Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына (ЖАМК) караштуу Кайтаруу жана конвой департаментинде аскердик милдет өтөп жаткан жоокерлер күзөттө турган учурда көкүрөгүнө камера тагына башташты. ЖАМК жоокерлердин коопсуздугу үчүн 450 данаа камера сатып алып, тийиштүү батальон, роталарга тараткан.
Бул тууралуу Акыйкатчы институту 14-майда маалымдады. Маалыматка ылайык, институттун кызматкерлери бир ай мурун Чүй облусундагы эки аскер бөлүгүнө: ЖАМКнын Кайтаруу жана конвой департаментине №3 батальонуна жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) №86123 аскер бөлүгүнө мониторинг жүргүзгөн. Анда акыйкатчынын буга чейин берген сунуштарынын аткарылышы да текшерилген.
Укук коргоо уюму бул аскер бөлүктөрүндө жоокерлерге психологиялык колдоо күчөтүлүп, атайын психологиялык тестирлөө ыкмалары колдонууга киргизилгенин билдирди. Ага ылайык, психологдор аскердик кызматка көнүүдө кыйналган жаш жоокерлер менен жекече иш алып барышат.
ӨКМдин аскер бөлүктөрүндө 2025-жылы катталган окуялардан соң, үч аскер кызматкерине сөгүш жарыяланып, эки кызматкерге эскертүү берилген. Ошондой эле бир кызматкер мөөнөтүнөн мурда кызмат ордунан бошотулуп, дагы бир кызматкер ээлеген кызмат ордунан төмөндөтүлгөн.
ӨКМге тиешелүү аскердик бөлүктөрүнө, казармалык жана кароолдук жайларына жалпысынан 113 үн жазуу функциясы бар видео-байкоо аппараты орнотулган.
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева буга чейин ар бир аскер кызматкери жана жоокер мамлекеттин камкордугунда болушу зарылдыгын белгилеп, тийиштүү органдарды бул жааттагы чараларды күчөтүүгө чакырган.
Акыйкатчы институту былтыркы сегиз айда Коргоо министрлигинин аскер госпиталына жалпысынан 783 адам кайрылса, анын 114ү катардагы жоокерлер болгонун билдирген. Январь-июль айларында 8 аскер кызматкери жараат алган.
7-апрелде “Эркечтам” өткөрүү пунктунда өмүрүнө кол салганы айтылган 22 жаштагы жоокер каза болгон. 5-январда эле Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Бай-Мундуз айылындагы №10 түзөтүү мекемесинде кызмат өтөп жаткан жоокер өз жанын кыйган. (ZKo)
Шерине