4-январга караган түндө Орусия Украинага 52 дрон менен чабуул койгонун украин аба күчтөрү билдирди. Анын 39у жок кылынган. Тогуз жерге дрон түшкөнү кабарланды. Запорожьеде 51 жаштагы аял жаракат алганын жергиликтүү бийлик маалымдады.
Орусиянын Коргоо министрлиги 4-январга караган түндө Украина тараптан алгач 90 дрон учурулганын, кийинчерээк дагы 42 учкучсуз учак менен чабуул жасалганын билдирди. Кечээ кечинде Москванын мэри Сергей Собянин борбор калааны бутага алган 19 дрон жок кылынганын маалымдады.
Жекшембинин таңында Белгород облусунун губернатору Гладков Октябрь кыштагында учкучсуз учак унаага тийип, бир киши мерт кеткенин, анын жубайы менен төрт жаштагы баласы оор жаракат алышканын жазды.
Орусиянын Тергөө комитети Жаңы жыл түнү Украинанын Херсон облусунун оккупацияланган бөлүгүнө жасалган чабуулдан каза болгондордун саны 29га жетип, жаракат алгандардын саны 60ка чукулдаганын билдирди. Украина бул чабуулга тиешеси жоктугун маалымдоодо.
2-январь күнү Орусиянын ракеталык чабуулунан улам Харьковдо төрт киши каза тапты. Согуш шартында маалыматтарды көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.
Шерине