Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:51

Ооганстан Орусияга эмгек мигранттарын жөнөтүүнү караштырууда

Москвадагы мигранттар. Иллюстрация
Москвадагы мигранттар. Иллюстрация

Ооганстан Орусияга эмгек мигранттарын жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн караштырууда жана Москва буга кызыгууда. Ооганстанда талибдердин өкмөтүндө соода жана өнөр жай министрлигин жетектеген Нуриддин Азизи ТАСС агенттигинин суроосуна жооп берип жатып, тил маселеси негизги тоскоолдук болгонун белгиледи.

“Буга карабай биз ал тоскоолдукту жоюунун үстүнөн иштеп жатабыз. Биргелешкен комиссия маселени чечүүгө аракеттенүүдө”, - деп айтты министр.

Акыркы маалда Орусия миграциялык саясатын катаалдаштырып, Мамлекеттик миграциялык саясат боюнча концепцияга жараша он миңдеген борбор азиялык жаранды өлкөдөн чыгарып келатат. Муну менен катар эмгек рыногун өзгөртүү жана алыскы чет өлкөлөрдөн жумушчуларды тартуу ишин активдүү жүгүзүүдө.

Буга чейинки маалыматка ылайык, иш берүүчүлөр Азия, Индия жана Африкадан квоталар менен көбүрөөк киши ала баштады.

Орус өкмөтү 2025-жылы Индиянын жарандарына 71,8 миң орун бөлүнгөнүн, виза талап кылынган өлкөлөр үчүн жалпысынан дээрлик 235 миң квота каралганын билдирген.

Орусия президентинин атайын өкүлү Борис Титов быйыл индиялык 40 миңден кем эмес эмгек мигранты келиши ыктымал деп айткан.

Анын айтымында, Индиянын жарандарына кызыгуу өсүүдө. Аларга 2022-жылы 8 миң кишиге иштөөгө уруксат берилсе, кийинки жылы 14 миңден көп, 2024-жылы 36 миңден ашкан.


Шерине

XS
SM
MD
LG