Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:44

БУУ Кыргызстандын демилгеси менен чек ара талаштарын тынч чечүү тууралуу резолюция кабыл алды

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясы.
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясы.

20-майда Кыргызстандын демилгеси менен Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясы “Чек ара талаштарын тынчтык жолу менен чечүү” аттуу резолюцияны кабыл алды. Резолюция Кыргызстандын демилгеси менен Тажикстан жана Өзбекстан менен биргеликте сунушталды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) анын негизги максаты кылдат маселелерди тынчтык жолу менен БУУнун уставына жана эл аралык укукка ылайык чечүү жөндөмүн көрсөтүү экенин билдирди. Резолюция мамлекеттер чек ара талаштарына туш болгондо аны мыйзамдуулук жана диалог аркылуу чечүүгө негизделиши керек деген багытты камтыйт.

“Резолюцияда белгиленген Борбор Азиянын жетишкендиктери бүткүл эл аралык коомчулук үчүн конструктивдүү үлгү болуп, коңшулаш мамлекеттер ортосундагы жакшы мамиленин модели жана аймак өлкөлөрүнүн эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоого кошкон салымы катары кызмат кылат”, - деп айтылат ТИМ тараткан маалыматта.

2025-жылы 13-мартта Бишкекте Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү келишимге эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон кол койгон. Алар чек ара келишимин тарыхый деп баалашкан.

Ошол эле жылы 31-мартта эки президент Тажикстандын Кожент шаарында ратификациялык грамоталар менен алмашуу жөнүндөгү протоколго кол коюшкан. Ратификацияланган үч документтин бири кыргыз-тажик өкмөттөрүнүн суу чарба жана энергетика объектилерине жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча макулдашуу болгон.

Кыргыз-тажик чек арасы такталып бүтө электе ортодо куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар болгон.

2021-жылы апрель айында 36 кыргызстандык курман болгон, тажик тараптан 19 адам каза тапканы расмий жарыяланган. 2022-жылкы сентябрь айындагы кагылышта Кыргызстан бери дегенде 75 жаранынан айрылган, Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 41 жараны каза тапканын билдирген.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын расмий маалыматына караганда, 2022-жылы 14-сентябрда башталып, 19-сентябрда басылган окуяда каза тапкан 75 кыргызстандыктын 51и аскер кызматкери, алардын 42си чек арачы болгон.

Ал эми кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу делимитация жана демаркация жараяны аяктаганын Садыр Жапаров 2023-жылы 27-январда Бишкекке өзбек президенти Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапар менен келгенде жарыялаган. (BTo)

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG