Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:09

"Маселе көп, жоопкерчилик аз". Көйгөйүн айткан элеттиктер

Ош облусу, Ноокат районунун Кеңеш айыл аймагынын тургундары менен жолугушту.
Ош облусу, Ноокат районунун Кеңеш айыл аймагынын тургундары менен жолугушту.

Учурда жер-жерлерде облус жетекчилери, шаар мэрлери бардык жергиликтүү тармак башчылары менен чогуу райондорду кыдырып, эл менен жолугушууларды өткөрүүдө. Сааттап созулган жыйындарда таза суу, жер, социалдык жардам, укуктук маселелер, билим берүү тармагындагы бир топ көйгөйлөр айтылууда.

Айрымдар коомдогу айтылган көйгөйлөрдүн көптүгүн жергиликтүү бийликтин ишинин начардыгы деп баалап жатышат.

Мисалы, Ош облусунда жолугушууга келгендердин бири "Бул жакка кире турган кезекти да "начальник" аркылуу кылып койгон экен" десе, дагы бири "Айыл өкмөт такыр карабай жатат, балдарым менен аябай кыйналдым" деп көйгөйүн айтты.

Ал эми "Биздин кымбат баалуу жылкыбызды "черныйлар" тартып кетти" деген аял, "Түндө оперлер кирип келип, бурчтан бирдеме таап чыгып, баламды күнөөлөп коюшту" деген эне күч органдарынын ишине даттанышты. Бийлик органдарынын опуза мамилесине кабылганын айткандар да болду: "Мынча чучук, казы-карта алып кел, бир литр, эки литр деп өзүлөрүнүн сыр сөздөрү бар экен. Ошентип бизден кечке акча талап кылышты...".

Ошентип, президент Садыр Жапаровдун айыл аймактарын кыдыруу тапшырмасынан кийин өлкөнүн жети дубанында облус башчылары, сот, прокуратура, УКМК, милиция жана башка мекеме жетекчилери менен чогуу элди кыдырууда.

Аймактарда өтүп жаткан эл менен жолугушуулардан видеолор социалдык тармактарга жарыяланып, талкууга түшүүдө.

Эл узак убакыт бою чечилбей келген көйгөйлөрүн ачык айтып, сот, прокуратура, УКМК, милициянын жетекчилерине түз суроолорун узатууда.

14-майда Ноокат шаарынын тургундары менен жолугуп жатып президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев атайын кызматтын райондук башкармалык башчысы жыйынга катышпаганы үчүн анын иштен кетүүсүн талап кылган эле. Кенжебаев карапайым калктын арыз, даттануулары орундуу экенин айтып, жергиликтүү бийликтин чабал ишин моюнга алды.

Аманкан Кенжебаев
Аманкан Кенжебаев

"Биз Ноокат районундагы 11 айыл өкмөт, бир шаарды кыдырып бүттүк. Менин баамымда, он айыл өкмөттүн башчылары суроолорго жакшы жооп берсе, калган экөө начар жооп берди. Бул биз үчүн да тарбия болду кадр тандоо боюнча. Мен башка облустарды да көрүп жатам, эң көп кайрылуу каттоо жана архитектура кызматтарына, сот жана күч органдарынын ишине байланыштуу болуп жатат. Биз ачыгын айтышыбыз керек, жергиликтүү бийлик толук жумуш жүргүзбөй жатабыз".

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн эл менен жолугушууларынын айрымдары телеканалдар аркылуу толук көрсөтүлүп жатат. Кээ бирлерин жарандар өзүлөрү телефонуна тартып алып жарыялоодо.

Мына ошол видеолор аркылуу элдин талабына баам салган адистер жергиликтүү кызматтар жарандарды жакшы тейлебей жатканын айтууда.

Ички иштер органдарында бир топ жыл жетекчилик кызматтарды аркалап келген ардагер, Чек ара кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Аалыбай Кайыпов "Азаттыктын" суроосуна жооп берип жатып мындай жолугушуулар эл үчүн пайдалуу экенин белгиледи:

Аалыбай Кайыпов
Аалыбай Кайыпов

"Эл кызматкерлердин “эртең кел, бүрсүгүнү кел” деген шылтоолорунан тажап бүткөн. Мындан ары мындай көрүнүштөргө жол берилбейт деп ишенем. Бүгүнкү жолугушуулар абдан натыйжалуу өтүүдө. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышып, көптөгөн маселелер дал ушул жерден чечилип жатат. Ал эми айрым татаал маселелерди чечүүнүн так мөөнөттөрү белгиленип, убагында жооп берилери айтылды. Анткен менен кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган, жарандардын кайрылууларын карабай, жоопкерчиликсиз мамиле кылган кызматкерлер дагы эле бар. Андай кызматкерлерди сөзсүз түрдө жоопко тартуу керек. Катаал чаралар көрүлбөсө эч ким оңолбойт".

Маселеси чечилбей келатканын айткан тургундар көйгөгө көңүл бурдуруу үчүн аргасыз кадамдарга да барууда. Мисалы, Ноокат районунун Көк-Жар айылынын тургуну таза суу маселеси такыр эле чечилбей жатканын айтып, желим бөтөлкөгө куюлган ылай сууну президиумда отурган чоңдорго тартуулап, социалдык түйүндөрдө кызуу талкуу жаратты.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Сайдулла Нышанов жер-жерлерде иш жүрбөй жатканын кадр маселесинен көрөт. Ал соңку жылдардагы кармап-камоолор, суракка чакыруулар да мамлекеттик кызматкерлердин үшүн алып, чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн чектеп, ошонун кесепети элге тийип жатканын белгилөөдө:

Сайдулла Нышанов
Сайдулла Нышанов

“УКМК жакшы иштеген, акылдуу, билимдүү адистерди бир топ аксатып койду. Алардан (УКМКдан) коркуп, көбү иштебей койду десек да болот. Азыр эми бир аз жеңилдеп калгандай болду, бирок коркуу бар. Жергиликтүү бийликте иштеген кадрлар билимдүү болушу шарт. Акыркы отуз жылдын ичинде дипломдордун отуз пайызга жакыны да сатылып кетти. Айрымдар жумушка келип үйрөнүп жатса, кээ бирөөлөрү эч нерсени өздөштүрө албай, элди да кыйнап, өздөрү да кыйналып жатат. Алардын "ак үй, көк үйдө" тааныштары бар. Мына, президент өзү барганда да көрдү го, маселелер чечилбей жатканын”.

Экономика министринин мурдагы орун басары, Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты Элдар Абакиров башкаруу системасындагы кемчиликтерден улам жергиликтүү бийлик менен элдин ортосундагы байланыш үзүлүп калган деген пикирде. Ал система оңолмоюн маселе чечилбей кала берерин айтууда:

Элдар Абакиров
Элдар Абакиров

“Менин да башыман өттү, депутат болуп жүргөндө айыл өкмөткө же акимге барсаң “Силер маселе чече албайсыңар, мени жумуштан кетире албайсың” деп. Мени бийликтен ала турган борбордук бийлик деп жоопкерчиликсиз мамиле жасашат. Ошондуктан жергиликтүү жетекчинин ишин жергиликтүү кеңеш көзөмөлдөп, жумуштан кетире ала тургандай система болушу шарт. Ошондо арыздануулардын саны азаят, анткени жергиликтүү бийлик иштеп баштайт. Башка органдарга да кандайдыр бир реформа кылыш керек. Маселе көп, аны бийлик башында турган адам чече албайт. Ошондуктан ар бир тармак жоопкерчилик алып, иштегенди үйрөнүш керек”.

Президенттин тапшырмасы менен облус, шаар башчылары 11-майдан тартып жер-жерлерде эл менен жолугуп, көйгөйлөрүн угуп жатат. Аймактарды кыдыруу тапшырмасын президент Ош облусундагы сапарынан кийин жарыялаган. Ал жарандар кайрылган көйгөйлөрдүн 80% облус, район жетекчилери чече ала турган маселелер экенин эскерткен.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG