Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Чойбеков парламенттин 20-майдагы жалпы жыйынында Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын баасына байланышкан маселени көтөрдү.
Ал бензин, солярканын баасы 100 сомго чамалап калганын, бул дүйнөдөгү кырдаалга байланыштуу экенин, бирок Кыргызстан күйүүчү майды сатып алган мамлекеттер менен сүйлөшүү зарыл экенин айтты.
“Бензин, солярка кымбаттап башка товарлардын, азык-түлүктүн да баасы көтөрүлүп жатат. Өткөн жумада эле Адылбек Алешович “Кыргызстанда жакын арада баалар көтөрүлөт” деген божомол айтып, интервью берди. Биз баалар өсө турганын билип жатсак бул жаатта кандай иштер жүрүп жатат? Бензин, солярканын баасы биздин өнөктөштөргө байланыштуу, биз ага таасир эте албайт экенбиз. Бирок өнөктөштөр менен сүйлөшүп, бааны турукташтыруу аткаруу бийлигинин милдети деп эсептейм”, - деди ал.
Ушул күндөрү Кыргызстанда эл көп колдонгон АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин бир литри 84 сом 4 тыйын, АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 78 сом 9 тыйындан сатылууда.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 13-майда күйүүчү май ташуу жана сатууда айрым салыктар алынарын, бул боюнча токтомдор жакында жарыяланарын айткан.
Мунай ташуучулардын маалыматына караганда, күйүүчү майдын дүйнөлүк баасы акыркы убакта 25-30% кымбаттады. Орусия Украинага каршы ачкан согуштан улам кымбаттап келаткан мунай баасы Иранда согуш башталганы дагы жогорулады.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы эки жумада бир жолу бир сомго кымбаттай турганын билдирди. (BTo)
Шерине