Эл аралык кылмыш сотунун (ЭКС) сотко чейинки палатасы 2025-жылдын октябрь айында Тажикстанга барган Орусиянын президенти Владимир Путинди камакка алуудан баш тартканы үчүн Дүйшөмбүдөн түшүндүрмө сурады.
ЭКСтен тиешелүү суроо-талап 5-ноябрда жөнөтүлгөн, бирок бул тууралуу маалымат эми гана белгилүү болду.
Эл аралык кылмыш сотунан эскертишкендей, Путинди камакка алуу ордери 2023-жылдын 17-мартында Украинадагы аскердик кылмыштарга байланыштуу берилген. Ошол эле жылдын апрель айында соттун катчылыгы Рим статутуна катышкан бардык мамлекеттерге, анын ичинде Тажикстанга да, Орусиянын лидерин камакка алуу зарыл экенин эскерткен.
Эл аралык кылмыш соту жарыялаган документте Дүйшөмбү бул талаптан 2023-жылдын май айында кабардар экенин ырастаганы, бирок 2025-жылдын 25-сентябрында аны аткаруу мүмкүн эместигин билдиргени айтылат.
Тажик бийлиги Орусия Рим статутуна катышпаганын негиз кылып, Москва менен түзүлгөн эки тараптуу келишимдерде жогорку кызматтагы аткаминерлерге иммунитет берилерин жүйө келтирген. Дүйшөмбү өз позициясын сот менен кызматташуудан баш тартуу катары эсептебейт.
Эл аралык кылмыш сотунда жогорку кызматтагы аткаминерлердин, анын ичинде үчүнчү мамлекеттердин өлкө башчыларынын жеке иммунитети соттук териштирүүгө тоскоол боло албай турганы жана иммунитеттен өзүнчө баш тартууну талап кылбай турганы баса белгиленди.
Палата учурда Тажикстандын кызматташуудан баш тарткан фактысын таануу мүмкүндүгүн жана жагдайды сотко катышуучу-мамлекеттердин Ассамблеясынын кароосуна өткөрүп берүүнү карап жатат.
- Эл аралык кылмыш соту Путинге 2023-жылдын март айында издөө жарыялаган. Ага Украинадагы убактылуу оккупацияланган аймактардан калкты, анын ичинде балдарды күч менен депортациялоо жана көчүрүп кетүү айыптары тагылган. Москва бул айыптоолорду четке кагып, соттун юрисдикциясын тааныбай турганын билдирип келет.
- 2024-жылы Эл аралык кылмыш сотунун Путинди камакка алуу талабын Монголия да аткарган эмес.
Шерине