Жалал-Абад облустук сотуна келип түшкөн кылмыш иштеринин төрттөн үч бөлүгү жашы жете элек балдардын жыныстык кол тийбестигине кол салгандар боюнча болууда. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук сотунун төрайымы Жыпара Сабырова 14-майда президенттин облустагы өкүлү Тилек Текебаевдин Сузакта эл менен жолугушуусу учурунда билдирди.
Сабырова бул маалыматты уулу жашы жете элек кызды зордуктоого айыпталып, сегиз жылга камалып кеткенин айтып даттанган аялга жооп берип жатып айтты. Сот төрайымы жашы жете элек кызды мамлекет коргоого аларын белгиледи.
"Мына, Сузактагы тергөө абагынын үчүнчү кабаты жалаң жашы жете электердин жыныстык кол тийбестигине кол салгандар болуп жатат. Мамлекет жашы жете элек балдарды коргойт. Үйдө да балдарыңарга үйрөткүлө: миң макул болгон күндө да жашы 18ге толо элек болсо аны менен жыныстык катнашка барган болбойт. Бул кылмыш. Эгер күнөөсү болсо 8 жылдан 10 жылга чейин камалат", - деди Сабырова.
Быйыл январда Жогорку Кеңеш педофилияга айыпталгандарды өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратууну жана аларга мунапыс да берилбешин талап кылган мыйзам долбоорун колдоп берген.
Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, өлкөдө балдарга карата кылмыш саны өсүүдө. 2025-жылы Кыргызстанда 369 сексуалдык зомбулук фактысы катталды. Анын ичинде басымдуу бөлүгү зордуктоо. 137 зордуктоо фактысы, 16 жашка толо электерге карата сексуалдык мүнөздөгү 115 аракет, 43 зомбулук, сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоого байланыштуу 20 факт жана башка кылмыштар катталган. Сексуалдык зомбулуктан 288 бала, 77 аял жабыркаган. (ZKo)
Шерине