Нобел сыйлыгынын 112 лауреаты биргелешкен билдирүү таратып, ирандык укук коргоочу, саясий туткун Наргиз Мохаммадини дароо жана шартсыз бошотууну, ошондой эле ага каршы бардык айыптарды алып салууну талап кылышты.
Билдирүү 12-майда Nobel Women’s Initiative жана Narges Foundation уюмдарынын координациясы менен жарыяланды. Ага химия, экономика, адабият, медицина, тынчтык жана физика тармактары боюнча Нобел сыйлыгынын лауреаттары кол коюшкан.
Билдирүүдө Мохаммадинин саламаттыгы «оор» экени айтылган. Ошондой эле ал арыктап, кан басымы туруксуз болуп жатканы жана жүрөк оорунун белгилери бар экени белгиленген.
Нобел сыйлыгынын лауреаттары Мохаммадинин өмүрүнө «түздөн-түз коркунуч» жаралышы мүмкүн экенин эскертип, ал бир нече айдан бери атайын медициналык жардамга жете албай келгенин билдиришти.
Мохаммади 10-майда Тез жардам менен Тегеранпарс ооруканасына жеткирилип, учурда адистешкен дарыгерлердин көзөмөлүндө дарыланып жатат. Бирок билдирүүгө кол койгондор ооруканага жаткырылышы «анын камалышындагы адилетсиздикти жокко чыгарбайт» деп белгилешти.
«Эч ким тынч жол менен нааразылык билдиргени же адам укуктарын коргогону үчүн камалбашы керек», — деди 1997-жылдагы Нобел тынчтык сыйлыгынын лауреаты Жоди Уильямс.
Дагы бир лауреат Таваккул Карман Мохаммадини «зомбулукка каршы чыккан аялдардын коркпогон үнү» деп атап, ирандык аялдарды дүйнөлүк деңгээлде колдоону улантууга чакырды.
Билдирүүгө кол койгондор ошондой эле Иран Ислам Республикасынын бийлигин жана эл аралык коомчулукту Мохаммадини тез арада бошотуп, ага тийиштүү медициналык жардам көрсөтүүнү камсыз кылууга чакырышты.
Наргиз Мохаммади быйыл февралда «улуттук коопсуздукка каршы кутум жана жыйындарды уюштурган, пропаганда жүргүзгөн» деп айыпталып жети жарым жылга кесилген. Ал өзү бул дооматтарды четке кагып келет.
Аялдардын укуктары, өлүм жазасын алып салуу үчүн узак жылдардан бери күрөшүп келген 53 жаштагы Наргиз Мохаммади 2023-жылы Нобел тынчтык сыйлыгын алган.
Шерине