Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасынын мурдагы орун басары Тимур Шабданбеков 29-апрелде үй камагына чыкканы белгилүү болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы 13-майда ырастады.
Маалыматта ал 13-июнга чейин үй камакта болору көрсөтүлгөн.
Аскер прокуратурасы апрелде УКМКнын мурдагы жана азыркы жооптуу кызматкерлери кармалганын билдирип, бирок козголгон кылмыш иши боюнча кенен маалымат берген эмес.
Бул окуядан кийин УКМК төрагасынын мурдагы орун басары Тимур Шабданбеков, “Ред Петролеум” бренди менен таанымал “Альфа Ойл” компаниясынын жетекчиси Акылбек Маматов, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун төрагасынын мурдагы орун басары Бекзат Абдикахаров, андан тышкары Кубанычбек Чакибаев кармалганы белгилүү болгон.
Биринчи май райондук соту аларды да 13-июнга чейин камакка алган. Буларга да “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып коюлган.
Кийин Акылбек Маматовдун бөгөт чарасы өзгөртүлүп, тил кат менен абактан чыккан.
10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан бери УКМКнын бир катар мурдагы жогорку кызматта турган жетекчилери кармалып, айрымдары жумуштан алынды.
Жакында эле УКМК төрагасынын мурдагы дагы бир орун басары Даниэл Рысалиевди, УКМКнын Ысык-Көл облусундагы башкармалыгынын 6-башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Урмат Нарбаевди 11-июнга чейин үй камагына алган.
Тимур Шабданбеков менен Даниэл Рысалиев Камчыбек Ташиев атайын кызматты жетектеп турганда анын орун басары болгон.
Шерине