Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:44

“Сайпидиновдун айтканы чынбы?" Эгизбаевдин апасы бийликке кайрылды

11-февраль, 2026-жыл.
11-февраль, 2026-жыл.

Иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаевдин апасы Жыпаргүл Сариева баласынын өлүмү жөнүндө айткан мурдагы бажычы Раимбек Матраимовдун өкүл баласы Мунарбек Сайпидиновдун айткандарына укуктук баа берилбей жатканына нааразы.

Эгизбаевдин апасы президент Садыр Жапаровго кайрылып, Сайпидинов боюнча укук коргоо органдарынын иликтөөсүнүн жыйынтыгын күтүп жатканын айтты.

Сайпидиновдун айтканы аныкталдыбы?

Уланбек Эгизбаев атындагы журналисттик иликтөөлөр сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземинде маркум журналисттин апасы Жыпаргүл Сариева Раимбек Матраимовдун өкүл баласы Мунарбек Сайпидиновдун айткан сөздөрү боюнча өлкө бийлигине кайрылды.

Журналисттин апасы Сайпидинов баласынын өлүмүнө байланыштуу маалыматы бар экенин айткандан бери ал укук коргоо органдарынын иликтөөсүнүн жыйынтыгын күтүп жатканын, бул боюнча эч кандай маалымат берилбегенине нааразы болду.

Сариева Сайпидиновдун сөздөрүнүн чын-бышыгы иликтенип, укуктук баа берилиши керек деп эсептейт.

Жыпаргүл Сариева
Жыпаргүл Сариева

“Мени алып кетпесеңер болбойт, анткени мен Уландын өлүмүнө себепкер болгон Матраимовдор жөнүндө айтып берем деген баланы жанталашып түнү менен алып келишти эле...” Сайпидиновго окшогон... Шүмшүк дейин десем анын да мендей апасы бардыр. Ал бала убагында Матраимовдун нанын жеген. Ал ошончолук эле жалган маалымат берип, ушул жакка келген болсо, ага жаза жокпу? Ушул иштен жыйынтык чыгарып беришиңерди энеси катары суранам, керек болсо талап кылам", - деди.

Матраимовдун өкүл баласы Мунарбек Сайпидинов өткөн жылы август айында Орусиядан кармалып келгенден бери камакта. Анын иши тергелип бүтүп, Оштун Кара-Суу райондук сотуна өткөн. Ош облустук сотунан соттук териштирүү бүтө элек экенин кабарлашты.

Сайпидинов видео кайрылуу жарыялап, анын кармалышына Матраимов себепкер болорун, “Айэркен Саймаитинин жана журналист Улан Эгизбаевдин өлүмүнө байланыштуу айрым фактыларды билерин" айткан болчу.

Ички иштер министрлиги Мунарбек Сайпидиновго Кара-Суу районундагы мамлекетке таандык жерлерди менчикке мыйзамсыз берүү фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси “Коррупция” менен кылмыш иши козголгонун билдирген.

Күч органдары “Азаттыкка” анын Эгизбаев жөнүндө айткандары боюнча маанилүү маалыматтар жок экенин билдирген.

Мунарбек Сайпидинов (мурдагы фамилиясы Раимбеков) Кара-Суудагы Савай айыл өкмөтүн 2016-жылдан 2020-жылга чейин жетектеген. Ал Матраимовдун өкүл баласы катары эң жакын тарапташтарынын бири болгон.

Уланбек Матраимовдорду иликтеген...

2017-жылы иликтөөчү журналист, маркум Уланбек Эгизбаев бажыдан байып, эбегейсиз таасидүү фигурага айланган Райымбек Матраимов жөнүндө алгачкылардан болуп видео-иликтөө жасаган. Ал бажыдагы коррупциялык схемалар жөнүндө айтып, "мамлекеттик кызматта иштеген аткаминер байлыкты кайдан топтогон?" деп суроо салган.

Улан Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда Ысык-Көлдө эс алып жүргөндө сууга чөгүп, 28 жашында өмүрү кыйылды.

Андан кийин “Азаттык” Матраимов жөнүндө бир нече иликтөө жарыялап, анын көмүскө жүк ташуу схемасын ачыктап берген. Ал иликтөөлөрдө Матраимовдун коррупциясы жөнүндө маалымат берген уйгур тектүү кытайлык ишкер Айеркен Саймаитини Түркияда атып кетишкен.

2020-жылы өлкөдө саясий бийлик алмашкандан кийин Райымбек Матраимов бир нече жолу кармалып, 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзгөнүн, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтиргенин мойнуна алган.

2024-жылы 25-мартта Азербайжандан кармалып, Бишкекке жеткирилген соң дээрлик тогуз айдай тергөө абагында жаткан Райымбек Матраимов кийинки жылы ноябрда бошотулуп, декабрда “бейбаштык” беренеси менен соттолду.

Ошол кездеги атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев Матраимов мамлекеттик бюджетке 200 миллион доллар төлөп, тергөө абагынан чыкканын айткан.

Уландын иши уланып келет...

11-февралда жыл сайын болуучу Уланбек Эгизбаев атындагы журналисттик иликтөөлөр боюнча сыйлыктар тапшырылды.

Анда 1-орунду “Мончок медианын” “Эндиктин тамыры кимге керек?” материалы алды. “Азаттыктын” журналисттери Эрнист Нурматов менен Бексултан Абибакир уулунун “Кыргызстан криптовалюта чыгарды, орус олигархы биржада миллиарддарды айлантты” видео иликтөөсү жана Мунарбек Имаровдун “Улан Эгизбаевдин иши уланууда… Мүрзө сатуу легалдуубу?” видеосу экинчи, ал эми үчүнчү орунду Даяна Данияр кызынын “Ош шаарындагы базарды жылдыруудагы мэриянын алешемдиги” деген аталыштагы материалы үчүн алды. Төртүнчү орун “Салам Медианын” “Баткен күрүчүнүн сапаты коркунучтабы?” жана “Тандыр Медианын” “Боз-Бөлтөктөгү мыйзамсыз казуулар жана экология” материалына берилди.

Журналист Эрнис Нурматов кесиптеши Эгизбаевдин иликтөө жанрына калтырып кеткен мурасын белгиледи.

“Азаттыктын” журналисти Эрнист Нурматов сыйлык алуу учурунда
“Азаттыктын” журналисти Эрнист Нурматов сыйлык алуу учурунда

“Ал чындык деп күйчү. Чындыктын, калыстыктын фанаты болчу. Адилетсиздик дегенде күйүп кетчү. Менин оюмда анын артыкчылыгы куйкум тилдүү экендигинде. Материалдарын жазып жатканда кычып, ачуу, куйкум жазчу”, - деди Нурматов.

Журналисттик иликтөөлөр боюнча сынакка эркин журналист, блогерлер дагы материалдарын тапшырган. Аларды бири Мунарбек Имаров Эгизбаевдин акыркы иликтеген темаларынын жыйынтыгына кызыккан.

“Мени иликтөөдөгү биринчи кадамым ушул агабыздын иши менен башталды. Анткени ошол мүрзөлөрдөн өтүп бара жатып, “ушул иш эмне болду экен?” деген суроо пайда болчу. Акыры анын жыйынтыгына жеттик”, - деди Имаров.

Журналистик иликтөөлөр фондунун байкоочу кеңешинин мүчөсү Айзада Касмалиева өлкөдө эркин медиалар басымга кабылып турган чакта, Эгизбаев атындагы сыйлык иликтөөчүлөргө дем берерин белгиледи.

"Иликтөө жанры дагы мындан ары жашап кетиш керек деген маанилүү жолдо турат. Азыр журанлисттердин арасында абакта отурганы, четке чыгып кеткени бар. Ошондой учурда журналисттердин ташыркап калбай, четтебей, иликтөөчү болобуз, коомдогу көйгөйлөрдү айтабыз, кесиптик милдетибизди аткарабыз деген көз карашы кубандырат".

Сынакка журналисттик иликтөө менен алектенген журналисттердин, медиа тармагында иш алып барган уюмдардын, фрилансерлердин, жарандык активисттердин, блогерлердин, студенттердин жана башка кызыкдар тараптардын иштери кабыл алынды.

Сынакта журналисттик иликтөөнүн актуалдуулугу жана теманын масштабы, автордук ыкма жана стили, теманы толук ачып берүү, иликтөөнүн далилдүүлүгү, алынган маалыматтын эксклюзивдүүлүгү, иликтөөчү журналистиканын этикалык жана кесиптик стандарттарын карманышы эске алынат.

Журналисттик иликтөөлөр фонду 2018-жылы сентябрда ишмердигин баштаган. Фонд иликтөөчү журналисттерге тренингдерди, долбоорлорду уюштуруу иштери менен алектенет. Жыл сайын мыкты журналисттик иликтөөлөр арасында сынак жарыяланып, 12-февраль - Уланбек Эгизбаевдин туулган күнүндө сыйлык ыйгарылып келет. Бул жолу 11-февралда уюштурулду.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Шерине

XS
SM
MD
LG