Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:07

“Регион” телеканалынын директору алмашканы белгилүү болду

“Регион” телеканалынын эн белгиси.
“Регион” телеканалынын эн белгиси.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге тиешелүү “Регион” телеканалынын кожоюну менен директору алмашты.

Юстиция министрлигинин атайын базасындагы маалыматка ылайык, “Регион” ушул жылдын 30-апрелинде кайра каттоодон өткөн. Министрликтин сайтындагы маалыматка караганда, расмий “АРТВ” деп аталган жоопкерчилиги чектелген коом 2019-жылдын 18-апрелинде каттоодон өткөн. Анда расмий дареги катары Жалал-Абад шаары көрсөтүлгөн болсо, азыр Бишкек шаары болуп өзгөргөн.

Каналдын мурдагы директору Өткүрбек Рахмановдун ордуна Замирбек Аманбаев жетекчи экени жазылган. Ал эми Өткүрбек Рахманов директордун орун басары болуп калган. Аталган коомдун кожоюну катары Жыргалбек Токторовдун аты көрсөтүлгөн.


Мурдагы документтер боюнча “АРТВга” Эрали Маматов кожоюн катары белгиленген.

“Регион” каналына директорлук кызматка жаңы келген Замирбек Аманбаев 2015-жылдагы парламенттик шайлоого “Азаттык” партиясынын тизмесинен 89-тизмеде талапкер болуп катышкан. Ал ошондой эле парламенттин мурдагы депутаты Акматбек Келдибековдун консультанты болуп иштеген.

Каналды буга чейин башкарып келген Өткүрбек Рахманов “Азаттыкка” каналдагы соңку өзгөрүүлөр күтүүсүз болгонун айтып, мындан ары редакциялык саясат өзгөрбөй турганын айтты.

Өткүрбек Рахманов Камчыбек Ташиевге жакын журналист. Ал акыркы саясий окуялар боюнча Камчыбек Ташиевдин атынан билдирүүлөрдү жарыялап келатат. “Регион” телеканалы атайын кызматтын мурдагы төрагасынын ишин баймай-бай чагылдырып турат. (KS/BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG