Европа Биримдиги (ЕБ) Орусияга каршы санкциялардын 20-пакетине Кыргызстандагы “Керемет Банк”, “Капитал Банк” жана “ТенгриКоин” компаниясын да киргизүү сунушун берди. Аталган банктарга криптоактивдер жана төлөм системалар жаатында кызмат көрсөтүп, Орусиянын Украинага каршы согушун колдогон деген кине коюлган.
“ТенгриКоин” жабык акционердик коому Meer платформасы аркылуу А7А5 стейблкоинин сатууга активдүү катышканы, Орусиянын мамлекеттик “Промсвязбанкы”, А7 жана “Старый вектор” компаниялары менен кызматташканы айтылган.
Буга чейин АКШ, Европа өлкөлөрү баштаган ири мамлекеттер даректүү чечимдер аркылуу Кыргызстандагы 25тен ашуун компанияга санкция салган. “Керемет Банкка”, “Капитал Банкка” буга чейин Орусия менен күмөндүү схемаларга катышкан деген негизде АКШ жана Улуу Британия санкция жарыялаган болчу.
“ТенгриКоин” компаниясы 2024-жылдын декабрында түзүлүп, дароо эле Мамлекеттик финансылык көзөмөл агенттигинин реестрине кирген. 2025-жылы Орусиянын Промсвязбанкы” менен олигарх Илан Шорго байланыштуу А7А5 стейблкоини менен активдүү иштегени үчүн Кыргызстанда катталган Grinex криптобиржасы АКШнын санкциясына кабылган.
ЕБ мындан тышкары Кыргызстанга чара көрүү сунушун да киргизген. Расмий документтин долбооруна караганда, Кыргызстанга компьютерлердин санарип башкаруу (CNC) станокторун жана радиоэлектрондук жабдууларды сатууга тыюу салынышы ыктымал. Бул санкциялар менен Кргызстанга алгачкы жолу товар сатууга бөгөт коюлганы турат.
Брюссел өлкөгө импорттолгон кош максаттагы айрым товарлар санкцияларды буйтап өтүп, Орусияга реэкспорттолушу мүмкүн деп чочулайт.
Шаркеттин документинде соода статистикасына таянып айтылгандай, былтыркы жылдын алгачкы он айында Кыргызстанга Евробиримдиктен импорттолгон санкция салынган кош максаттагы жогорку технологиялык товарлардын көлөмү Украинадагы согуш баштала электеги мөөнөт менен салыштырганда дээрлик 800% ашкан. Ошол эле маалда товарлардын Орусияга болгон экспорту 1200% көбүрөөк болуп чыккан.
Президент Садыр Жапаров 2025-жылы сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө Батыш өлкөлөрүнөн кыргыз банктарын тез арада санкциядан чыгарууну талап кылган. Кыргыз бийлиги Орусияга каршы салынган санкцияларды кыйгап өтүү боюнча кыргызстандык банктар менен компанияларга коюлган дооматтарды четке кагып келет.
“Капитал Банк” 1994-жылдан бери иштеп келет. Алгач “Акыл Банк” деген аталыш менен иштесе, 2012-жылы аны Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты маркум Чыныбай Турсунбековдун жакындары сатып алып, аталышын өзгөрткөн. 2024-жылы Чыныбай Турсунбековдун балдарына кылмыш иши козголгон учурда банк мамлекеттин карамагына өткөн. “Капитал Банк” Кыргызстанда рубль менен операцияларды жүргүзө турган жалгыз эсептик банк деп жарыяланган. (KbA)
Шерине