Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:10

Сакчылар корпусу АКШ чабуулду жандантса, согуш чөлкөмдөн сыртка жайыларын эскертти

Йемендеги хуси согушкерлери. Архив
Йемендеги хуси согушкерлери. Архив

Ислам революциясынын сакчылар корпусу (IRGC) АКШ Иранга каршы чабуулдарын жандантса, согуш “аймактын сыртына чейин” жайыларын эскертти.

19-майда АКШнын президенти Дональд Трамп Иранга кайрадан чабуул жасоого туура келип жатканын жана соккулар бир нече күндүн ичинде урулушу мүмкүн экенин билдирген. Америкалык лидер муну “биз алардын ядролук куралга ээ болушуна жол бере албайбыз" деп түшүндүргөн.

8-апрелде күчүнө кирген ок атышпоо макулдашуусуна чейин АКШ менен Израилдин чабуулдарына жооп кайтарган Иран америкалык базалар жайгашкан Перс булуңундагы өлкөлөрдү, биринчи кезекте Бириккен Араб Эмирликтерин, Сауд Арабиясын жана Иракты аткылаган.

“Иранга каршы агрессия кайталана турган болсо, убада кылынган регионалдык согуш бул жолу аймактын сыртына жайылат, оюңарга да келбеген жерлерге урулган соккулар силерди күлгө айландырат”, - деп айтылат Сакчылар корпусунун билдирүүсүндө.

Кеп кайсы географиялык аймак тууралуу жүрүп жатканы белгисиз. Буга чейин Тегеран колдогон Йемендеги хуси козголоңчудары Баб-эл-Мандеб кысыгындагы кемелерге кол салуу үчүн колдонуу тууралуу көп айтылып келген. Ормуз кысыгы жабык турганын эске алганда мындай кадам эл аралык сооданы ого бетер үзгүлтүккө учуратмакчы.

Ал ортодо АКШ-Иран сүйлөшүүлөрүнө арачы түшкөн Пакистандын ички иштер министри Мохсин Накви Тегеранга аттанганы кабарланды. Дипломат бир аптанын ичинде ушуну менен экинчи жолу Ирандын башкалаасына барууда.

Вашингтон Иранды өзөктүк куралдын үстүнөн ишиеп жатат деп айыптаса, Тегеран бул чөйрөдөгү программасы тынч максатты көздөрүн айтып келет.


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG