Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:09

Камчыбек Ташиевге козголгон кылмыш иши сотко өттү

Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) экс-төрагасы Камчыбек Ташиевге козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу анын адвокаты Икрамидин Айткулов Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Адвокат кабарлагандай, Ташиев менен кошо жети адам айыпталып жатат. Кылмыш ишине "жашыруун" деген гриф коюлду. Мындай учурда сот отурумдары жабык өтөт.

"Бүгүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Камчыбек Ташиев боюнча кылмыш ишине айыптоо актысын бекитти. Ал бийликти күч менен басып алууга даярдык көргөн жана жооптуу кызматтык абалынан кыянат пайдаланган деп айыпталууда. Кылмыш ишин кароо үчүн Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлдү. Бул иш боюнча Ташиев менен кошо дагы жети адам айыпталуучу катары өтүп жатат. Кылмыш ишине "жашыруун" макамы берилген. Бул бардык соттук отурумдар жабык өтөрүн жана тергөө менен соттун маалыматтарын ачыктоого тыюу салынарын билдирет", - деп жазды адвокат.

Камчыбек Ташиев Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси («Кыргыз Республикасынын Конституциясын бузуу менен бийликти күч менен басып алуу же күч менен кармап туруу, ошого тете конституциялык түзүлүштү күч колдонуп өзгөртүүгө багытталган аракеттер») жана 337-беренеси («Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу») боюнча айыпталып жатат.

30-апрелде Ташиевге өлкөдөн чыкпоо тил каты түрүндө бөгөт чарасы тандалган.

Кылмыш иши козголгонун өзү 29-апрелде ырастап, эч кандай күнөөсү жок экенин билдирген.

“Бүгүн эртең менен маалымат чыккандан бери көптөгөн адамдар тынчсызданып жатканын билдиришүүдө. Бул кылмыш иши боюнча менин юридикалык жактан толук коргонууга мүмкүнчүлүгүм бар жана Аллахым буюрса, менин эч бир күнөөм жок, акталып чыгам», - деп жазылган Камчыбек Ташиевдин кайрылуусунда.

Айрым сайттар айыптоолорду 75 адамдын кайрылуусу менен байланыштырышкан. Президент Садыр Жапаров 27-апрелде Kaktus.media порталына маек куруп, “75чилердин катына” Камчыбек Ташиевдин тиешеси бар-жогун тергөө жана сот аныктай турганын билдирген.

9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Алардын айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай туруп эле ага кошулууга макул болгонун айтып чыгышкан.

Ички иштер министрлиги бул кайрылууга байланыштуу кылмыш ишин козгоп, анда аты аталган коомдук ишмер Бекболот Талгарбековду, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси, мурдагы айыл чарба министри Эмилбек Узакбаевди жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевди, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевди жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду кармаган. Алар учурда камакта.

10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан кийинки маектеринде Жогорку Кеңеште депутаттар “президент жана атайын кызматтын кишиси” болуп бөлүнүү башталганын, кийин андай аракет парламенттен сыртка чыгып кеткенин айтып, 75 адамдын кайрылуусун мисал кылган.

Бул окуялардан кийин Нурланбек Тургунбек уулу алгач төрагалык кызматтан кетип, андан соң депутаттык мандатын да тапшырган. Фейсбуктагы баракчасына пост жазып, 75 кишинин кайрылуусуна тиешеси жок экенин билдирген.

Акыркы саясий окуялардын фонунда Кундузбек Сулайманов, Элдар Сулайманов, Куванычбек Конгантиев, Шаирбек Ташиев, Курманкул Зулушев, Нурланбек Азыгалиев, Гүлсүнкан Жунушалиева, Абдылдабек Эгембердиев өздөрү жазган арыз менен депутаттык мандатынан ажыратылды.

Алардын ичинен “Кыргызнефтегаз” ишканасындагы коррупциялык ишке байланыштуу Камчыбек Ташиевдин иниси, экс-депутат Шаирбек Ташиев, Камбар-Ата-1 ГЭСин даярдоо этабындагы иштерге байланыштуу Кундузбек Сулайманов жана жер тилкелерине байланышкан мыйзамсыз схемаларды уюштурган деген айып менен Куванычбек Конгантиев кармалды.

“75чилердин каты” Жогорку Кеңешке түшкөн учурда Курманкул Зулушев парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасы болуп турган. (TSh)


Шерине

XS
SM
MD
LG