Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:21

Украина: Дрон чабуулунан адамдар жараат алды, энергетикада абал оор экени эскертилди

Украина
Украина

10-февралда Украинанын Запорожье облусундагы Вольнянск шаарында орусиялык дрондордун чабуулунан төрт адам жараат алганын аймактык аскер администрациясынын башчысы Иван Федоров билдирди.

«Орусиялыктар Вольнянск шаарына дрон менен кол салышты. Жеке үйлөр жана чарбалык имараттар жабыркады. Эки аял, бир эркек киши жана эки жашка чыга элек бир бала жараат алды», — деп жазды ал Телеграм баракчасына.

Орус аскерлери 10-февралга караган түнү Украинанын Харьков шаарынын Шевченко районуна «Молния» деп аталган учкучсуз учактар менен чабуул койгонун жергиликтүү бийлик маалымдады.

«Сокку турак үйлөрдөн анча алыс эмес жерге урулгандыктан бир нече автомобиль зыянга учурады, беш кабаттуу үйдүн айрым терезелери талкаланды», — деп жазды Телеграм каналына шаар мэри Игорь Терехов.

Облустук аскердик администрация башчысы Олег Синегубов талкаланган машиналар экөө экенин билдирди.

Херсонда Орусиянын дрон чабуулунан адамдар жараат алды, арасында өспүрүм бар. Шаардын Днепровский районунда 14 жаштагы бала жана 40 жаштагы киши жабыркаганын калаанын аскердик администрация башчысы Ярослав Шанько кабарлады.

«Өспүрүм бала жарылуудан көкүрөгүнөн, эркек иши бутунан жараат алды. Экөөнө тең сынык тийген», — деди ал.

Ал тапта Украинада энергетикалык объектилердин жабыркашынан улам электр энергиясы менен камсыздоодо чектөөлөр уланып жатканын, 10-11-февраль күндөрү да оор болорун энергетика министри Денис Шмыгаль эскертти. Буга Орусиянын энергетикалык объектилерди бутага алып жатканы, абанын температурасынын төмөндүгү негизги себеп экени белгиленүүдө. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG