Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Бай-Мундуз айылында жайгашкан №10 түзөтүү мекемесинде кызмат өтөп жаткан жоокердин өлүмү 5-январда маалым болду.
18 жаштагы улан Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Күзөт жана конвой департаментинин батальонунда кызмат өтөп жаткан.
Аталган мекеме тараткан билдирүүгө ылайык, окуя дүйшөмбүдө болжол менен саат 15:25те болгон. Алдын ала маалымат боюнча, жоокер белгисиз себептерден улам табелдик куралынан өзүнө ок чыгарган. Ал алган жараатынан ошол эле жерден көз жумган.
Окуя болгон жерге күзөт жана конвой департаментинин башчысы, полковник Курманбек Сокеев, ошондой эле ыкчам-тергөө иштерин уюштуруу үчүн тиешелүү кызматтардын жетекчилери барган.
Текшерүү иштерине Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмү жана Жалал-Абад гарнизонунун аскер прокуратурасы да тартылган.
Учурда Аскер прокуратурасы сотко чейинки тергөө амалдарын жүргүзүп жатат.
Маркумдун жакындары маалымат бере элек.
Былтыр июлда Жалал-Абаддагы Жазаларды аткаруу кызматынын аскер бөлүгүндө 20 жаштагы жоокер асынган абалда табылган. Аскер бөлүгүнүн командиринин айтымында, маркум катында аны менен чогуу кызмат өтөгөн жоокер тарабынан психологиялык кысымга кабылганын жазган. Андан мурда Жаза аткаруу кызматынын дагы бир жоокери суицидге барганы белгилүү болгон. Маалыматтарга караганда, ал жоокер Бишкекте соттолуучулардын бирин гемодиализ алуу үчүн медициналык мекемелердин бирине коштоп баргандан көп өтпөй эле ажатканага кирип өзүн атып алган. Окуянын себептери айтылган эмес.
Шерине