Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Мамыржан Рахимовдун Кадамжай районунун эли менен жолугушуусунда суу сактагыч куруу демилгеси көтөрүлдү. Райондун Чаувай айылынын тургуну аймакта суу сактагыч курбаса тоолорго жааган кар жаз алды менен эрип, Өзбекстанга агып кетип, жайкы сугат маалында жергиликтүү элдин эгинине суу жетпей жатканын билдирди.
"Чаувай жеринде үлүш жер жок, суубуз да жок. Бизге суу маселесин чечип бериңиздер. Климат өзгөрүп, күн ысык. Машинеси бары машине менен, эшеги бары эшек менен суу ташып ичип жүрөт. Биздин сунушубуз мурдагы губернаторлордун тушунда да айтылган. "Болот, чечилет" дегени менен ишке ашпай келет. Эгиндин баары куурап атат", - деди чаувайлык тургун.
Анын сунушуна облус башчысы жооп берип, аймакка суу сактагыч куруу боюнча долбоорлор бар экенин айтты. Анын сөзүн коштогон облустук суу чарба адиси аймакта сугат жер азыраак болгондуктан чакан суу сактагыч курууга болорун белгиледи.
Кадамжайлыктар жолугушууда жол, мүлк укугу, үлүш жер сыяктуу маселелерди көтөрүштү. Берилген суроолордун басымдуу бөлүгү үй, жер мүлкүнө документ алуу иштеринин созулушуна байланыштуу айтылды.
Баткен облусу бир тарабынан Өзбекстан, бир тарабынан Тажикстан менен чектешет. Аймакта ичүүчү жана сугат суу тартыштыгы айтылып келет.
Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, анын облустардагы өкүлдөрү жана шаар мэрлери 11-майдан тартып жер-жерлерде эл менен жолугушууларды өткөрүп жатышат.(ZKo)
Шерине