Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:17

Аба ырайы: Нарын, Ысык-Көл облустарында жаан жаайт

15-майда түнкүсүн өлкө аймагында жаан-чачын жаабайт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 21…26;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12…17, күңдүз 26…31;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 16…21;

Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10°, күндүз 23…25° жылуу болот.


Шерине

XS
SM
MD
LG