Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:19

Кыргызстан–Франция түз авиакаттамын ачуу мүмкүнчүлүгү каралууда

Манасбек Самидинов жана Николя Фай.
Манасбек Самидинов жана Николя Фай.

Кыргызстан Франция менен түз авиакаттамдарды ачуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” мамлекеттик ишканасынын директору Манасбек Самидиновдун Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Фай менен жолугушуусунда айтылды.

Эгер иш оңунан чыкса каттамдарды француз авиакомпаниялары ишке ашырат деп пландалууда. “Кыргызстан аэропорттору” ишканасы эл аралык маршруттарды кеңейтүүгө жана өнөктөштөр менен иштешүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Бирок Кыргызстан азырынча Европа Биримдигинин авиациялык “кара тизмесинен” чыга элек. Буга чейин Жарандык авиация агенттигинин директорунун орун басары Канат Төлөгөнов Кыргызстандын авиациясы 2026-жылдын май айында “кара тизмеден” чыгарылат деп күтүлүп жатканын айткан.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстан 2023-2024-жылдары Жарандык авиация эл аралык уюмунун (ИКАО) аудитинен ийгиликтүү өткөн. Президент Садыр Жапаров да өлкөнү Европа Биримдигинин авиациялык “кара тизмесинен” чыгаруу иши аяктап калганын билдирген.

Кыргызстандык авиакомпаниялар “эл аралык нормаларга дал келбейт” деген жүйө менен 2006-жылы Евробиримдиктин “кара тизмесине” кирген. Андан чыгуу аракети жөнүндө көп сөз болгону менен маселе оң жагына чечиле элек.

Буга чейин Кыргызстандын авиакомпаниялары Бишкектен Лондон, Бирмингем, Франкфурт, Мүнхен, Ганновер, Гамбург, Штутгарт жана Амстердам өңдүү шаарларга түз учуп турган. Азыр адамдар Европа өлкөлөрүнө көбүн эсе Түркия аркылуу учат. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG