 токенинин капитализациясы 535 млн долларга чейин жетүүдө.
Экономист Кубан Чороев блокчейнди мындайча түшүндүрө кетти:
“TRON деген бул ошол криптовалюта жайгашкан блокчейн-түйүн. Binance, Solana, Ethereum жана башка нерселердин баары түйүн же тармак деп аталат. Булар блокчейн инфратүзүмү же платформасы. Дүйнөдө миңдеген криптовалюталар бар. Алар канча көлөмдө транзакция болуп жатканы мына ошол блокчейн тутумунун ичинде көрүнүп турат. A7A5 токени, демек, мына ошонун ичинен TRON деген блокчейндин ичинде жүгүртүүгө чыгарылган экен. Жөнөкөй түшүндүрөлү, кадимки эле банктан акча которгондо ал бир банктан экинчи банкка, андагы корреспонденттик эсепке барып түшөт. Ал толук көзөмөлдөнөт жана күмөндүү жагдайлар болсо аны бийлик өкүлдөрү бөгөттөп коё алат. Ал эми криптовалюта банктык операциялардан тышкары, блокчейндин ичинде жүгүртүлгөн үчүн кызыкдар тараптар ошол инструментти колдонууда”.
Секириктин сыры жана санкциядан буйтоо
Кеп болуп жаткан токенди алгач былтыр июнь айында Financial Times басылмасы жазып чыккан. Медиа ошол жылдын февралында Кыргызстандын аймагында Grinex аттуу криптобиржа уюшулганын, анда рублге теңме-тең байланган A7A5 аттуу стейблкоин жүгүртүүгө чыгарылганын баяндаган.
Эл аралык басылма өз иликтөөсүндө криптобиржа санкциялардан буйтоо үчүн Орусиядан Кыргызстанга жер которгонун, анын артында күмөндүү иштерде аты аталган молдовалык ишкер Илан Шор турарын билдирген.
Шор Молдовада банктык алдамчылык менен 1 млрд долларды уурдоого айыпталып, 15 жылга соттолгон жана 2019-жылы үй камагынан качып чыгып, кийин орус жарандыгын алган олигарх. Молдованын бийлиги 2024-жылы Шорго ага чейинки шайлоолордогу добуш сатып алуу боюнча да кине койгон, өзү бул айыптоолорду четке кагып келет.
Financial Times өз изилдөөсүндө белгилегендей, Grinex криптобиржасы жана анда айланып жаткан токен Батыш өлкөлөрүнүн санкцияларына кабылган Орусияга кирген-чыккан каржы агымдарын тейлөөгө багытталган. Жөнөкөй түшүндүргөндө, чет өлкөгө акча которууну каалагандар так ушул инструменттерди колдонууда. Себеби Орусиянын көп банктары банктар арасындагы акча которууну камсыз кылган SWIFT глобалдык системасынан өчүрүлгөн.
Forbes басылмасы да мына ушул нерсени белгилеп, юридикалык жана финансылык кызмат көрсөткөн Digital & Analogue Partners мекемесинин адиси Юрий Брисовдун пикирин мындайча келтирди:
“А7А5 стейблкоинин алып-сатуу заматта жогорулап, заматта кайра төмөндөп турат. Мындай нерсе тышкы соода төлөмдөрүн аткарган эсеп-кысап операциялары менен байланыштуу. Санкциядан улам алар кадимки банктык каналдарды пайдалана алышпайт. Криптовалюта аркылуу эсептешүү бүткөндө аны алып-сатуу да токтойт. Бул криптовалютаны соодалоо эмес, акчаны сыртка чыгаруу же киргизүү. Бул ачыктан ачык эле санкциялардан кыйгап өтүү, ал болгону стейблкоинге оролгон. Болбосо бул криптовалютанын эч кандай экономикалык же инвестициялык баалуулугу жок, эл аралык каржы системасында келечеги жок”.
Financial Times басылмасынын журналисттери Grinex’теги капчыктарды жана алып-сатууларды анализдөөнүн жыйынтыгында биржа ачылгандан кийинки төрт ай аралыгында анда 9 млрд 300 млн долларлык токен айлантылганын санап чыгышкан.
“Азаттыктын” бир нече кызматы биргелешип жасаган 2025-жылдын декабрындагы иликтөөдө болсо A7A5 криптовалютасы менен жүргүзүлгөн операциялардын көлөмү 79 млрд долларга жеткени эсептелген.
Elliptic деп аталган блокчейндерди анализдөөчү эл аралык компаниянын соңку маалыматтарында айтылгандай бир жылдык сумма мындан да ашты:
“A7A5 транзакцияларды ачык-айкын көрсөткөн коомдук блокчейндердин ичинде – Ethereum жана TRON платформаларында жүгүртүлөт. Чыгарылгандан бир жылга жетпеген убакта A7A5’тин бардык транзакцияларынын көлөмү 100 миллиард доллардан ашты”, – деп белгиленет каржылык борбордун изилдөөсүндө.
Мындай караганда стейблкоиндин кожоюндары өздөрү деле алардын каражаты Орусиянын экспорттук-импорттук операцияларын тейлеп жатканын төгүндөбөйт. Айталы, Орусиянын тышкы соодасы 2025-жылы 697,3 млрд долларды түзсө, анын 10% алар аркылуу өткөнүн билдирүүдө.
A7A5 долбоорунун жетекчиси Олег Огиенко быйыл февралда Москвада өткөн FINCORE деп аталган форумда буларга токтолгон:
“Биздин А7А5 долларга байланбаган стейблкоиндердин 44% сегментин ээледи жана бул базардагы эң ири оюнчу болуп калы. Капитализация – 535 млн доллардан ашты. Жылдык операциялардын көлөмү 75 млрд долларды түзүүдө. Бул Орусиянын тышкы соодасындагы эсеп-кысап жүргүзүүдө 10% үлүш дегенди түшүндүрөт”, – деди ал.
Кыргызстанды тандоо себеби
Чуулуу криптовалюта жөнүндө маалымат чыгары менен “Азаттык” маселенин чоо-жайын иликтеп, айрым фактыларды өз алдынча аныктаган. Тагыраагы, Илан Шордун Орусиядагы А7 компаниясы Бишкекте “А7-Кыргызстан” аттуу компания ачып, “Олд Вектор” аттуу фирма аркылуу A7A5 аттуу токенди же стейблкоинди сатыкка чыгарганына күбө болгон.
A7a5.kg сайтындагы маалыматка ылайык, алар 100 млрд рублге тете стейблкоинди сатышкан.
“Олд Вектор” компаниясы (Old Vector, 311479-3301-OOO) мурдагы жылы 13-декабрда, ал эми “А7-Кыргызстан” компаниясы былтыр 17-январда Кыргызстандын Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн (312344-3301-ООО).
Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын адистери “А7-Кыргызстан” компаниясы лицензия алган-албаганын тактаган эмес, бирок “Олд Вектор” компаниясы токен чыгарууга уруксат алганын ырастаган.
“2025-жылдын башында “А7А5” стейблкоини – “Олд Вектор” жоопкерчилиги чектелген коомунун “А7А5” стейблкоини катары каттоого алынган. 1 стейблкоиндин номиналдык наркы 1 (бир) рубль”, – деп жооп берген Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы “Азаттыктын” катына.
Орусиялык компания эмне үчүн өз криптовалютасын Бишкекте каттап, Кыргызстанда жүгүртүүгө чыгарды? Адистер мунун себебин мыйзамдык база менен түшүндүрүшөт.
Кыргызстанда узак талкуудан кийин криптовалюта базарын көзөмөлдөө үчүн 2021-жылы “Криптовалюталарды жүгүртүү жөнүндө” мыйзам долбоору сунушталып, 2022-жылы ал “Виртуалдык активдер жөнүндө” деген аталыш менен кабыл алынган. Натыйжада Кыргызстанда криптовалютаны өндүрүү, жүгүртүү, алып-сатуу жана криптобиржа иштетүү мыйзамдаштырылган. Натыйжада өлкөдө криптобиржалар, криптовалюта алып-сатуучу жайлар жана криптовалюталар пайда болду.
Кайрадан экономист Кубан Чороевге сөз берели:
“Украинада согуш башталгандан кийин Орусиянын көп банктары санкцияга илинип калды. Банктар арасындагы акча которууну камсыз кылган SWIFT глобалдык системасынан өчүрүлдү. Натыйжада алар альтернативдик жолдорду карашты. Анан мына ушул A7A5 стейблкоинин ишке киргизишти. А эмне үчүн Кыргызстанда ачышты? Анткени Кыргызстанда криптовалюта жөнүндө мыйзам кабыл алынып, санариптик активдерди жүгүртүүгө толук уруксат берилди. Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) ичинде Кыргызстандын мыйзамы эң прогрессивдүү деп саналат. Кайсы мамлекетте ыңгайлуу мыйзамдар болсо инвестиция ошол жакка качат”.
Санкциялар жана кесепеттер
Кантсе да, Батыш өлкөлөрү Орусиядан сырт катталса да бул өлкөнүн экспорт-импортун тейлөөгө аралашып жаткан күмөндүү компанияларга, анын ичинде криптовалюта иштеткендерге да экинчи деңгээлдеги санкцияларды салып келет.
Орус тарапка көмөктөшкөнү үчүн Кыргызстандагы компанияларга 2023-жылы май айында биринчи жолу санкция салынды. 2026-жылдын башына карата 28 кыргызстандык компания АКШнын, Улуу Британиянын жана Европа Биримдигинин “кара тизмесине” кирди.
28 компаниянын 14ү санкциялык товарларды Орусияга жеткирүүгө айыпталса, 4 компания акчаны адалдоо жана алтынды мыйзамсыз сатууга байланыштуу, 2 компания Орусиянын мунай компанияларынын туунду ишканалары катары илешти.
Кыргызстандагы 4 банк Орусияга финансылык кызмат көрсөтүүгө, анын ичинде криптоактивдерге байланыштуу көмөктөшкөн деп шектелүүдө. Калган 4 компания – “Олд Вектор”, “Гринекс”, “ТенгриКоин” жана “КИФИКО” түздөн-түз криптовалюталарды чыгарууга жана аны санкциядан кыйгап өтүүгө пайдаланууга айыпталууда.
“Кеңири кесепеттер жөнүндө да айта кетиш керек. Мындай схемаларды колдонуу криптовалюта чыгарган кайсы бир жактарга эле эмес, өзүнчө юрисдикция катары Кыргызстандын кадыр-баркына да шек келтирет. Мындай инфратүзүмдү колдоно берүү бул өлкөнү FATF (Кылмыштуу жол менен табылган акчанын изин жашырууга каршы күрөш чараларын иштеп чыгуу тобу) өкмөттөр аралык уюмдун "боз тизмесине" же "кара тизмесине" киргизиши мүмкүн. Бул Кыргызстандын жалпы эле каржы тутумуна сокку урат” – деди Digital & Analogue Partners мекемесинин адиси Юрий Брисов Forbes басылмасына.
Айткандай эле, үч жылдан берки чаралар жеке компанияларга гана салынып келсе, быйыл январдын аягында Европа Биримдиги Кыргызстандын өзүнө – мамлекет катары санкция салууну караштырып жатканы ачыкка чыкты. Кыргыз бийлиги дароо диалогго чыгып, Еврошаркеттин өкүлдөрүн сүйлөшүүгө чакырды.
Европа Биримдигинин санкциялар боюнча атайын чабарманы Дэвид О'Салливан февралдын аягында Бишкекке келип, Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев баштаган аткаминерлер менен жолукту. Тараптар сүйлөшүүдө кыргыз банктарын санкциядан чыгаруу планын иштеп чыгууну макулдашканы белгилүү болду.
Кыргызстандын бийлиги жеке компанияларга колдонулган чараларды кескин айыптап, айрыкча банктарга салынган санкцияларды кайра алууну талап кылып келет. Президент Садыр Жапаров былтыр Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясындагы сөзүндө банктарды кара тизмеден чыгарып, санкцияларды алууга чакырган.
Расмий Бишкек башынан тартып эле Кыргызстан санкциялык товарларды, анын ичинде курал-жарактарды же ага жакын жабдууларды ташууга чектөө койгонун, талаптарды бузбоого аракет кылып жатканын белгилеп келет.
Эгерде Кыргызстандын башка криптовалюталары же банктары санкцияга түшүп калса кантет? Бул суроого экономист Искендер Шаршеев мындайча жооп берди:
“Негизи фиаттык, же болбосо, Финансылык тескөө кызматы каттаган санкция салса болот, аларга аталган орган өзү да чара көрө алат. А калган криптовалюталарга санкция салуу үчүн колдонуучулардын болгон криптокапчыктарына, калктын уюлдук телефондоруна кириш керек болуп калат. Бул эл аралык деңгээлде жүрчү кымбат операция, албетте, аны кылуу кыйын. Эгерде тескерисинче, Кыргызстанга санкция салып, банктарды SWIFT же Union Pay системаларынан өчүрүп, бүт транзакцияларга бөгөт коюп койсо, бул криптовалюталардын базарын кайрадан күчтөндүрөт. Анткени параллелдик финансылык система иштеп баштайт. Кыргыз банктары SWIFT’тен кетип, криптовалюталык биржалар менен иштеп баштайт. Экономикабыз бир аз басаңдайт, бирок кайра жаңы рельске өтүп кетет. Кийин биздин банк системасын SWIFT’ке кайтаруу кыйын болуп калат. Мисалы, Кытай же Катар сыяктуу мамлекеттер ушундай шарт менен иштейт”.
Украинадагы согуштун төрт жылдыгына карата санкциялардын 20-пакети, башкача айтканда, Кыргызстанга салынышы мүмкүн болгон чара камтылган документти Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери 23-февралдагы жолугушууда карады. Бирок Венгрия менен Словакиянын министрлеринин каршылыгы менен документ кабыл алынбай калды. Пакет качан жактырылары белгисиз.
Криптовалюта жана анын түрлөрү
Криптовалюта бул – блокчейн технологияларынын негизинде иштелип чыккан жана интернетте гана жүгүртүлгөн санарип акча. Анын бир нече түрү бар.
Биринчи түрү – монета. Ал эч бир банктык системага жана мамлекеттик валюталарга байланган эмес. Бул топко биткоин (Bitcoin), опекс (Opex), риппл (Ripple), лайткоин (Litecoin) сыяктуу монеталар кирет.
Экинчи түрү – токен. Бул бар монеталардын блокчейнин пайдалануу менен иштелип чыккан жана ошол платформалардын ичинде жайгашкан валюталар. Solana (SOL), Tether (USDT), XRP, Binance Coin (BNB), Tron (TRX) жана башкалар токен болуп саналат.
Ошол эле токендин өзүнүн да үч тиби бар. Анын бири – стейблкоин (stable – стабилдүү, coin – монета). Булардын наркы кадимки акчанын курсуна же алтын, мунай, дан сыяктуу товарлардын биржалык баасына байланат. Алар кымбаттаса кымбаттап, арзандаса баасы түшүп турат.
Мисалы, Британиянын Виргин аралдарында катталган – эң популярдуу стейблкоин USDT АКШ доллары менен 1:1 эсебинде бааланат. Ал эми Кыргызстанда катталган A7A5 токени Орусиянын рублине теңме-тең байланган стейблкоин.
Шерине