Жогорку Кеңештин вице-спикери Болот Ибрагимов Бишкектин четиндеги Кашка-Суу айылында беш адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча чиновниктер да жооп бериши керектигин айтты. Бул тууралуу ал парламенттин 20-майдагы жыйынында маселе көтөрүп, автоунаа жолунда тиешелүү жол белгилери болбогонун сынга алды.
“Шектүү камакта. Бирок мен бир да чиновник кызматтан алынып же териштирүү жүрүп жатканы тууралуу жаңылык көргөн жокмун. Ушундан улам мен ички иликтөө жүргүзүп, бардык жооптуу адамдарды жоопко тартууну суранам. Коңшу өлкөлөрдө резонанстуу кырсыктардан кийин бир катар кызмат адамдары жумуштан алынган. Бирок бизде эки, үч адам киши колдуу болсо же үй-бүлөлүк зомбулук болгондо бүтүндөй өлкө бул тууралуу сөз кылат, бирок жол кырсыгынан бүтүндөй үй-бүлө каза болгондо эч ким үн катпайт. Кырсык үчүн айдоочудан башка эч ким жоопко тартылбайт. Мисалы, кырсык катталган жерде жол белгилери болгон эмес”, - деди ал.
14-майда Кашка-Суу айылы тараптан Бишкек шаарын көздөй келе жаткан Honda Torneo үлгүсүндөгү машине жол четинде турган 28 жаштагы келинди жанындагы 6, 4, 2 жаштагы балдары жана 14 жаштагы сиңдиси менен кошо сүзүп кетип, бешөө тең каза тапкан. Келиндин алты айлык боюнда болгон.
Кырсыкка шектүү 22 жаштагы айдоочу камакка алынган.
Жергиликтүү тургундар кырсык болгон жолго ылдамдыкты азайтуучу жасалма дөңсөөлөр коюлбаганын жана жол белгилери жок экенин айтып арызданышкан.
Расмий маалымат боюнча, 2025-жылы Кыргызстанда 8 456 жол кырсыгы болуп, андан 900 киши каза тапкан. Дагы 12 миң 169 адам ар кандай жаракат алган. Кырсыктарга автоунааны катуу айдоо, каршы тилкеге чыгуу, ичимдик ичип рулга отуруу жана айрым автожолдордун талапка жооп бербегени негизги себеп экени айтылып келет. (BTo)
Шерине