Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:42

Ош: Мектеп жетишсиздиги тууралуу маселе көтөрүлдү

Жанарбек Акаев эл менен жолугушууда. Ош. 12-май, 2026-жыл.
Жанарбек Акаев эл менен жолугушууда. Ош. 12-май, 2026-жыл.

Ош шаарында мектептерде балдар батпай жатканы тууралуу маселе мэрдин эл менен жолугушуусунда көтөрүлдү. Тургундар шаардагы мектептерге сырттагы айылдардан балдар толуп, калаанын өзүндө жашагандар кабыл алынбай калып жатканына даттанышты.

Мэр Жанарбек Акаев Оштогу мектептерде чындыгында акыбал начар экенин ырастады.

"Мен мэр болуп келерим менен эле мектеп жетишсиздигин көтөргөм. 46 миң бала окуй турган жерде жүз миң бала окуп жатат. 18 миң бала гана жеке мектептерде окуйт экен. Мен муну президент келгенде да айттым. Учурда Турукташтыруу фондунан 10, республикалык бюджеттен 7 мектеп каржыланып курулуп жатат. Мына азыр биз отурган Барпы Алыкулов мектеби 1200 орундуу, бирок аябай эскилиги жеткен. Каникул учурунда бул мектепке да капиталдык ремонт жасалат", - деди Акаев.

Ош шаарынын мэри 12-майда Курмажан датка жана Жибек Жолу муниципалдык башкармалыктарында эл менен жолугушуп жатат. Мурдагы мэрдин тушунда буздурулган турак жайлардын, жол жана башка максаттар үчүн мамлекетке алынган үлүш жерлердин кенемтеси, көчө, көпүрө куруу, башталып калган жол курулуштары тууралуу жана башка суроолор берилип жатат.

Президент Садыр Жапаров апрелдин башында Ош шаарын жана облусун кыдырып, аймактардагы эл менен түз жолугушуп келгенден кийин ар бир облустагы өкүлдөрүнө жана тиешелүү жетекчилерге эл аралап, көйгөйлөрдү жеринде угуп, чечүү тапшырмасын берген.

Ага ылайык, президенттин облустардагы өкүлдөрү, аймактагы кызмат жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери 11-майдан тартып күн сайын эл менен жолугушууну башташты.(ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG