Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:19

Нарын шаарынын мурдагы мэри Кеминге аким болуп дайындалды

Канболот Тутуев.
Канболот Тутуев.

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кутпидин Шакиров өзү жазган арыздын негизинде Чүй облусунун Кемин районунун акими кызматынан бошотулду.

Мамлекет башчы башка тескемеси менен Канболот Тутуевди Кеминдин акими кылып дайындады.

44 жаштагы жаңы аким Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Насирдин айылында төрөлгөн. 1999-2004-жылдары ОшМУнун философия жана башкаруу технологиясы факультетинде “Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу” адистиги боюнча окуган.

Эмгек жолун 2006-2007-жылдары Ош облустук мамлекеттик администрациясында жетектөөчү адис болуп баштаган. Акыркы жолу 2022-жылы Нарын шаарынын мэри болуп дайындалып, бул кызматта 2025-жылдын июль айына чейин иштеген. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG