Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:19

Путин расмий сапар менен Кытайга барды

Владимир Путин жана Си Цзиньпин Бээжинде. 2026-жылдын 20-майы.
Владимир Путин жана Си Цзиньпин Бээжинде. 2026-жылдын 20-майы.

Орусиянын президенти Владимир Путин 19-майдын кечинде расмий сапар менен Кытайга барды. Сапар эки өлкөнүн ортосундагы Ынак коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндөгү келишимге кол коюлганынын 25 жылдыгына карата уюштурулганы маалымдалды.

АКШ президенти Дональд Трамптын Кытайга мамлекеттик сапарынан бир нече күн өткөндөн кийин башталып жаткан бул сапар дүйнөлүк коомчулуктун көңүл борборунда болууда. Трамп Кытайдын лидери Си Цзиньпин менен Орусиянын Украинага каршы согушун жана Тайвандын айланасындагы кырдаалды талкуулаган.

Сапар алдында Путин азыр "Орусия-Кытай мамилелери чындап эле болуп көрбөгөндөй деңгээлге жетти. Тыгыз стратегиялык байланыш дүйнөлүк аренада маанилүү, турукташтыруучу ролду ойнойт. Ошол эле учурда биз кимдир бирөөгө каршы дос болбойбуз, тескерисинче, тынчтыктын жана жалпы гүлдөп-өнүгүү үчүн иштейбиз", - деп билдирген.

Москва менен Бээжиндин алакасы Украинада согуш башталгандан бери бекемделүүдө. Көптөгөн өлкөлөрдөн, биринчи кезекте Киевдин Батыштагы союздаштарынан дипломатиялык обочолонуу абалында турган Орусиянын башчысы Кытайга жыл сайын барууда. France-Presse белгилегендей, Кытай менен Орусиянын мамилесин тең укуктуу деп атоо азыр мүмкүн эмес, анткени Москва санкцияга кабылган мунайынын негизги сатып алуучусу болгон Бээжинден экономикалык жактан абдан көз каранды болуп турат.


Шерине

XS
SM
MD
LG