Быйыл апрель айынын аягында Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги жоюлуп, анын функциясы Президенттин иш башкармалыгына кошулган. Мурда жалаң мамлекет башчынын ишмердигин уюштурууну камсыздап келген мекеме 2021-жылдан тартып президентти, өкмөттү жана парламентти да тейлей баштаган. Андан бери “Мамлекеттик ипотекалык компания”, “Асман” шаарын куруучу дирекция, “Учкун” басмаканасы, “Унаа” ишканасы, “Кызмат” ишканасы, “ЭлКат” компаниясы, “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму”, “Түндүк”, “Кыргызиндустрия”, “Кыргызтелеком” мекемелери Министрлер кабинетинин карамагынан алынып, башкармалыкка берилген.
"Азаттык" буга байланыштуу “Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупованы кепке тартты. Маектин айрым бөлүктөрү буга чейин “Азаттыктын” Президенттин иш башкармалыгы жөнүндөгү атайын программасында жарыяланган.
"Иш башкармалык мамлекеттик орган, бирок башкаруу органы эмес"
- Чолпон айым, Президенттин иш башкармалыгы өкмөттү да, парламентти да тейлеп баштагандан сырткары ондогон ишканаларды, соңунда бүтүндөй бир министрликти өзүнө өткөрүп алды. Бул канчалык туура жана канчалык мыйзамга дал келет?
- Жаңы Конституцияга ылайык, президенттин ыйгарым укуктары өтө кеңейтилип, бийликтин башка бутактарынын, анын ичинде Жогорку Кеңештин ыйгарымдары кыркылганын билебиз. Ага чейин Президенттин иш башкармалыгы дайыма президенттин ишмердигин камсыздоочу гана орган болуп келген. Жөн гана чарбалык субъект болчу, эч кандай мамлекеттик башкаруучу орган болгон эмес. Мамлекеттик орган, бирок башкаруучу орган эмес. Бул экөө эки башка түшүнүк.
Иш башкармалык жөнүндө Садыр Жапаровдун алгачкы жарлыгында бул орган президенттин, президенттин аппаратынын, Жогорку Кеңештин, анын аппаратынын, Министрлер кабинетинин төрагасынын жана анын орун басарларынын ишин камсыз кылат деп так жазылган. Башкача айтканда, анын ыйгарым укуктары өтө эле чектелүү болчу. Салттуу түрдө башынан эле ушундай болчу.
Ыйгарым укуктардын кеңейиши 2023-2024-жылдары башталды. “Мамлекеттик ипотекалык компания” жана башкалар берилди. Ал президенттин аппаратынын кызматкерлерине гана үй курбайт да, алар бардык жактар үчүн турак жай салат. Демек, мында Иш башкармалыктын ыйгарымдары өз алкагынан чыкты. Кийин 2024-жылы дагы, 2025-жылы дагы президенттин башка ишкана-мекемелерди башкармалыкка өткөрүп берген жарлыгы чыкты. Кийин дагы бир нече жарлык чыгып, кошумча функциялар кошулду.
Эгер формалдуу укуктук жактан караганда Президенттин иш башкармалыгынын ишмердиги президенттин жарлыгы жана өкмөттүн токтомдору аркылуу мыйзамдаштырылды. Бирок эгер “функциялар эмненин эсебинен кеңейтилди?” десек, анда маселе пайда болот. Анын укуктары башка башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын кыскартуунун эсебинен кеңейди.
Айталы, ошол эле транспорт каражаттарын каттоо, айдоочулук күбөлүктөрдү берүү жана башка иштер Ички иштер министрлигинин функциясы болчу. Же жарандык актыларды каттоо, документтештирүүнү болсо башка бир орган аткарып келген.
Ушул функциялардын баары, тиешелүү органдардын ыйгарым укуктары, же жалпы эле өкмөттүн түзүмү мурда баштан-аяк Жогорку Кеңеш аркылуу бекитилген да. Албетте, ал президенттин макулдугу менен жүрөт, бирок ар бир ирет түзүмдүк өзгөртүү болгондо аны парламент бекитип берчү. Мына ушул жагынан алганда мен кайсы бир процедуралардын бузулушун көрүп жатам. Процедуралардын бузулушу бирин-серин болгон жок, системалык же кайталанма мүнөздө болду.
Адатта жаңы Конституция кабыл алынган маалда конституциялык мүнөз жана бийликтеги ыйгарым укуктар өзгөрөт, бардык ченемдик-укуктук актылар Баш мыйзамга шайкеш келтирилет. Биз парламенттик-президенттик башкаруу формасынан президенттик башкарууга өттүк, ошол себептүү мыйзамдарды дебюрократизация жана инвентаризация жүрдү. Башкача айтканда, мыйзамдар Конституцияга ылайыкталды.
Бул жараян бачым жүрүшү зарыл болгондуктан мыйзам кабыл алуу мыйзамдарын бузушту. Азыр кааласа мыйзамдарды үч окуудан бир кабыл алып коюшат, кворумсуз, же коомдук талкуусуз деле, айтор, билгенибиздей “ура бердик”. Биз “бул жакшылыкка алып барбайт” деп канча ирет айтып, канча ирет жаздык.
Мында Жогорку Кеңештин депутаттарынын да өтө чоң, керек болсо кылмышка тете күнөөсү бар деп эсептейм. Мен алар өздөрүнүн, Жогорку Кеңештин регламентин өзгөртүп, өздөрүнүн ыйгарым укуктарын кыскартканда эле түңүлгөм. Бекеринен аларды жөн гана “нотариус” деп атап жатышкан жок да.
Депутаттар ченемдик-укуктук актыларды өткөрүүнүн жол-жоболорун өтө жеңилдетип коюшту да, жыйынтыгында мыйзамдардын иерархиясын да ойрон кылышты. Эң башкы мыйзам бул Конституция, андан кийин кодекстер, конституциялык мыйзамдар, катардагы мыйзамдар, анан токтомдор жана башкалар кетет. Бардык иерархия сакталып, алар бири-бирине туура келиши керек. Регламентте куду ошол иерархияга карап мыйзамдарды кабыл алуу жазылган, аны өзгөртүштү. Ченемдик-укуктук актылар жөнүндө мыйзамды да алмаштырышты.
Мен айткан, Жогорку Кеңештин регламентинде жана Ченемдик-укуктук актылар жөнүндө мыйзамда кайсы мыйзам кандай жол менен кабыл алынары көрсөтүлгөн. Аралыктары алысыраак коюлган үч окууда, коомдук талкуулардан кийин жактыруу деген нерселердин баары бар болчу. Коомчулук баарын көрүп-билип, түшүнүп тура алган.
Азыр мыйзамдын алдындагы ченемдер кантип кабыл алынууда? Мисалы, сиз Министрлер кабинети кандай токтомдорду кабыл алып жатканын билесизби? Алар коомдук талкуудан өтпөйт, биз билбейбиз. Кээ бир токтомдорун жарым жылдан кийин, же бир жылдан кийин башыбызга түшкөндө көрөбүз же угабыз. Калкты маалымдоо болбой калды.
Мына ушул сыяктуу эле көптөгөн мыйзамдык деңгээлде кабыл алына турган документтерди атайылап төмөндөтүп, “президенттин жарлыгы менен же өкмөттүн токтому менен эле кабыл алып коёбуз” деп коюшту. Президенттин иш башкармалыгынын ыйгарым укуктарын кеңейтүү да мына ушундай эле болду. Бардыгы, дагы айтам, башкармалыкка кошумча мекеме-ишканаларды берүүнүн бардыгы президенттин жарлыгы же МинКабдын токтому менен гана жүзөгө ашты.
Жогоруда мен иерархияны чечмелеп, анда кантип жазылганын түшүндүрө кеттим. Конституциялык сот жөнүндө мыйзамга ылайык, ыйгарым укуктарды кеңейтүү жөнүндө чечимдердин үстүнөн катардагы жарандар даттана албайт. “Бул Конституцияга туура келбейт” деп мамлекеттик органдар гана Конституциялык сотко даттана алат. А азыркы шартта кайсы орган же, кайсы “жинди” жетекчи президентке каршы даттана алат?
Коомчулукта болсо абалды билесиңер. Бул маселени айта алчу кишилердин баары оозун жабышты. Мыйзам боюнча деле ыйгарым укугу да, мүмкүнчүлүгү да жок. Тийиштүү органдар, айталы көзөмөл органы катары Башкы прокуратура үн чыга албайт. Алар бул Конституциялык сотко кайрылып, “бул Баш мыйзамга туура келбейт” деп айтса болмок. Анан туурабы, туура эмеспи, сот чекит коюшу керек.
Кечирип койгула, анткени өкмөттүн түзүмүн Жогорку Кеңеш бекитиши керек, бардыгы мыйзам аркылуу өтүшү керек. Мунун баарын жөндөн-жөн эле өзгөртүп коё берген болбойт. Кайра айтам, себеби мунун баары мамлекеттик башкаруу функциясына кирет.
Менимче, Президенттин иш башкармалыгынын ыйгарым укуктарын кеңейтүү мындан ары да уланат. Анткени, эч кандай тосмо жок. Керек болсо Жогорку Кеңештин болгон функциясын алып койсо да, депутаттар унчукпай отуруп берет. Алар ансыз да өз ыйгарым укуктарын өз эрки менен өткөрүп беришти. Бирок, бул окуяларга жоопкерчиликти биз баарыбыз, жалпы шайлоочулар алышыбыз керек. Президентти да, депутаттарды да биз жалпыбыз шайлаганбыз.
Мамлекеттик кызмат кантип иштейт? Бийлик бутактарын бөлүү принциби деген эмне? Бийлик бутактарынын жана мамлекеттик органдардын конституциялык ыйгарым укуктары деген эмне? Мунун баарын түшүнүү үчүн мамлекеттик башкарууда тажрыйба жана укуктук маданият жетиштүү болушу керек. Мүнөз жөнүндө айтпай эле койойун, жок дегенде Конституцияны окуганды билүү кажет. А биз мыйзамды, Конституцияны түшүнөбү, түшүнбөйбү, караган эмеспиз, биз “биздин балабыз барсын” деген принцип менен шайлаганбыз. Биз күбө болуп жаткан нерселер мына ошонун жыйынтыгы. Жарлыктарды жана токтомдорду биз шайлаган адамдар кабыл алып жатат, ошондуктан эми чыдагыла.
"Монархия жарыяласаңар да мыйзамдаштырып койгула!"
- Соңку чечимдерди комментарийлеген айрым талдоочулар “Конституция президенттик башкарууга ылайыкташтырылган, Министрлер кабинети деле, Президенттин иш башкармалыгы деле президентке баш ийет, мындан эмне маселе кылып жатасыңар” деген пикирди карманууда. Буга эмне дейсиз?
- Эгер жөн гана баш ийүү принциби менен карасак, анда баарыбыз президентке баш ийебиз. Түшүнүп атасыңарбы? Мен конституционалдуулук жөнүндө кеп кылып жатам. Бул жөн эле ченемдердин тизмеси эмес, бул толук кандуу илим. Башкаруу тажрыйбасы бар ар бир адам, мамлекеттин биринчи адамдары, депутаттар, саясий элита муну түшүнүп, биринчи кезекте конституциялык маданиятка ээ болушу керек. Мамлекет деген кандай болот, ал кантип иштейт дегенди аңдашы керек.
Антпесек, анда келгиле бардык нерсени бир эле кишиге берип салалы, бүттү. Бирдемелерди ойлоп таап, өзүнчө министрликтерди түзүп эмне кылабыз?
Мен дагы айтып атам, Жогорку Кеңеш мамлекеттик органдын ар бир чечимин карашы керек, бул мыйзамдык ченем. Бул Конституциянын талабы. Президент өкмөттүн түзүмүн сунуштайт, Жогорку Кеңеш өз ыйгарым укуктарынын чегинде аны бекитет. Азыр болсо Жогорку Кеңеш өкмөттүн түзүмүн бекитип берип жатат, андан соң президент өз жарлыгы менен ага каалашынча оңдоп-түзөтүүлөрдү киргизүүдө.
Макул, андай болсо Баш мыйзамга “өкмөттүн түзүмүн бекитүүнүн таптакыр кереги жок” деп жазып алгыла. Мыйзамга киргизгиле. Кааласаңар монархия жарыялап алгыла, бирок анда мыйзамдарды монархияга ылайыктап жазып чыккыла. А бизде бир нерсе экинчи нерсе менен шайкеш келбей калууда. Мен монархияда деле жашаганга даярмын, бирок бири-бирине карама-каршы келбеген мыйзамдарды жазып чыккыла. Азыр башыбыз айланып калды.
Ошол эле мыйзамдар жөнүндө пикиримди кайталап койойун. Мыйзамда “мыйзамдар үч окууда ар бири өз-өзүн каралып, анан кабыл алынышы керек” деп так жазылып турат. А булар болсо каникулга тарардын алдында мыйзамдарды дүңүнөн киргизип, таңгак-таңгагы менен кабыл ала беришет. 30-40 мыйзамды регламентсиз, үч окууда бир кабыл алып коюшууда. Анда силер регламентти эмнеге жазып алдыңар? Депутат үчүн регламент бул анын Конституциясы, анын ишмердигин толук жөнгө салган документ. Мыйзамды бир колубуз менен жазып, экинчи колубуз менен аны бузуп жатабыз.
Ушундай нерселердин айынан мурдараак атүгүл юстиция министри Аяз Баетов өзү Салык кодекси бир жылда 13-14 жолу өзгөртүлүп кеткенин, мындай шартта иштөө мүмкүн болбой калып жатканын айтты. Ал өзгөртүүлөрдүн баары салыктарды жогорулатуу, айып пулдарды көбөйтүү максатын көздөгөн. Мен салык төлөө ар бир жарандын милдети деп эсептейм, бирок алар негиздүү болушу кажет. Инфляция маалында жылына 13 ирет өзгөртүп, салыкты көтөрүү туура эмес. Эл онтоп калды. Бул калктын бийликке ишенимине таасир этүүдө.
Муну менен бирге бардык социологиялык изилдөөлөр элдин президентке ишеними жогору экенин көрсөтүүдө. Экономика, курулуш жаатында, же социалдык багытта, ошол эле маяналарды, пенсияларды көтөрүүдө, ийгиликтер да бар. Бирок азыр, айрыкча президенттик шайлоонун алдында текирең-таскак секирип жаткан кымбатчылыкты баштан кечирип жатабыз. Ошондуктан эл “баанын көтөрүлүшүн токтоткула!” деп кыйкырып жатат. Эгер биз салыктарды үстөккө-босток көтөрүп жатсак, кымбатчылыкты кантип ооздуктайбыз? Кантип?
Мисалы, Ирандагы согуштан улам жаралган кризис маалында Дубайдын шейхи эмне кылып жатат? Алар салык жыйноону токтотуп койду. А биз кымбатчылык күчөп бараткан маалда улам жаңы салыктарды киргизип, талаптарды күчөтүп жатабыз. Азык-түлүктөр, күйүүчү май, турак жай, баары кымбаттап жатат. Мамлекеттик ипотекалык компания курган үйлөрдүн наркы да чарчы метри 1600 доллардан 2000 долларга чейин жетип жатат.
Мына былтыр бир токтом кабыл алышкан экен, мен өткөрүп жибериптирмин. Ал ар бир мекемени өз кызматкерлерин камсыздандырууга милдеттендирген токтом экен. Башында муну үчүн айып пул каралган эмес экен, эми ошол чаралар күчүнө кирип бардыгын камтый баштады. Кызматкерлериңди камсыздандырбасаң, айып пул салынууда. Муну мен эле эмес, али көп ишкерлер биле элек.
Бир караганда бул кызматкерди коргоочу талаптай көрүнөт. Мен жеке камсыздандыруучу компанияга ар бир кызматкер үчүн маянасына карап, 11-12 миң сомго чейин төлөшүм керек экен. Мен мыйзамды сактаган адаммын, төлөдүм. Бул бизнестин бардык түрүнө, керек болсо жалгыз кызматкер иштеген жеке ишкер болсо да тиешелүү болот.
Бирок, менин мисалымды эле алалы. Кызматкерлерим кеңседе отурса, компаниям өзгөчө кооптуу объект болбосо, өндүрүш ишканасы болбосо, химиялык чарба да эмес, тоо-кен комбинаты да эмес. Анда менде кантип камсыздандыруучу учур болушу ыктымал? Мен керек болсо камсыздандыруучулардын өздөрүн да чакырып келип сурадым, алар тыңдап түшүндүрө албай коюшту. Болгондо да эгер кызматкер иш учурунда каза болуп калса, же майып болуп калса гана ага компенсация төлөп беришет экен, башка учурда эч кандай камсыздандыруу төлөмүн беришпейт экен.
Же болбосо жанагы окуу мөөнөтүн 12-14 айга көтөрүп салышканы канча адамдын чөнтөгүнө зыян келтирип жатат. Же кафе-ресторандарда 15% тейлөөнү ала албайсыңар деп коюшту, алар болсо тамак-аштын баасына 15% эмес, кеминде 20-30%га чейин кошту да, баарын кымбаттатып алышты. Бул кайра жөнөкөй жарандарга кыйынчылык жаратты.
Мына ушуга окшогон нерселер улам-улам киргизилип жатса, бул жалпы бааларды көтөрөт. Ойлонулбаган аракеттер менен инфляцияны күчөтүп жатабыз.
Мунун баарын эмнеге мисал келтирип жатам? Президенттин иш башкармалыгы жарлык менен кеңейген сыяктуу эле ушундай аракеттер да токтом же жарлык менен эле чечилип жатат. Кесепетин эске алып коёлу.
"Бийлик бутактары бири-биринен көз каранды болушу керек"
- Эгер жогорудагы ишкана-мекемелерди жана компетенцияларды өзүнө өткөрүп алуу менен Президенттин иш башкармалыгы Министрлер кабинетине параллель түзүм болуп калган жокпу? Кыргызстанда “кош өкмөт” түзүлүп калбадыбы?
- Мен антип айта албайм, анткени жаңы Конституцияга ылайык аткаруу бийлигинин башчысы болуп президент саналат. Ошол себептүү алар “бардык органдар президенттин алдында турат” деп айтып жатышат.
Мында маселе “параллель өкмөт” же “кош өкмөт” дегенде деле эмес, маселе башкада. Кандайдыр чечим кабыл алууда жана кайсы бир иштерди аткарууда бийлик бутактары же мамлекеттик органдардын баары бири-бири менен өз ара байланышта жана бири-биринен көз каранды болушу керек, ошондо баланс болот. Ал ошону үчүн мамлекеттик башкаруу системасы деп аталат.
Жогоруда айтканымдай, Президенттин иш башкармалыгы мамлекеттик орган, бирок башкаруу органы эмес. Кызматкерлери деле 2025-жылы мамлекеттик кызматкер макамын алышты, ага чейин киришкен эмес. Азыр болсо аларга башкаруу мүнөздөгү ыйгарым укуктарды бердик. А мунун баары Жогорку Кеңеш менен макулдашылышы керек болчу. Эгер антпейбиз десеңер анда мыйзамга “мен каалаганымдай кылам, эч ким менен акылдашпайм” деп жазып алгыла. Карама-каршы ченемдерди кабыл албаш керек. Укуктук мамлекетте мындай болбойт, бул логикага да сыйбайт.
Шерине