Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:13

"Социалдык келишим" долбоору менен 57 миңден ашуун жумуш орду түзүлдү

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен "Социалдык келишим" түзүлө баштаган 2022-жылдан бери долбоор алкагында 57 миңден ашуун жумуш орду түзүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, социалдык келишим программасы ишке ашырыла баштагандан бери 48 миңден ашуун үй-бүлө менен келишим түзүлгөн. Министрлик келишим үй-бүлөлөр менен ыктыярдуу түрдө түзүлөрүн белгилөөдө.

Социалдык келишим жакыр же аз камсыз болгон үй-бүлө менен Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин ортосунда түзүлөт. Мамлекет үй-бүлөгө жеке ишкердикти ачуу жана өнүктүрүү үчүн 150 миң сом өлчөмүндө кайтарымсыз жардам көрсөтөт.

Программа 2022-жылы башталган. Алгач социалдык жардамдын көлөмү 100 миң сом болсо, былтыр бул сумма 150 миң сомго чейин көбөйтүлгөн. Программа аркасында өлкөдө 228 миңден ашуун жарандын жашоо шарты жакшырып, 57 миңден ашуун адам иш менен камсыз болду.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, быйылкы үч айда 607 үй-бүлө менен келишим түзүлгөн.

Келишимдердин жарымынан көбү айыл чарба багытында ишкерлик кылууга багытталган.

Министрлик "Социалдык келишим" программасына быйыл 13 334 үй-бүлө катышарын билдирген. Каржылоону социалдык паспорту бар же "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алган аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөр ала алышат. Ошол эле учурда үй-бүлөдө эмгекке жөндөмдүү жана мүлктүк потенциал болушу керек. Реалдуу бизнес-план талап кылынат.

Акыркы эки жылдан бери социалдык контракттын негизинде социалдык колдоо программаларынын катышуучуларына ишкердикти өнүктүрүү үчүн 200 миң сом өлчөмүндө пайызсыз насыя үч жылдык мөөнөткө берилип келет.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG