Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:52

"75чилер каты": Ташиев баш болгон сегиз кишинин соту жабык өтөт

Камчыбек Ташиев, Нурланбек Тургунбек уулу жана Курманкул Зулушев. Коллаж.
Камчыбек Ташиев, Нурланбек Тургунбек уулу жана Курманкул Зулушев. Коллаж.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, парламенттин экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулу баш болгон сегиз кишинин иши тергелип бүтүп, сотко өттү. Кылмыш ишине “жашыруун” деген гриф коюлгандыктан сот отурумдары жабык болот.

Мурдагы чиновниктерге президенттик шайлоону быйыл өткөрүү тууралуу 75 адамдын катына байланыштуу “бийликти күч менен басып алуу” айыбы коюлуп, коомчулукту алдыда кыргыз саясатындагы дагы бир чуулгандуу соттук иш күтүп турат. Президент Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин тандемин ыдыратып, бир учурда мурдагы сегиз аткаминерди сотко сүйрөгөн иш талкуудан түшө элек.

“Кылмыш иши сотто жабык каралат”

Ички иштер министрлиги (ИИМ) коомчулукта “75чилердин каты” деген ат менен белгилүү болгон кылмыш ишин төрт айга жетип-жетпей тергеп бүтүп, сотко өткөргөнү күтүүсүз болду.

Адвокат Акынбек Ногоевдин сөзүнө караганда бул ишке байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге, Жогорку Кеңештин экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулуна жана мурдагы депутат Курманкул Зулушевге Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен кине коюлду.

Ташиев баштаган сегиз кишинин иши сотко өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:16 0:00

Ал эми президенттик шайлоону быйыл өткөрүү боюнча катта аты аталган коомдук ишмер Бекболот Талгарбековго, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси, мурдагы айыл чарба министри Эмилбек Узакбаевге, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевге, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевге жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып тагылды.

Башкы прокуратура кылмыш ишине айыптоо актысын бекитип, материалдарды Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жөнөттү.

ИИМ ишке “жашыруун” деген гриф койгондуктан эми сот отурумдары жабык өтүп, ага журналисттер жана ишке тиешеси жок адамдар катыша албайт.

Эмилбек Узакбаевдин адвокаты Акынбек Ногоев буга каршы экенин билдирип, иштин айрым жагдайларын ачыктады.

Акынбек Ногоев.
Акынбек Ногоев.

“Негизи иште жашыра турган эч нерсе деле жок. Буга чейин баары тең эле ачык айтылган. Айып коюлганда барып такала турган нерсе бул баягы эле лингвистикалык экспертиза. Анткени ал туура эмес өткөн. 75 адамдын катынын негизинде эле “бул жерде бул бар, мындай бар” деген туура эмес. Лингвистикалык экспертизага эки токтом түшсө бир эле корутунду чыгарып койгон. Эгер сот ачык болсо шектүүлөргө каршы көрсөтмө бергендер журналисттердин көзүнчө көрсөтмөсүн кайра кандай берет деп кооптонгон сыяктуу. Мүмкүн алар мурда берген көрсөтмөлөрүнөн баш тартып коюшмак. Сотту жабык кылып ишти бүтүрүп алалы деген аракет”.

Камчыбек Ташиев, Нурланбек Тургунбек уулу жана Курманкул Зулушевге ИИМ апрель айынын аягында расмий айып таккан жана мурдагы үч чиновник тең эркиндикте.

Ал эми калган беш шектүү Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асанов “75чилердин каты” жарыяланган февраль айында эле кармалып, ошондон бери камакта. Аларга башта Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кийин бул иште жогорудагы үч аткаминер фигурант болуп кошулгандан кийин айып “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренесине которулган.

Эмилбек Узакбаев, Бекболот Талгарбеков, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асанов. (өйдөдөн ылдыйга карай) Коллаж.
Эмилбек Узакбаев, Бекболот Талгарбеков, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асанов. (өйдөдөн ылдыйга карай) Коллаж.

Акынбек Ногоев түшүндүргөндөй, беш киши жогоруда айтылган мурдагы кызмат адамдары менен “кылмышка кош катышуучу” катары каралгандыктан ушул берене менен айыпталууда.

“Ишке “жашыруун” деген гриф коюуну тергөө чечет. Алар ушундай деп чечиптир. Камчыбек Ташиев тергөөдө коюлган айыпты мойнуна алган жок”, - деди Камчыбек Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов.

Мурдагы атайын кызматты жетектеген, убагында башкы прокурор болгон жана Жогорку Кеңештин спикери кызматын аркалаган үч адамга өтө оор беренелер менен айып коюлууда.

Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси менен күнөөлүү деп табылгандардын мүлкү конфискацияланып, 10 жылдан 15 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылат. Ал эми 337-берене менен айыптуу деп табылган учурда 300 миңден 500 миң сомго чейин айыпка жыгылат же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат.

Сот эмне үчүн жабык өтөт?

Коомчулукта коюлган айыптын оор экени жана анда аты аталган адамдар мурда-кийин жогорку кызматта отурганын негиз кылып сот отурумдарын ачык эле өткөрүү талаптары да айтылып жатат.

Эгемен Кыргызстандын тарыхындагы кезектеги бийлик алмашуудан кийин 2020-жылы мамлекеттин башына келген командадагы, иш жүзүндө өлкөдөгү экинчи адам болуп турган жетекчинин соту ачык өтүшү канчалык маанилүү?

Жогорку Кеңештин депутаты Сүйүнбек Өмүрзаковдун пикиринде, соттук териштирүүнүн жабык өтүшүнө атайын кызматтын экс-төрагасына каршы көрсөтмө бергендердин купуялык тууралуу талабы себеп болушу ыктымал:

Сүйүнбек Өмүрзаков
Сүйүнбек Өмүрзаков

“Купуя болгондон кийин иш сот отурумунда жабык режимде каралат. Бул мыйзамда каралган. Ооба, коомчулук иш ачык-айкын каралса деп күтүп жатат. Бирок купуя сыр эмнеден пайда болду? Күбөлөрүн арасында “менин аты-жөнүмдү коомчулук билбесин” деген учур болуп калышы мүмкүн. Балким, Камчыбек Ташиевге көрсөтмө бергендер арасында болуп калышы мүмкүн “мен купуя гана көрсөтмө бере алам” дегендер. Бирок сот процесси бүткөндөн кийин баары бир билинет. Коомчулук билет кандай болгонун. Бул убактылуу. Сот жабык өтөт. Отурумдар бүткөндөн кийин коомчулук баарын билишке укуктуу”.

Президент Садыр Жапаров соңку маегинде 75 адамдын кайрылуусуна Камчыбек Ташиевдин тиешеси бар-жогун тергөө анан сот аныктап, баа берерин айткан. Мурдагы башкы чекист болсо күнөөсү жок экенин, соттон акталып чыгарын билдирген.

Жогорку Кеңештин депутаты Болот Сагынаев Ташиевдин ишинин жабык каралышы жана саясаттагы олуттуу окуяларга түрткү болгон кат боюнча пикирин билдирди:

Болот Сагынаев.
Болот Сагынаев.

“Аны тергөө аныктайт го, купуя өтөбү же ачыкпы. Камчыбек Кыдыршаевич жөн кызматты ээлеп турган жок ушунча жыл аралыгында. Улуттук коопсуздук кызматын, эң бир жашыруун мекемени жетектеп турду. Ошондуктан купуя деп жатышат болуш керек, аны тергөө аныктады. Ал эми “75 кишинин каты” боюнча эч кабарым жок. Бирок, оюмду айта кетсем – арасында көбү мамлекеттик кызматтарды ээлеп жүргөндөр, алардын мамлекетке чоң салым кошконун деле уккан жокпуз, алар өмүр бою интрига менен алек болуп келишкен. Биз жаңы шайланып келдик, ошол кат боюнча же “сен президент тараптасыңбы же Камчыбек Кыдыршаевич тараптасыңбы” деп да эч бир тараптан суроо түшкөн эмес. Президентибиз жүргүзүп жаткан саясатты жалпы коомчулук да, парламент депутаттары да колдоп жатат. Мындай жагдай жаралбашы, парламентке келбеши керек болчу”.

Ал эми юрист, адвокат Нурбек Токтакунов ишти жабык кароо саясий соодалашууга ыңгайлуу ыкма деп эсептейт. Мындай пикирин ал Фейсбук баракчасына жазды:

Нурбек Токтакунов
Нурбек Токтакунов

"Ташиевдин кылмыш ишин жашыруун кароо бийликке да, Ташиевдин өзүнө да пайдалуу. Ошентип алар сүйлөшүп, компромисттик сот чечимине келиши оңой болот. Ал эми коомчулуктун бийликке да, Ташиевге да көптөгөн суроолору жоопсуз кала берет".

Быйыл 9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Алардын айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай туруп эле ага кошулууга макул болгонун айтып чыгышкан.

Акыркы саясий окуялардын фонунда Камчыбек Ташиевге тиешеси бар делген 10 чакты депутат мандатын тапшырды. Алардын ичинен “Кыргызнефтегаз” ишканасындагы коррупциялык ишке байланыштуу Камчыбек Ташиевдин иниси, экс-депутат Шаирбек Ташиев, Камбар-Ата-1 ГЭСин даярдоо этабындагы иштерге байланыштуу Кундузбек Сулайманов жана Бишкектеги жер тилкелерине байланышкан мыйзамсыз схемаларды уюштурган деген айып менен Куванычбек Конгантиев кармалды.

“75чилердин каты” Жогорку Кеңешке түшкөн учурда Курманкул Зулушев парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасы болуп турган.

Кыргыз коомчулугунда “75чилердин каты” делген ат менен белгилүү болуп калган кайрылуу президент Садыр Жапаров менен атайын кызматтын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин тандемин эле ажыратпай, саясаттагы бир топ өзгөртүүлөр менен камоолорго жол ачты.

10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон.

  • 16x9 Image

    Бакыт Төрөгелди

    Кусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG