Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Январь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:07

Курск облусунда дрон чабуулунан 11 миң адам жарыксыз калды


Жекшембиде украиналык учкучсуз учактар Орусиянын Курск облусунун Хомутовка кыштагындагы энергетика объектисине чабуул койду. Бул тууралуу аймак башчысы Александр Хинштейн билдирди.

Анын айтымында, чабуулдун кесепетинен 11 миңдей адам байырлаган 115 калктуу конушта электр жарыгы өчкөн.

Жаңы Николаевка айылына жасалган дрон чабуулунан 55 жаштагы киши каза тапты.

Белгород облусунда чабуулдардан улам эки адам каза болуп, дагы тогузу жараат алды. 4-январда эртең менен облус башчысы Вячеслав Гладков Октябрь кыштагында дрон үй-бүлө мүчөлөрү бараткан автоунаага тийгенин билдирди. Айдоочу окуя болгон жерде кайтыш болуп, аялы жана төрт жаштагы бала жараат алган.

Дагы бир адам Губкин шаарына болгон дрон чабуулунан кийин жараат алган. Гладковдун маалыматында, бир аялдын териси жарылуу эпкининен жабыркап, жараат алган. Соода жайы күйүп, көп кабаттуу үч үйдөгү сегиз батирдин терезелери күбүлүп түшкөн.

Новостроевка-Первая жана Берёзовка айылдарында эки жайкын тургун жараат алып, ооруканага жеткирилди.

Гладковдун айтымында, Грайворон шаарына жасалган ракеталык соккунун натыйжасында "Орлан" бөлүмүнүн жоокери каза таап, дагы бир жай тургун жараат алган.

"Снаряддардын жарылуусунан административдик имараттын, социалдык объекттин жана алты жеке турак үйдүн эшигинин алды менен айнектери талкаланды. Үч автоунаага дрон сыныгы тийип, зыян тартты", - деп жазды губернатор.

Разумное кыштагында учкучсуз аппарат коммерциялык объекттин автоунаа токтотуучу жайында жарылган. Анын кесепетинен бир аялдын билеги жараат алып, дагы эки жабырлануучунун териси жарылуу эпкининен жабыркаган.

Гладков жекшембиде украин аскерлери Белгород облусуна чабуулду күчөткөнүн, саат 9дан 15ке чейин 60 дрон катталганын билдирди. Алардын жарымы атып түшүрүлгөнү айтылууда.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG