Кыргызстандын 12 жылдык билим берүүгө өтүшү глобалдык талап экенин президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине курган маегинде айтты.
Президент бул биринчиден, бүткүл дүйнөлүк стандарт болсо, экинчиден, билим берүү рыногунун дүйнөлүк талабы экенин белгилеген.
2029-жылы 12 жылдык билим берүүнүн алгачкы бүтүрүүчүлөрү аттестат аларын, мектепти аяктаган балдар дүйнөлүк стандарттарга шайкеш келбегени үчүн чет өлкөлөрдөгү жогорку окуу жайларга тапшырганда кошумча бир жыл даярдык көрүүгө аргасыз болуп жатканына токтолгон.
"Дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине кире албай, дүйнөлүк эмгек рыногунун талабына жооп берген адистерди даярдоодон өксүдүк. Кыргызстан үчүн дүйнөлүк экономикада теңтайлаша турган адам капиталын даярдоо өтө маанилүү. 10-11-класстык билим берүү өзүнүн тарыхый миссиясын аткарып бүттү, ал пландык-командалык экономиканы тейлөөгө багытталган. Учурда рынок экономикасына атаандаш боло алган адистерди даярдоо - бул заман талабы, андан артта калбашыбыз керек. Эрте кесипке ээ болгон система", - деген Жапаров.
Ал мектептерде окуучулар батпай жатканына 12 жылдык билим берүүнүн тиешеси жоктугун, бул маселе демографияга жана ички миграцияга байланыштуу экенин белгилеген.
2015-жылы окуучулардын саны 1 043 356 болсо, 2025-жылы 1 536 633гө жетип, 500 миңге өскөнүн мисал келтирген. Мурдагы жылдары 1–2-класстарга 140–150 миңдей бала кабыл алынса, 2025-2026-окуу жылында 1-класска 106015, 2-класска 124 593 окуучу кабыл алынганына токтолгон.
Жапаровдун айтымында, 2025-жылдын башынан тартып бүгүнкү күнгө чейин республикалык бюджеттин эсебинен 134 билим берүү мекемеси бүткөрүлгөн. Анын ичинен 60 мектептин, 28 бала бакчасынын курулушу жүрсө, 41 мектеп жана беш бала бакча капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн.
16 мектептин, 13 бала бакчанын (29 объект) курулушуна ар кандай каржы булактар (өнүктүрүү фонддору, жергиликтүү бюджет, демөөрчүлөр ж.б.) акча бөлгөн. Жалпы өлкөдө республикалык бюджеттин эсебинен жана ар кандай каржы булактардан 163 билим берүү (117 курулуш, 46 капиталдык оңдоп-түзөө) объектиси бүткөрүлгөн.
2022-жылы Бишкекте 15 мектеп курулса, жаңы жылда 20 мектеп, Ош шаарында 10, Манас шаарында алты мектеп салынарын кошумчалаган.
Мектептердин курулушу февраль айында башталып, сентябрь айында бүткөрүлөрүн, мындан сырткары, өлкө боюнча курулуштары ар кыл стадияда турган 216 мектеп жана 107 бала бакча барын айткан. 2026-жылы алардын жарымы толук бүткөрүлүп, пайдаланууга берилерине ишендирген.
2025-2026-окуу жылында “Алтын казык” мамлекеттик программасынын алкагында 12 жылдык билим берүү системасы ишке кирген. Реформага ылайык, алты жаштагы балдар 100% милдеттүү түрдө мектепте билим алат. 10-11-12-класстарда кесипке багыт бериле баштайт. Түзүлгөн окуу пландарында 11 кесипке үйрөтүү каралган. (ST)
Шерине