Рак ооруларына байланыштуу маселелер акыркы айларда парламентте да байма-бай көтөрүлүүдө. Көз карандысыз адистер кыргыз онкологиясы чукул реформага муктаж экенин, бейтаптар убактысын кезек күтүүгө жана каражат издөөгө коротуп жатканын белгилешет.
Бишкектеги “Жашоо үчүн бирге” уюму эмчек жана жатын моюнчасынын рагына чалдыккан кыз-келиндерге жардам берип келет. Аталган уюмдун төрайымы Шайырбү Сагынбаева айрым бейтаптар дарылануу үчүн колунда барын сатууга аргасыз болорун айтууда.
“Химиотерапияны төлөш үчүн үй-жайын саткан аялдар көп. Ошолорго алгачкы төлөмү жок мамлекеттик ипотека менен үй берилсе болот эле. Ансыз деле батирге төлөп жатышат да. Мен былтыр Ташкентке илимий жыйынга баргам. Онкологиясын көрүп таң калып келдим. Эч кандай кезек күтүү жок. Бир дарыгердин кабыл алуусунда үч-төрт киши отурат. Бизге келип эсептеп көрсөм 231 киши кезекте турган экен. Элестетип жатасызбы? Өзбекстанда өз жарандарын бекер дарылашат. Анализден рак чыкса, андан аркысынын баары акысыз. Бизде бир эле текшерүү 13-15 миң сом турат. ПЭТ-КТ алып келди азыр, анын баасы 750 доллар. Аны баары эле төлөй албайт. Күчтүү адистер менчик клиникаларга кетип жатышат. Арга жок ошол жакка барып жатабыз. Жакшы дарыгердин баары кетсе, биз эмне кылабыз? Биринчи кезекте дарыгерлерге, анан бизге шарт керек. Ооруган киши жакындарына деле батпай калат. Реабилитациялык борборлор ачылса жакшы болмок”.
Кыргызстанда онкологиялык дартка чалдыккандар негизинен дары-дармектин жана анализдердин кымбаттыгынан, линиялык тездеткичтердин тез-тез бузулганынан азап чегишет.
Айрымдары догдурга көрүнүү үчүн Улуттук онкология жана гематология борборунда сааттап кезек күтүүгө аргасыз. Жакында бул көрүнүшкө өкмөт башчы Адылбек Касымалиев өзү да күбө болду. Министрлер кабинетинин төрагасы 16-майда аталган борборго күтүүсүз барганда бир катар бейтаптар арыз-муңун айтышты.
“Ушунча кишини жалдыратып, операцияга кирип кетишти. Ошону бир күнгө белгилешсин да. Үч күн болду, бир дагы врачка кире алган жокмун. Азыр операция экен. Эртең дагы жетишпейт. Биз дагы иштешибиз керек да”, - деп даттанды кезек күтүп турган аял.
Күтүүсүз текшерүүдөн кийин Адылбек Касымалиев Улуттук онкология жана гематология борборунун жетекчиси Нурбек Букуевге эскертүү берди.
“Үч күндөн бери жүрөм деп жатышат. “Түркиядан, Орусиядан барып текшерүүдөн өт” деген болбошу керек. Айрымдарда ал жакка барганга мүмкүнчүлүк жок. Тез арада чече турган эмнеңер бар? Мен өзүмдүн фондуман эле 3-4 миллион сомду бөлүп берейин”, - деди өкмөт башчы.
Былтыр август айында Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Улуттук онкология жана гематология борборунда мониторинг жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында борбордогу линиялык тездеткичтер бат-бат бузулуп, бейтаптар нур терапиясын ала албай кыйналып жатканы айтылган. Мындан тышкары 80ге жакын өтө керектүү дары-дармек жоктугу белгилүү болгон.
Аталган борбордун жетекчиси Нурбек Букуев 18-майда парламенттин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер комитетинин жыйынында бул көйгөйлөр дагы деле чечилбей жатканын айтты:
“Дүйнөдө 350 миң адамга бир жабдык керек. Бизде 7 млн калкка эки гана жабдык бар. 3,5 млн кишини тейлей турган жабдык болуп калат. Андан тышкары бул аппараттар техникалык кароодон өтүп туруш керек, ага кошумча каржы каралган эмес. Эгер ал каражат бөлүнсө, бат-бат иштен чыкмак эмес, мүмкүн бузулбайт дагы болчу. Дагы бир көйгөй химиотерапия үчүн дарылардын аздыгы. Алдын ала эсепте 2,5 млрд сом керектиги айтылды, бирок бул сумма дагы аз. Өткөн жылы эсептесек, онкологиялык бейтаптарды камсыздоо үчүн 4,7 млрд сом керек экен. Бул сумманын ичине кымбат дарылар жана бөлөк химия дарылар кирет. Бизде ошондой кем-карчтар чоң".
Комитет жыйынында химиотерапия алыш үчүн бейтаптар дарыны өз чөнтөгүнөн алып жатканы да айтылды. Депутат Алтынбек Кылычбаев инисинин баласы ооруганда химиотерапия үчүн керектүү дарыларды 7 миңден 18 миң сомго чейин өздөрү сатып алганын мисал келтирди.
"Жашоо үчүн бирге" уюмунун жетекчиси Гүлмира Абдразакова мунун себебин мамлекет бөлгөн акча дары-дармек алууга жетпеси менен түшүндүрдү.
"Маселенин баары каражатка такалат. Онкологияда балдар бөлүмү болсун, чоңдор бөлүмү болсун 100% камсыздоо жок болуп жатат. Нурбек Медетбекович айтып жатат, бери дегенде 5,7 млрд акча керек экен. Быйыл 500 млн сом бөлүндү. Ал эмнеге жетет? Бир жыл толук, анан жарым жыл тынымсыз дарылоо болушу керек. Дары жок болсо эмне менен дарылашат? Бул статистикага, дарылоо сапатына түздөн түз таасир этет. Мен депутаттардан суранат элем. Күзүндө бюджет каралат. Өткөн жылы Каржы министрлигинен 2,5 млрд сом сураганбыз. Бизге бөлүп бермек турсун кесип коюшту. Кайсы статистиканы күтөбүз анан? Бизге эки линиялык тездеткич эмес, алтоо керек. Убагында ошол экөөнү да Кумтөрдүн акчасына алганбыз. Мен өзүм бейтапмын, 20 жылдан бери ооруйм. 10 жылдан бери бейтаптардын укугун коргойм".
Анткен менен медициналык эксперт Бермет Барыктабасова Улуттук онкология жана гематология борборунун иштөө ыкмасын түп-тамырынан өзгөртүү керек деп эсептейт.
“Бул өтө татаал маселе. Өткөн жылы баарын иликтеп, отчет даярдаганбыз. Ага чейин андай отчет даярдалган эмес. Бирок аны укпагандар, каршы чыккандар да болду. Былтыр атайын коллегия дагы өткөн. Андан кийин жарым жылда баарын өзгөртсө болот деп ойлогонбуз. Бирок ошондо эле министрликте отургандар жетекчи алмашпаса эч нерсе өзгөрбөйт дешкен. Көп өтпөй өздөрү кетип калды. Андан кийин келген министр дагы кетти. Жакшы менежер келсе иш оңолмок. Ал жерде санариптешүү жок, бейтаптар бар, консилиум жок. Бөлүмдөр ортосунда байланыш жок. Хирургиялык, химиотерапия, нур терапия бөлүмдөрү өз-өзүнчө жашап келет. Бейтапканалар менен байланыш жок. Алдын алуу иштери жүргүзүлбөйт. Ошон үчүн оорулар өтүшүп кетүүдө. Паллиативдик дарылоо, реабилитация дегенди айтпай эле коелу. Ошого карабай эмнеге аларды бирөөлөр калкалап жатат? Бюджеттик акча негизинен дары-дармек алууга кетет. Анын пайдасын ушул бизнес менен алектенгендер, алардын жакындары көрөт. Жогорку технологиялар фонду бар. Алар аркылуу чоң акча бөлүнүп, көмүскө чыгымдарга кетип жатат. Ал жерде “Кыргызфармация” да илешип жүрөт. Ошол акчанын кайда жумшалганы ачык-айкын болушу керек. Онкологияда эмне кымбат болсо ошонун баары коррупция, ошол эле дарылар, ошол эле 120 миң сом турган операциялар дегендей".
Медицина илимдеринин доктору, профессор Рысбек Абдылдаев Улуттук онкология жана гематология борбору атайын "улуттук" деген макамды алгандан кийин ишти изилдөөлөрдөн баштоо керектигин, рак оорусун биринчи жана экинчи стадияда аныктоого өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.
“Алдын алуу иштери жүрбөсө биз эч нерсени өзгөртө албайбыз. Оору күчөп кеткенден кийин аны дарылаш өтө кыйын. Экинчиден, дарылоонун натыйжалуулугун баалоо маселеси турат. Бардык мамлекеттерде дарылоонун эффективдүүлүгүн аныктаган, ДССУ тарабынан таанылган бирдиктүү критерий бар - бул беш жыл ичинде бейтаптардын канча пайызы жашап калганы. Чет өлкөлүк илимий журналдарга макала жазууда да негизги көрсөткүч ушул. Тилекке каршы, Кыргызстанда бул багыттагы иштер жетиштүү деңгээлде жүрбөйт, ага кызыгуу да аз. Үчүнчү маселе - дарылоонун жетишсиздиги. Белгилүү болгондой, линиялык тездеткичтер бузулуп жатат. “Өзүбүз оңдойбуз” деген туура эмес, анткени мындай жабдууну аны чыгарган компания гана оңдой алат. Химиотерапиялык дары-дармектерге буюртмалар өз убагында берилген эмес. Министрлер тез-тез алмашкандыктан, рак ооруларын дарылоодо колдонулуучу дары-дармектердин болгону 50 пайызына гана келишим түзүлгөн. Алар келгенче жыл аягына чейин убакыт өтүп кетет. Ошол эле учурда бейтаптар дары-дармектерди чет өлкөдөн, көбүнчө Индиядан жана Түркиядан алып келүүгө аргасыз. Бирок мындай кымбат дарыларды жөн эле колдонууга болбойт. Алгач иммуногистохимиялык изилдөө жүргүзүлүп, тиешелүү маркер аныкталышы керек. Ошондон кийин гана дарылоо туура дайындалат. Болбосо, дарылоо формалдуу гана болуп, натыйжа бербей калышы мүмкүн. Азыр Саламаттык сактоо министрлиги протоколдорду бекитебиз деп жатат. Бул туура, бирок ал дагы башкача болушу керек. Дүйнө жүзүндө рак ооруларын дарылоодо бирдиктүү эл аралык протокол колдонулат. Ал NCCN деген сайтта (NCCN Guidelines) жайгашкан. Алдыңкы клиникалардын баары ошол протоколдорго таянып иш алып барат. Жакында бейтаптар дагы бир көйгөйдү чечип бергиле деп бийликке кайрылышты. Бизде онкология борборуна келген бейтаптар таңкы саат 8де же андан да эрте келип, кезек жетпей калса кайра кетүүгө аргасыз болушат. Бул туура эмес. Саламаттык сактоо системасында алдын ала уюштуруу жана даярдык болушу керек. Тилекке каршы, мындай тажрыйба бизде али калыптана элек", - деди Абдылдаев.
Профессор муну менен катар аймактарда онкологиялык борборлорду ачуу зарылдыгын белгиледи. Буга чейин “Азаттыкка” курган маегинде ал австриялык компания Ош шаарында онкологиялык борбор курууну пландап жатканын айткан.
"Түштүк аймакта дагы онкологиялык борбор курулуп, кадрлар даярдалышы керек. Ошондо бейтаптар Бишкекте же Оштогу борбордо дарыланууну тандай алышат. Дарыгерлер да эки борбордун ортосунда тажрыйба алмашып турушмак.
Европа жана АКШны карасак, эң күчтүү ооруканалар жана медициналык окуу жайлар борборлордо эмес, аймактарда жайгашкан. Кадрлар да ошол аймактардан өсүп чыгат. Эгерде эмчек жана жатын моюнчасынын рагы түштүк аймактарда көп катталса, анда көңүлдү ошол жакка буруу зарыл.
Буга чейин президент да Ошто онкологиялык борбор куруу керектигин айткан. Бирок иш азыркыга чейин жылган жок. Бизде бюрократия күчтүү, уюштуруу иштери аксап жатат. Өткөн жылы министрликтерге жөнөтүлгөн каттар да жоопсуз калууда, жоопкерчилик жетишсиз. Эгемендик жылдарында Кыргызстанда айрым долбоорлор келгенде кээ бир жетекчилер жеке кызыкчылыктарга көбүрөөк көңүл буруп калышкан. Чет элдик компаниялар да биздин системаны жакшы түшүнүп алышкан. Муну жоё албасак, иш алдыга жылбайт. Министрлер тез-тез алмашууда. Ошондуктан австриялык компаниянын өкүлдөрү жакын арада үчүнчү жолу келишет. Австрия өкмөтү тарабынан 10 миллион евро жеңилдетилген насыя бөлүнгөн. Өткөн жылы бөлүнгөн каражат пайдаланылбай калган. Быйылкы каражатты Каржы министрлиги карап жатат. Эгер бардык маселе оңунан чечилсе, анда алгачкы бейтаптар 2027-жылдын биринчи кварталында Ош онкологиялык борборунда нур терапиясын ала баштайт. Негизинен бул долбоор эки жылда бүтүшү керек болчу. Бирок аны тездетип бүтүрүү сунушталууда", - деди Рысбек Абдылдаев.
Расмий маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда онкологиялык дарт менен 37 миңден ашуун бейтап каттоодо турат. 2021-жылы 7884 бейтап каттоого турса, 2024-жылы бул сан 9526га жеткен.
Учурда өлкө боюнча аймактардагы райондук жана облустук ооруканаларга 12 маммографиялык аппаратты орнотуу пландалууда. Андан сырткары, гастроскоп жана колоноскоп жабдыктарын сатып алууга да атайын буюртма берилген.
Шерине