Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:11

Кыдыралиевдин ордуна Оморканов. Олимпиада комитетинде жетекчилер алмашты

Улуттук олимпиада комитетинин мурдагы президенти Үмбөталы Кыдыралиев жана жаңы президенти Айваз Оморканов. "Азаттыктын" коллажы.
Улуттук олимпиада комитетинин мурдагы президенти Үмбөталы Кыдыралиев жана жаңы президенти Айваз Оморканов. "Азаттыктын" коллажы.

Улуттук олимпиада комитетинин жаңы президенти болуп 29 жаштагы Айваз Оморканов шайланды. Ал буга чейин Эл аралык хоккей федерациясынын кеңешинин вице-президенти болуп келген, Анын олимпиада уюмунун башына келиши түрдүү пикирлер менен коштолду.

Комитетти эки жылдан бери жетектеп келаткан Үмбөталы Кыдыралиев марттын аягында кызматтан кетип, орун ошондон бери бош турган.

Кыдыралиев атайын кызматтын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин санаалашы катары саналчу жана анын ишин тапшыруусу да талкууларды жараткан.

29 жаштагы жетекчи

Кыргызстандын улуттук олимпиада комитетинин президенттигине үч талапкер – Волейбол федерациясынын президенти Элмурза Сатыбалдиев, Кыргыз футбол биримдигинин биринчи вице-президенти Нурдин Букуев жана Кыргызстандын хоккей федерациясынын вице-президенти Айваз Оморканов чыккан. Шайлоого бир күн калганда Сатыбалдиев менен Букуев талапкерлигин алып салып, Оморканов гана калды.

Комитеттин президенттигине Айваз Оморканов жана биринчи вице-президентигине Элнура Осмоналиева шайланды.
Комитеттин президенттигине Айваз Оморканов жана биринчи вице-президентигине Элнура Осмоналиева шайланды.

11-майда өткөн шайлоого комитеттин 49 мүчөсү катышып, Айваз Оморкановдун талапкерлигине 48и колдоп, бирөө "каршы" добуш берди. Жаңы жетекчи журналисттерге өз планын учкай айтып өттү.

“Улуттук олимпиада комитетинин президенти катары алгачкы 100 күндө мен олимпиадалык жана олимпиадалык эмес ар бир федерация менен жолугуп, көйгөйлөрүн угуп, максат-мүдөөлөрүн, стратегиялык пландарын, жол картабызды талкуулап алгым келет. Албетте, 2028-жылы Лос-Анжелесте өтө турган олимпиаданын алдында Кыргызстанда олимпиадалык спорттун түрлөрүнө арыткчылык берилмекчи. Президент катары мага анда медалдар гана эмес, лицензияларды алуу да абдан маанилүү. Анткени, канчалык көп лицензия алсак, биз Кыргызстандын имиджин мүмкүн болушунча эл аралык деңгээлде көтөрө алабыз”, – деди ал.

Спорт жана саясат. Улуттук олимпиада комитетиндеги шайлоо
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:18 0:00

Өз талапкерлигин алып салуу чечимин Элмурза Сатыбалдиев жаңы муунга орун берүү максаты, Нурдин Букуев өзүнүн тармактык федерациясына көбүрөөк көңүл буруу аракети менен түшүндүрдү.

Улуттук олимпиада комитетинин конгрессинин 11-майдагы отуруму.
Улуттук олимпиада комитетинин конгрессинин 11-майдагы отуруму.

Улуттук олимпиада комитетин 2024-жылдан бери жетектеп келаткан Үмбөталы Кыдыралиев быйыл март айынын аягында кызматтан кеткен. Ал комитеттин президенттигин тапшыруу себебин депутаттык ишмердиги менен байланыштырды. Ал Бокс федерациясынын жетекчиси катары жаңы президентти шайлоого өзү катышты.

Улуттук олимпиада комитетинин мурдагы президенти, депутат Үмбөталы Кыдыралиев шайлоодон кийин журналисттерге буларды айтты:

“Мен Айваз Оморкановдун талапкерлигин колдойм. Ал программасын айтып берип, тааныштырды. Менин негизги принцибим, таланттуу, билимдүү, жаш, аракет кылган жаштарды көрсөм, аларды колдойм. Ошону үчүн мен өз добушумду Айвазга бердим. Мен ишенем, ал бүт күчтөрдү консолидация кылып туруп, биздин ресурстарды жыйнап, келерки олимпиадага жакшы деңгээлде алып барат деп ишенем. Мен Жогорку Кеңештин депутаты болдум. Азыркы заманда эки-үч тармакта иштөө кыйын, ошону үчүн мен депутат катары өзүмдүн күчүмдү ошол жакка жумшайын деп атам. Мына ушул нерсе негиз болду”.

Жаш демекчи, Айваз Оморканов 29да. Бээжинде эл аралык университеттин экономика адистигин, Бишкекте Улуттук университеттин юрист адистигин аяктаган.

Айваз Оморканов өз жеңиштеринин биринде.
Айваз Оморканов өз жеңиштеринин биринде.

Триатлон, дуатлон жана акватлон спорттору боюнча Кыргызстандын чемпиону. Триатлон боюнча спорт чебери, велоспорт боюнча спорт чеберине талапкер. Ironman мелдештери боюнча да эл аралык жарыштардын жеңүүчүсү.

Атасы Анвар Оморканов саясатчы. 2012-2025-жылдары Токмок шаарында мэр болуп иштеген, Кыргызстандын Хоккей федерациясында бир нече жылдан бери президент. Айваз Оморканов да атасы жетектеген федерацияда вице-президент.

Айваз Оморканов Эл аралык хоккей федерациясынын алкагында өткөн оюндардын бириндеги сыйлык тапшыруу маалы.
Айваз Оморканов Эл аралык хоккей федерациясынын алкагында өткөн оюндардын бириндеги сыйлык тапшыруу маалы.

Оморкановдордун кенжеси 2021-жылдан бери Эл аралык хоккей федерациясынын кеңешинин вице-президенти болуп иштеп келаткан.

Жетекчи алмаштын саясатка кандай тиешеси бар?

Улуттук олимпиада комитети – эл аралык олимпиадалык кыймылда Кыргызстандын атынан чыккан уюм. Эл аралык олимпиада комитетинин, Азия Олимпиада кеңешинин жана башка эл аралык уюмдардын мүчөсү. Кыргыз спортчуларын дүйнөлүк кышкы жана жайкы олимпиада оюндарына алып чыгат. Комитетке өлкөдөгү спорттук федерациялардын дээрлик баары мүчө.

Кыргызстандын күрөш федерациясынын ардактуу биринчи вице-президенти, уюм жетекчисинин атынан шайлоого катышкан Алмаз Бекбоев "Азаттыкка" курган маегинде алар жаңы президенттен эмнени күтүп жатышканын айтып берди:

Алмаз Бекбоев
Алмаз Бекбоев

“Эми бул нерсе күтүүсүз болду десек болот. Биз өзүбүзчө даярданып жатканбыз. “Үмбөталы Кыдыралиев кызматтан кетет экен, шайлоо болот экен” деген сөздөр чыгып калды. Анан жаңы талапкер менен жолугуп, сүйлөштүк. Программасын уктук, жакты. Жаш болсо да спорт жагында тажрыйбасы бар экен. Биздин шарттар, эскертүүлөр да болду. Буга чейин биз көп нерсеге аралашкан эмеспиз, олимпиада комитетинде биздин федерацияда вице-президент кызматы болсо дагы, биз чечимдерге аралашкан эмеспиз. Олимпиаданын алдында жолугуп, өз алдынча эле даярданып жүргөнүбүз болбосо, түзүмгө аралашкан жокпуз. Шайлоого, конгресске келгиле деди. Бардык. Бир талапкер болду, шайладык. Негизи Айваз спортто жүргөн бала, триатлон менен машыгат. Хоккей федерациясында жүрөт. Анан сөзсүз эле спортчу же тренер болуштун кажети жок го деп ойлойм. Менежерлик, уюштуруучулук күчтүү болсо болот, Улуттук олимпиада комитети ошондой жер. Беш тилде эркин сүйлөйт экен. Ал Азиянын хоккей тармагына 5 миллион доллардан ашык сумманы инвестиция тартыптыр. Эми комитеттин ичинде каралбай жаткан спортторго, анын ичинде күрөшкө да көңүл бурса жакшы болот го деп ойлойм”.

Кыргызстан эгемендик алган жылдары - 1993-2004-жылдары Улуттук олимпиада комитетин спортчу Эшим Кутманалиев жетектесе, 2004-2005-жылдары ошол кездеги президенттин уулу Айдар Акаев, 2005-2006-жылдары саясатчы Баяман Эркинбаев башкарган.

2006-2015-жылдары Мурат Саралинов мекемеде башчы болсо, ишкер Шаршенбек Абдыкеримов 2015-2021-жылдары президент болду. Садыр Мамытов 2021-2024-жылы жетекчиликти аркаласа, Мамытов кеткенден бери кызматта Үмбөталы Кадыралиев отурган.

Үмбөталы Кыдыралиев менен Камчыбек Ташиев эл аралык мелдешке катышкан спортчулар менен жолугушуусу. 1-март, 2023-жыл.
Үмбөталы Кыдыралиев менен Камчыбек Ташиев эл аралык мелдешке катышкан спортчулар менен жолугушуусу. 1-март, 2023-жыл.

Кадыралиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы башчысы Камчыбек Ташиевдин сааналашы катары айтылып жүрөт. Ташиев өзү быйыл февралда кызматынан алынып, андан кийин Кыргызстандын футбол федерациясынын президенттигинен да кетти.

Ушул окуялардын фонунда бир катар депутаттар мандатын тапшырып, айрым жетекчилер кызматтан алынды. Кадыралиевдин Улуттук олимпиада комитетинен кетиши да ушул окуялар менен байланыштырылып жатат.

Спорт журналисти Гүлиза Авазова комитеттеги жетекчиликтин алмашуунун көмүскө жайдаларына мындайча мүнөздөмө берди:

Гүлиза Авазова
Гүлиза Авазова

“Спорт дайыма саясаттан алыс деп айтабыз. Бирок баары бир ар бир ушундай нерселер болгондо, шайлоо өткөндө саясат болот. Кантсе да, бул кызматка саясатчылар келсе да көбүнчө спортко аралашып жүргөн адамдар келет, албетте, ичинде байлары көбүрөөк кызыгат. Менимче бул ирет тараптар сүйлөшүп, кандайдыр бир келишимге келип, анан бир талапкер чыгарышты окшойт. Эми азыркы кызматтан алмашууларда “ташиевчилер” менен “жапаровчулар” менен алмашып жатабы, жокпу так айта албайм. Улуттук олимпиада комитетинин мурунку президенти Ташиевдин досу болгон деп мен да уккам. Анан ошол себептен кетиши да мүмкүн. Бир жагынан анын ыйгарым укугунун мөөнөтү да бүттү деп айтышты. Эми Айваздын атасы Анвар Оморканов да көп жылдан бери хоккей федерациясын жетектейт. Албетте, бул жерде атасынын колдоосу дагы болушу мүмкүн. Бирок ал чоң саясатка таасир эте алган саясатчы деп айта албайм”.

12-майда Кыргыз футбол биримдигинин кезексиз конгресси өтүп, Камчыбек Ташиевдин ордуна – биримдиктин президенттигине Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев шайланды. Касымалиев аталган кызматка жалгыз талапкер болду.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG