Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Февраль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:18

Дэвид О'Салливан: Евробиримдиктин санкцияларын кыргыз өкмөтү менен талкуулап жатабыз

Европа Биримдигинин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О'Салливан
Европа Биримдигинин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О'Салливан

Европа Биримдигинин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О'Салливан Бишкекке келди. 26-февралда ал "Азаттыкка" маек курду. Украинадагы согуштун төрт жылдыгына карата Еврошаркет санкциялардын 20-пакетинин алкагында Кыргызстанга да чара көрүүнү карап жатканы ачыкка чыккан.

- Өткөн айдын аягында Европа Биримдиги Украинадагы согуштун төрт жылдыгына карата кабыл алганы жаткан санкциялардын 20-пакетинде Кыргызстанга санкция салууну караштырып жатканы ачыкка чыккан. Буга чейин жеке компанияларга чара колдонулуп келсе, мында мамлекеттин өзүнө санкция салуу жөнүндө кеп болуп атабы? Эгер ошондой болсо анда буга эмне негиз болду?

- Биз, Европа Биримдиги Кыргызстан менен көп жылдан бери өнөктөш болуп иштешебиз. Бизде 3 млрд еврону түзгөн өнөктөштүк келишимине кол коюлган, анын ичинде Кыргызстанга субсидия берип, ар кандай долбоорлорду ишке ашырып келатабыз. Бирок өзүңөр билгендей, Орусиянын Украинага каршы согушуна мына беш жылга кетти. Ошол согушка байланыштуу биз санкциялардын 20-пакетин караштырып жатабыз. Негизи санкциялар Кыргызстандын өзүнө эмес, Кыргызстандагы мекемелерге, банктарга салынган. Аларды карап жатканда ошол мекемелер биздин санкциялардан буйтап өтүү же кандайдыр бир качуу аракетин Орусия менен бирге көрүп жатканы үчүн койгонбуз. Бул санкциялар бизге өзүбүздүн коопсуздугубузду сактоо үчүн курал болуп келет.

- Кыргызстанга санкция салуу жөнүндө маалымат чыкканда эле президент Жапаров баш болгон бийлик өкүлдөрү дароо жооп берип, буга негиз жоктугун, Бишкек санкцияларды бузбаганга аракет кылып жатканын билдирген. Сиз бул сапарыңыздын жүрүшүндө Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү менен жолуктуңуз. Бул боюнча кыргыз тарап кандай жүйө келтирди? Сиздерди ынандырдыбы?

- Биз Кыргызстандын эгемендигин, көз каранды эместигин урматтайбыз. Бирок биз санкцияларды өз коопсуздугубуз үчүн киргизгенбиз. Финансылык мекемелер криптовалюта аркылуу санкциядан кандайдыр бир буйтап өтүү аракетин жасаган, санкциялар ошону изилдеп, аныктагандан кийин жарыяланган. Жаңы 20-пакетке дагы эки санкция киргизүү маселесин карап, сүйлөшүү жүргүзүп жатабыз, келген себебим да ошол боюнча талкуу жүргүзүп, өзүбүздүн түшүндүрмөбүздү берип жана Кыргызстандын аргументтерин угуу. Мен айткан эки товар (электроника жана учкучсуз аппараттарга байланыштуу) Кыргызстан аркылуу реэкспорт болуп Орусияга кетет экен, ошону аныктадык. Албетте, биз Кыргызстан менен Орусиянын тыгыз байланышын эске алабыз, кыргызстандык көп жарандар Орусияда иштейт, мигрант болуп жүрөт, көп каражат кыргыз экономикасына келет. Аны биз, албетте, эске алабыз.

- Менимче, кыргыз бийлигинин эң башкы жүйөсү – “Кыргызстан Орусия менен экономикалык жактан өтө тыгыз чырмалышкан, ошондуктан алар менен сооданы таптакыр токтото албайбыз” дегени болууда. Чын эле, Кыргызстандын тышкы соодасында Орусиянын үлүшү 20-25% түзөт. Анын ичинде Бишкектин импорту көп, мисалы, кээ бир товарларды – күйүүчү майды, газды же башка нерселерди дээрлик баарын Орусиядан алат. Сиздер Кыргызстанга чара колдонууда мына ушул нерсени эске аласыздарбы?

- Албетте, эске алабыз. Биз киргизип жаткан санкциялар Орусияда же Кыргызстанда өндүрүлгөн продукцияга эч тиешеси жок. Биз, санкцияларды болгону эле Европанын коопсуздугу үчүн салып жатабыз.

- Биз билгенден Европа Биримдигиндеги өлкөлөр жана АКШ, Улуу Британия сыяктуу мамлекеттер экинчи деңгээлдеги чаралар алкагында кеминде 25 кыргызстандык компанияга санкция салды. Анын ичинде бир нече банк да бар. Евробиримдик дагы бир нече кыргыз банкына санкция салууну караштырып жатканы маалымдалган. Бул дагы улана береби? Токтотуунун жолу жокпу?

- 20-пакет кабыл алына элек, бирок каралып, талкууланып жатат. Ал санкциялар Кыргызстандын өзүнө эмес, Кыргызстандагы компаниялар биз киргизген санкциялардан буйтап өтүүгө байланышы болгон учурда киргизилет. Ал компаниялар санкциялык тизмеге кирип калбашы үчүн биз кыргыз өкмөтү менен талкуу жүргүзүп жатабыз. Европада өндүрүлгөн продукция Украинага зыян алып келбеши үчүн, согшука салып кошпошу үчүн санкция киргизилүүдө.

- Кыргызстандын бийлигин кыргыз банктарына салынган санкциялар көбүрөөк кабатыр кылууда. Президент Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында да аларды кара тизмеден чыгарып, санкцияларды алууга чакырган. Кыргыз банктары Орусияга санкциядан буйтоосуна кантип жардам берип жатат? Алар эмне кылганда санкциядан чыгарылат?

- Биз Кыргызстан менен болгон азыркы өнөктөш мамилебизди урматтайбыз. Менин бул жакка келген себебим да кыргыз өкмөтү менен ошол сүйлөшүүлөрдү улантып, кандайдыр бир тыянакка келүү. Анткени санкция киргизер алдында биз себеби тууралуу Кыргызстанга түшүндүрмө беребиз, талкуу жүргүзөбүз. Азыркы учурда да ошондой сүйлөшүү жүргүзүп жатабыз.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG