Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:36

"Мафия": Көкжал журналист, "көлөкөдөгү кардинал"

"Мафия" тасмасында Уланбек Эгизбаевдин ролун жараткан актер Бакболот Коңурбаев (оңдо) жана Али Токтакуновду ойногон Баястан Колдошалы (солдо).
"Мафия" тасмасында Уланбек Эгизбаевдин ролун жараткан актер Бакболот Коңурбаев (оңдо) жана Али Токтакуновду ойногон Баястан Колдошалы (солдо).

Кыргызстанда саясий, курч окуялуу “Мафия” аттуу көркөм тасма тартылды. Анда окуя “Азаттыктын” журналисти, маркум Уланбек Эгизбаевдин кейипкеринин (прототип) айланасында өнүгөт.

Бажыдан Ак үйгө жеткен жемкорлук, көшөгө артындагы оюндар, бейкүнөө курмандыктар...

Айрым сюжеттер эгемендик жылдары биз күбө болгон тарыхтын үзүмдөрү.

Бажыдагы коррупция, машинеси менен өрттөнүп кеткен “көмүскө кардинал”, “мистер 10%”, шайлоо жана жемкорлукка каршы митингдер...

“Мафия” – эгемен Кыргызстандын оош-кыйыштуу саясатынын топтому. Андан бажыдагы чиновниктин паранын күчү менен Ак үйдөн тартып криминалдык дүйнөгө чейин колго алганын көрүүгө болот.

Албетте, тасмадагы көп окуялар көркөмдөлгөн. Бирок жомок жоктон жаралбайт дегендей, фильмдин айрым каармандары көрүүчүгө тааныш.

Тасманын Бишкекте өткөн жабык көрсөтүүсү.
Тасманын Бишкекте өткөн жабык көрсөтүүсү.

Тасманын продюсери, “МедиаХаб” уюмунун жетекчиси Али Токтакунов “Азаттыкта” иштеп турганда бажыдагы коррупцияны иликтеген.

Ал маркум Улан Эгизбаевден башка каармандар жалпы образдар экенин, бирөөлөрдү таарынтып алуудан коркпосун айтты:

“Биринчиден, бул фильмде жалгыз гана Уландын образы Уланга таандык. Коррупционердин образы Кыргызстанда отуз жыл ичинде мен көрүп-билген, сценаристтер тааныган адамдар. Биз алардын образын, башка кейипкерлерди, окуяларды да чогулттук. Биз иликтеген окуяларга тиешеси бар адамдар деп айта албайм. Бул көркөм фильм, бирок болгон окуяларды сыгып, маңызын коштук. Бул кино Кыргызстандын отуз жылдык тарыхынын 1,5 саатка баткан версиясы десем болот. Кинодо биз көрсөткөн кээ бир адамдардын көзү тирүү, көзү өтүп кеткени бар, куйту саясатчыларды коштук. Биз корксок, эч нерсе жаралбайт. Анда өлкөнү бандиттерге бастырабыз. Уланбек Эгизбаев коркпой иликтөө жасаган “мен кылбасам, ким кылат?” деп. Анын ишин мен жана он чакты кесиптештер уланттык. Ошол иликтөөгө азыркы бийлик келип чекит койгон. Бул тайбас адамдардын тасмасы. Көргөн адамдар жылуу пикирин айтып жатышат. Кочкордо, Бишкекте андан кийин Ошто көрсөттүк”.

Токтакунов бир көрүп унута турган эмес, маданий мурас катары калчу, коомду агартуучу тасма тартууга аракет кылганын белгиледи.

“Мафия” тасмасын тартуу учуру
“Мафия” тасмасын тартуу учуру

Тасмада Али Токтакуновдун өзүнүн дагы образы бар. Аны жаш актер Баястан Колдошалы ойногон.

Уланбек Эгизбаевдин ролун жараткан актер Бакболот Коңурбаев 23 жашта. Ага бул ролду ойноо оңойго турган эмес:

“Тасмага чейин эле таанычу элем. Иликтөөлөрүн көрүп жүрчүмүн. Кийин Али байке чакырып, ойноп калдым. Ушуну менен төртүнчү фильмде баш каарманды ойноп жатам. Мен тартылган долбоорлордун баары жакшы. Өзүм тандап тартылам. Азыр карьерам жаңы башталып келе жатат. “Мафияда” ойноо кичине оор болду. Башка кинодо ойдон чыгарылган каармандарды ойносом, мында бул дүйнөдө жашап өткөн адамды ойнодум. Ал адамдын кулк-мүнөзүн, жүрүм-турумун ачып бериш мен үчүн жоопкерчиликтүү, анан кыйын иш болду. Сүйлөгөнүн, кыймыл-аракеттерин окшоштуруу үчүн Улан байкенин видеолорун, иликтөөлөрүн кайра көрүп чыктым. Тартуу учурунда Али байке да кантип сүйлөш керектигин, суроо берүүнү үйрөтүп жатты”.

“Мафиядагы” айрым кадрлар чет өлкөдө тартылган. Коңшу өлкөлөрдөн актерлор чакырылган.

Проюдсер Али Токтакунов фильмге канча каражат жумшалганын сыр бойдон калтырды:

“Биз эл аралык топ менен иштедик. Казакстандан актерлор Нышанбек Жубанаев менен Олжас Тогымбетти чакырдык. Грузиядан, Азербайжандан да актерлор келишти. Кыргыз актерлорунан Азиз Бейшеналиев, Болот Тентимишов, Данияр Жанжигитов ойноду. Орусияда таанылган кыргыз актерлору келди. Түштүк Кореянын “Оскар” алган “Мителер” тасмасы бар эмеспи. Анын режиссеру менен иштешкен операторлорду алып келдик. 5.1 форматтагы добушту Непалдан жаздырдык. Европа менен иштештик. Ар тараптуу кызматташтыктын негизинде жаралган тасма болду. Кээ бирөөлөр дүйнөнүн бир топ өлкөлөрүндө тартсаңар эсепсиз акча кеткен тура дешет. Жок, тескерисинче, алардын эмгектери, гонорары Кыргызстанда жасалган иштерден арзан түштү. “МедиаХабдын” ишмердигинде чет өлкөлүк кесиптештер менен иштешип калдык эле. Ал жактагы кесиптештер, өнөктөштөр фильмдин максатын эске алып, кайра жардам берип жатышты. Андан тышкары тасмага жаңы жүздөрдү өлкөнүн булуң-бурчунан издедик. Ошол жактан таап, тарттык. Айрым актер-актрисалардын дебюттук ролу болду. Уландын келинчегин ойногон актрисанын, УКМКнын офицерин ойногон жигиттин биринчи ролу. Актерлор режиссер Дастан Мадалбековдун кыраакы көзү менен тандалды. Дастан өзү Орусиядан ВГИКти бүтүрүп келген, айтылуу режиссер Владимир Меньшовдун окуучусу”.

“Мафия” тасмасын тартуу учуру
“Мафия” тасмасын тартуу учуру

“Мафиянын” жабык көрсөтүүсү адегенде Уланбек Эгизбаевдин кичи мекени Кочкордо өткөн. 21-апрелде Бишкектеги “Космопарк” кинотеатрынын эки залында көрсөтүлдү. Ага бир катар маданий жана коомдук ишмерлер, медиа чөйрөнүн өкүлдөрү, белгилүү блогерлер келди.

Жакынкы күндөрү элге сунуштала турган тасмага режиссер Сүйүн Откеев оң баасын берди:

“Аягына чейин эмне болот деп күтүп отурат экенсиң. Эмоция бар. Мага оператор-монтажчынын, сүрөтчүнүн иши жакты. Масштабдуу болуптур, көп жерден тартышыптыр. Демек, каражат жагынан да көп кыйынчылык болгон эмес. Ойдон чыгарылган көркөм тасма болсо деле саясатты түшүнгөн кишилер салыштырып көрөт экен. Али Токтакунов журналистикадан кино дүйнөсүнө кирип жатпайбы. Бул жакшы башталыш. Саясий-социалдык драма десек болот го. Айрым каармандарды боолгоп билет экенсиң. Бирок айрым окуяларды, айталы, 2020-жылдагы элдик толкундоону кайра тартпай эле реалдуу видеонун өзүн кошуп койсо болмок. Албетте, кинону жиликтесең сындаганга илинчек табыла берет. Бирок мен андай көз караш менен көргөн жокмун. Эгер кинону ойлонбой көрсөң, анда ал жакшы тартылганынан кабар берет. Техникалык жактан карай турган болсок, ашыкча кадр жок, баары өз ордунда. Мурдагы кинолордо дрон болсо аны кайра-кайра көрсөтүшчү же чет өлкөдө тартылса, даректүү тасмадай кылып беришчү. Кадрлардын кыска берилгени жеке мага жакты. Андан аркысын көрүүчүлөр өздөрү ойлонуп, пазлды коюп алышат”.

“Мафия” тасмасын тартуу учуру
“Мафия” тасмасын тартуу учуру

Кыргыз киносунун тарыхында журналисттер тууралуу тасмалар бирин-серин. Союз маалында Төлөмүш Океев тарткан “Алтын күз” тасмасынын баш каарманы - журналист. “Кызыл алмада” баш каармандын жубайы - диктор.

2006-жылы Садык Шер-Нияз “Биринчи кадр” тасмасына сенсация издеген журналисттин образын кошкон. 2020-жылы телеканалда иштегендер жөнүндө “Эфир” аттуу сериал тартылган.

Журналист Аскер Сакыбаева “Мафия” жогорудагылардан айырмаланып эгемендик жылдарындагы журналисттин опурталдуу ишин чагылдырганы жана конкреттүү образды ачканы менен баалуу дейт:

Аскер Сакыбаева
Аскер Сакыбаева

“Азыркы доорду чагылдырган журналисттер тууралуу тасма жок болчу. Соңку он жылдагы, коррупция боюнча алсак отуз жылдагы окуяларды көрүүгө болот. Менин окуучум, кесиптешибиз Уланбек Эгизбаевдин жасаган ишин өзөк кылып тартканы жакшы болду. Себеби Улан элдин эсинен өчө элек. Кинодо арам оокат аш болбосун, элдин акчасы элге кайта турганын дагы нуска катары берип жатышат. Коррупциянын бети эртеби-кечпи ачылат деген маани бар. Көп эле кишилердин кейипкерлерин тааныдык. Масштабдуу, көп каражат сарпталып, көп аракет жумшалганы көрүнүп турат. Бирге жүргөн досун, кесиптешин, замандашын унутулбасын деп кино тартуунун өзү чоң адамгерчилик. Анча-мынча кемчилиги да бар экен. Бизде ушул бай десе эле кабат-кабат үйү бар, таңгак-таңгак акчасы бар, кийимдин жакшысын кийген бирөөнү элестетебиз. Кечээ дагы ошондой атрибуттарды кинодон көрдүк. Мага ошол примитивдүү көрүндү. Ошол каармандын образын тереңирээк ачса болот беле... Ошончо миллионду кармап, кол астындагыларды ийиктей чимирилткен адам жөн адам эмес да. Аны бок курсак кылып көрсөтүп коюптур. Уланды ойногон актер, анын келинчегин ойногон кыз жакшы аткарышыптыр”.

Аскер Сакыбаева айткан терс каарман тууралуу ойго ишкер Рыскүл Акимжанова да кошулат. Ал каармандарды ак-карага бөлүү эски ыкма экенин, айрым сюжеттер бышпай калганын сынга алды.

“Бул кинодогу окуяларды биз билген үчүн, кейипкерлерди тааныган үчүн, окуялар бүтө элек үчүн купулума толбоду. Бул окуяларды сыгып туруп, маңызын чыгарса алты же 12 сериялуу тасма чыкмак. Каармандар жаман-жакшы болуп бөлүнүп, образдары ачылбай калган. СССР убагында тартылган тасмалар ушул ыкманы көп колдончу. Мен тасмадагы мафиянын башчыларын Кыргызстандагы акылдуу адамдар деп эсептейм. Эл аралык түйүндү башкарганды билген киши кинодогудай акылсыз, аңкоо болбосо керек. Эгер аны каардуу кылып көрсөтүп, аны жеңсе, кино, балким, өтөсүнө чыкмак. Көзүбүз кинону көрүп жатканда мээбиз чыныгы окуяны эстейт да. Жетпей калган пазлдарды өзүбүз коюп жатабыз. Бирок чет өлкөлүк көрүүчү аларды билбегендиктен түшүнбөйт дагы. Анткени сюжеттик линия жок. Улуттук кинону да, тарыхый тасманы тарткандар да биздей эле ойлонот да. Өз кулк-мүнөзүбүзгө таандык жүрүм-турумубузду кинодон көрсөк түшүнөбүз. Бирок башкалар түшүнбөй, суроо жарала берет. Ошон үчүн тасмалар эл аралык деңгээлге чыга албайт”.

“Мафия” тасмасын тартуу учуру
“Мафия” тасмасын тартуу учуру

“Азаттыктын” журналисти Уланбек Эгизбаев 2017-жылы бажыдан байып, эбегейсиз таасидүү фигурага айланган Райымбек Матраимов жөнүндө алгачкылардан болуп видео-иликтөө жасаган. Ал бажыдагы коррупциялык схемалар жөнүндө айтып, "мамлекеттик кызматта иштеген аткаминер байлыкты кайдан топтогон?" деп суроо салган.

Эгизбаев 28 жашында, 2018-жылы 22-июлда Ысык-Көлдө эс алып жүргөндө сууга чөгүп каза болгон.

“Азаттык” андан кийин Матраимов жөнүндө бир нече иликтөө жарыялап, Али Токтакунов жана бир катар медиалар биргеликте чиновниктин көмүскө жүк ташуу схемасын ачыктап беришкен. Ал иликтөөлөрдө Матраимовдун коррупциясы жөнүндө маалымат берген уйгур тектүү кытайлык ишкер Айеркен Саймаити 2019-жылы күзүндө Түркияда киши колдуу болгон.

2020-жылы өлкөдө саясий бийлик алмашкандан кийин Райымбек Матраимов бир нече жолу кармалып, 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзгөнүн, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтиргенин сотто көрсөтмө берип жатып мойнуна алган.

2024-жылы 25-мартта Азербайжандан кармалып, Бишкекке жеткирилген соң дээрлик тогуз айдай тергөө абагында жаткан Райымбек Матраимов кийинки жылы ноябрда бошотулуп, декабрда “бейбаштык” беренеси менен соттолгон.

Ошол кездеги атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев Матраимов мамлекеттик бюджетке 200 миллион доллар төлөп, тергөө абагынан чыкканын айткан.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG