Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Январь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:16

Киевде ооруканага урулган соккудан бир адам каза болуп, төртөө жараат алды


Киевдеги жеке клиника соккудан кийин. 5-январь, 2026-жыл.
Киевдеги жеке клиника соккудан кийин. 5-январь, 2026-жыл.

Орусиянын дрондору 5-январга караган түнү Киев шаарынын Оболонь районуна караштуу жеке менчик оорукананын төрт кабаттуу имаратына сокку урган.

Бул тууралуу Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы билдирди.

Полициянын маалыматында, клиникада дарыланып жаткан 1995-жылкы киши каза тапкан. Шаар мэри Виталий Кличконун билдиришинче, төрт адам жараат алган.

Медициналык борбордо жалпы 26 бейтап болгон, алардын 16сы шаардык ооруканаларга которулган.

Киев облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы Николай Калашниктин билдиришинче, Фастов районунда жети турак үй, бир көп кабаттуу имарат, гараждар, эки автоунаа, өндүрүштүк жана жеке кампалар жабыркаган. Үйлөрдүн бириндеги өрттү өчүрүү учурунда эркек кишинин сөөгү табылган.

Орусиянын чабуулунан Славутич шаарында электр жарыгы өчкөн. Зарыл инфраструктуранын бардык объектилери резервдик электр менен камсыздоого өткөрүлдү.

Украинанын Аскер-аба күчтөрүнүн маалыматында, Орусиянын аскерлери Украинага "Искандер-М" тибиндеги тогуз баллистикалык, С-300 зениттик ракеталары жана 165 учкучсуз учак менен чабуул койгон.

Украин аскерлеринин билдирүүсүндө айтылгандай, абадан коргонуу күчтөрү өлкөнүн түндүгүндө, борбордук бөлүгүндө жана чыгышында 137 дронду атып түшүргөн.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG