Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:50

Бишкек: Мэрдин жолугушууларына "адекваттууларды" чакыруу тууралуу маалымат текшерилет

Мэр Айбек Жунушалиев эл менен жолугушууда. 13-май, 2026-жыл.
Мэр Айбек Жунушалиев эл менен жолугушууда. 13-май, 2026-жыл.

Бишкек мэри Айбек Жунушалиев өзүнүн шаардыктар менен жолугушууларына адамдар тандалма жол менен чакырылып жатканы тууралуу маалымат териштирилерин билдирди.

Ал №201 муниципалдык аймактык башкармалыктын кызматкерлерине жолугушууга "адекваттуу адамдарды" гана алып келүү тапшырмасы берилгени жөнүндө айтылып жаткан маалыматты текшерүүнү тапшырды.

Мэр 13-май күнү Бишкектеги Экономикалык университетте Биринчи май районунун тургундары менен жолугушуп жатып WhatsApp группаларына тараган билдирүүнү тактоону тапшырды. Анын сөзүнө караганда, аталган тайпаларда мэр менен жолугушууга бештен "адекваттуу адам" алып келүү керектиги айтылган.

"Бизде эмне "адекваттуу же адекваттуу эмес" адамдар барбы? Элди бөлбөгүлө. Биз баарына бирдей шарт түзүп, алдын ала баарына жарыялап жатабыз", - деди Жунушалиев.

Мэр жолугушууда отургандардан да аларды мажбурлап алып келүү болгон-болбогонун тактап сурады.

Калаа башчысы аталган муниципалдык башкармалыктын кызматкерлери мындай тапшырманы ким бергенин айтууга милдеттүү экенин талап кылды.

11-майдан тартып Кыргызстанда жергиликтүү бийлик башчыларынын эл менен жолугушуулары өтүп жатат. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG