Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:11

14-майдын аба ырайы: Ош, Ысык-Көл, Нарында жаан жаайт

Бишкек
Бишкек

14-майда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын жаабайт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 21…26

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10…15, күндүз 25…30

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 15…20

Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 16…21

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9°, күндүз 23…25° жылуу болот.

Шерине

XS
SM
MD
LG