Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:50

Баткен: Ворухка жол куруу ишине байланыштуу 34 үй-бүлө убактылуу көчүрүлдү

Ак-Сай айылы. Баткен району. Архив.
Ак-Сай айылы. Баткен району. Архив.

Тажикстандын Ворух анклавына жол куруу иштерине байланыштуу Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынан 34 үй-бүлө убактылуу башка жакка көчүрүлдү. Мындай маалыматты “Азаттыкка” айыл аймактын башчысы Саатбек Анаров ырастады.

Анын айтымында, мындай келишим тургундардын коопсуздугун камсыздоо максатында кабыл алынып, ар бир үй үчүн 600 миң сомдон кенемте төлөнмөй болду.

“Бул убактылуу. Жол салуу долбоорунда ташты жардыруу иштери бүткөнгө чейин. Бир жылдык келишим менен чыгардык, айына 50 миң сомдон эсептелип, жылына 600 миң сом берилди. Кийин үйүнө кайтып барышат. Жардыруу учурунда үйгө кандайдыр бир зыян келтирилсе ӨКМ жана комиссия карап, калыбына келтирип берет”, - деди Анаров.

Кыргыз-тажик чек арасындагы жол куруу иштери быйыл март айында башталган. Баткенде Миң-Өрүк – Самаркандек эстакадасы салынып жатат, ал эми Тажикстан Кыргызстандын Ак-Сай айылынын четинен Ворух анклавын Исфара менен байланыштырган жол курууда.

Быйыл марттын башында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын инженердик тосуу иштери кайра жанданган. Кыргызстандын Чек ара кызматы быйыл Баткен аймагынан 200 чакырымдай, Ош облусунан 70 чакырымдай аралыкка зым тартыларын жарыялаган.

Маалыматка караганда, жалпы 420 чакырымдай тилке тосулушу керек, анын 150 чакырымдайы өткөн жылы тосулган. Эксперттер бул иштер соңуна чыкса жалпы эле чөлкөмдүн коопсуздугуна, ошол эле маалда экологияга дагы оң таасирин тийгизерин айтышат.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 1006,84 чакырымды түзөт. Анын ичинен 519,9 чакырым тилке 2011-жылга чейин такталып, өкмөттүк делегациялардын чечими менен бекитилген.

Ал эми калган 486,94 чакырым чек ара тилкеси акыркы үч жыл ичинде такталды. Азыр ушул тилкелерде инженердик тосмолорду орнотуу иштери жүрүүдө. (JsA/TAb)

Шерине

XS
SM
MD
LG