Жастин Сан Чжаонун шакирти. Кыргызстан жакында эле анын аянтчасында өз криптовалюталарын жүгүртүүгө чыгарган. TRON тутумунда мындан сырткары орусиялык олигарх Кыргызстанда каттаган санариптик акча да айланат.
Жастин Сандын сапары
Президент Садыр Жапаров TRON блокчейн-платформасынын негиздөөчүсү Жастин Сан менен 18-апрелде кездешти. Жолугушууда Кыргызстанда виртуалдык активдерди жана блокчейн-технологияларын өнүктүрүү тууралуу кеп болду.
Жапаров бир жыл мурда Кыргызстан өзүнүн жеке көзөмөлү астында иштеген Виртуалдык активдер жана блокчейн технологияларын өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш түзүлгөнүн белгиледи. Мамлекет башчы анын алкагында Binance криптобиржасы менен кызматташуу жемишин берип жатканын айтып, эми TRON аянтчасы менен иштешүүдөн да көптү үмүттөнөрүн белгиледи:
“Жумушка Binance’тин негиздөөчүсү Чанпэн Чжао баштаган Глобалдык эксперттер кеңешинин катышуусу бизге эл аралык жөнгө салуучу жана технологиялык тажрыйбаларды жеткиликтүү кылат. Бир жылга жетпеген убакыт ичинде Улуттук кеңеш жана анын катчылыгы эбегейсиз секирик жасашты. Биз жогорку мамлекеттик деңгээлде бир нече жыйын өткөрдүк, анда рынок талап кылган: улуттук стейблкоинди ишке киргизүү, борбордук банктын санариптик валютасын (CBDC) сыноо жана пилоттук режимдерди киргизүү чечимдери кабыл алынды. Биздин ачык саясат ири технологиялык компанияларды, дүйнөлүк алдыңкы эксперттерди өлкөбүзгө тартууда. Сиздин бүгүнкү сапарыңыз да биз туура багытта баратканыбыздын айкын далили”.
Жапаров Кыргызстанды Борбор Азияда виртуалдык активдердин жана Web3 технологияларынын аймактык хабына айлантуу максаты бардыгын ачыктады.
Жастин Сан Кыргызстанда виртуалдык активдер рыногун өнүктүрүүдө чоң потенциалды көрөрүн белгиледи.
TRON блокчейн-платформасынын негиздөөчүсү кеңири презентация жасап, анда алдыңкы эл аралык криптовалюталык биржалардын бири болгон HTXтин иштөө принциптерин жана негизги көрсөткүчтөрүн, ошондой эле TRON платформасынын өзүнүн экосистемасын тааныштырды.
Ал ошондой эле Кыргызстанда виртуалдык активдер чөйрөсүндө ишмердүүлүк жүргүзүүгө лицензия алуу планын айтты:
“Урматтуу президент, сиз блокчейнден кабардар экениңизди жана бул идеяга абдан кызыгарыңызды көрүп, өтө таасирлендим. Атүгүл биз көрсөткүбүз келип жаткан TRON жана HTX долбоорлорубузду жакшы билет экенсиз. Биз Кыргызстандын бул жаатта хаб түзүү аракеттерин толук колдойбуз. Биз криптотехнологиялар жаатында изилдөө иштерин эле жүргүзбөй, Кыргызстанга криптоборборлорду түзүүгө салым кошкубуз келет. Келечекте бул мүмкүнчүлүктү колдонгубуз келет жана Кыргызстан блокчейндин эле эмес, жасалма интеллекттин жана ага байланыштуу программалардын да хабы боло алат”, – Жастин Сан.
Жапаров Санды андан ары "Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркында коноктоп, этно-маданий программа менен тааныштырды.
Эки миллиардер, бир олигарх
Кыргызстандын президенти 2025-жылдын май айында дүйнөдөгү эң ири криптобиржа – Binance компаниясынын негиздөөчүсү, кытай-канадалык ишкер Чанпэн Чжаону Бишкекке чакырып, куду эле ушундай коноктогон. Виртуалдык активдер жана блокчейн технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш түзүлүп, анын биринчи жыйналышына Чанпэн Чжао да катышкан. Жапаров Чжаону өзүнө кеңешчи кылып бекитип, атайын күбөлүк ыйгарган. Андан бери аны менен бир нече ирет сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Бул аралыкта Кыргызстанда беш-алты криптовалюта катталды. Кыргыз бийлиги Чжаонун көмөгү менен долларга байланган USDKG жана сомго байланган KGST аттуу криптовалюталарды жасап, аны дал ушул TRON блокчейн-платформасында жүгүртүүгө чыгарып, Binance биржасында сатыкка койду.
Эгер жөнөкөй түшүндүрсөк, блокчейн-платформа - бул бир буюмду жасаган устакана, ал эми криптобиржа аны саткан дүкөн. Же криптовалютаны мал деп эсептесек, блокчейн-платформа ал малды кармаган сарай, ал эми криптобиржа мал базар.
Экономист жана финансист Кубан Чороев мындай дейт:
“Бүгүнкү күндө дүйнөдө негизги стейблкоин болуп эсептелген USDT 60% мына ушул TRON тармагында жүгүртүлөт. Жастин Сан болсо криптовалюта жана блокчейн индустриясында таасирдүү 10 адамдын катарына кирет. Бул тармак жаш болгондуктан, анда мына ушундай технологиялык лидерлер бар, анын ичинде Сандын да орду бар. Менимче, бул жөн эле пиар сапар эмес, себеби Кыргызстан чыгарып жаткан USDKG стейблкоини дал ушул тармакта иштөөдө. Кыргызстан криптовалюта тармагында Өзбекстанга жана Казакстанга салыштырмалуу ачык-айкын саясат жүргүзүп жатат да. Анткени, ким катуу аракет кылса, ошол утушка чыгат. Алдыдагы үч-төрт жылдын ичинде биз криптовалютаны жана блокчейн системасын кадимки WhatsApp, Facebook, Telegram’ды колдонуп жаткандай эле колдонуп калабыз”.
- Чанпэн Чжао Кытайда туулган, бирок ата-энеси Канадага көчүп барып, ошол жакта отурукташып калган. 2017-жылы Binance криптобиржасын негиздеп, жарым жылдын ичинде Forbes’тун миллиардерлер тизмесине кирген. Bloomberg басылмасынын маалыматтарына таянсак, Чанпэн Чжаонун байлыгы 2023-жылы 23 млрд доллар деп кабарланса, 2025-жылы 90 млрд доллардын тегерегинде деп бааланган.
- Жастин Сандын түбү да кытайлык. Өзүн Чжаонун шакирти деп тааныштырат. Ал дагы 2017-жылы TRON блокчейн-платформасын негиздеп, ошондон байыган. Bloomberg басылмасы жазгандай, Сан мындан сырткары 2018-жылы BitTorrent жана 2022-жылы HTX криптовалюталык аянтчаларын да сатып алган.
Ал интернетте адаттан тыш жүрүштөрү менен да белгилүү. Айталы, 2019-жылы миллиардер Уоррен Баффет менен түшкү тамакка 4 млн доллар төлөп аты чыкса, 2024-жылы дубалга чапталган банандан турган картинаны 6,2 млн долларга сатып алып, элдин көзүнчө жеп, талкуу жараткан. Forbes Жастин Сандын байлыгын 8,5 млрд деп эсептейт.
Баса, Молдовадан качып чыгып, орус жергесинде жашап жүргөн олигарх Илан Шор Кыргызстандын аймагында Grinex аттуу криптобиржа уюштуруп, Бишкекте рублга теңме-тең байланган A7A5 аттуу стейблкоин жүгүртүүгө чыгарганы коомчулукка маалым. Шордун криптовалютасы да дал ушул Жастин Сандын TRON блокчейн-платформасында жүгүртүлөт. A7A5 криптовалютасы ачылган бир жыл ичинде 100 млрд долларлык сумманы айлантты.
Жарандык активист жана экономист Марат Мүсүралиев "Азаттыкка" берген комментарийинде буларга токтолду:
“Мен колдогондордун жана күмөн санагандардын экинчи тобундамын. Анткени, бул платформанын Илан Шор менен байланышы эле көп суроолорду пайда кылууда. Шор өз мамлекетинде, Молдовада “шылуундук” жана “көз боёмочулук” үчүн соттолгон. Мурдагы президенттеринин биринин тушунда миллиарддаган доллар акчаны сыртка чыгарууга шектелип, айыпталган адам. Билишимче, Европага кире албайт. Орусияда жана бизде, Кыргызстанда иш кылып жүрөт. Чоң кызматтагы адамдардын аны менен байланышы тууралуу сөздөр чыгып келет. Айрым мамлекеттик кызматкерлер Илан Шордун учактарын колдонот деген маалыматтар бар. Криптовалюта жаңы технология, бирок анын кооптуу жактарын да караш керек. Ал жөн эле виртуалдуу акча, ага талап болуп жатканы үчүн баасы өсүп жатат, бирок суроо-талап болбосо, анын баасы түшүп кетиши мүмкүн. Криптовалюта деп мода кылып, артынан кууп албай, абайлаш керек”.
Financial Times басылмасы жана башка медиалар Grinex аттуу криптобиржасы жана анын A7A5 аттуу стейблкоини Москвага салынган санкциялардан буйтоо үчүн Орусиядан Кыргызстанга жер которгонун маалымдаган.
Батыш өлкөлөрү Орусиядан сырт катталса да бул өлкөнүн экспорт-импортун тейлөөгө аралашып жаткан күмөндүү компанияларга, анын ичинде криптовалюта иштеткендерге да экинчи деңгээлдеги санкцияларды салып келет. Орус тарапка көмөктөшкөнү үчүн Кыргызстандагы 28 компанияга санкция салынса, анын төртөө түздөн-түз криптовалюталарды чыгарууга жана аны санкциядан кыйгап өтүүгө пайдаланууга айыпталууда.
Шерине