Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:50

АКШнын Сан-Диего шаарындагы мечитте үч киши атып өлтүрүлдү

Ок атылган мечит.  Сан-Диего, 18-май 2026-жыл
Ок атылган мечит. Сан-Диего, 18-май 2026-жыл

Калифорния штатында Сан-Диего шаарындагы мечитте 18-майда үч киши атып өлтүрүлдү. Бул тууралуу жергиликтүү полиция билдирди. АКШнын Федералдык иликтөө бюросунун (FBI) өкүлү кол салууга жек көрүү түрткү берген деген версия териштирилип жатканын айтып берди.

Шектүү катары каралып жаткан 17 жана 18 жаштагы эки өспүрүмдүн сөөгү көп өтпөй кылмыш болгон жерден алыс эмес турган машинадан табылды. Полициянын айтымында, алар өз жанын өздөрү кыйган болушу мүмкүн.

Калаанын полиция башчысы Скотт Уолдун айтымында, эртең менен ок ачкандардын биринин энеси суицид тууралуу ойлорго жакын баласы курал алып, шериги менен үйдөн качып кеткенин айтып телефон чалган.

Полиция аларды издөөгө киришкенде Ислам борборунда ок атылганы тууралуу маалымат түшкөн. Ал комплекске шаардагы эң чоң мечит кирет. Тартип коргоочулар ал жактан ок жеген үч кишинин сөөгүн тапкан.

Каза болгондордун бири Ислам борборунда иштеген кайтаруучу. Полициянын айтымында, ал кол салгандарга туруштук берүүгө аракеттенген жана бир топ кишинин өмүрүн сактап калды. Бир нече киши жарадар болгону кабарланды.

Маалыматка караганда, куралдардын биринде жек көрүүгө шыкактаган сөздөр жазылган. Андан тышкары өспүрүмдөрдүн бири калтырган катта расалык ар-намыс жөнүндө айтылган.

Сөз болгон борбордо ошондой эле араб тили, ислам таану жана куранды жаттоо сабактары окутулган мектеп жайгашкан. Кол салуу болгон учурда ал жакта балдар бар болчу. Алардын бардыгы эвакуацияланган.


Шерине

XS
SM
MD
LG