Ишкананын демилгечиси болгон "апрелчилер" муну Бакиевдерден моралдык жоопкерчилик катары төлөнгөн кун деп түшүндүрүп жатышат. Ал эми Апрель окуясында жабыркаган башка адамдар кун маселесине каршы чыгып, мунун артында Бакиевдерди Кыргызстанга алып келүү аракети турат деп сындап жатышат. Ал арада президенттин басма сөз катчысы Жапаровдун "апрелчилерге" барышы Бакиевдерге карата чыгарылган сот чечимдерине жана берилген укуктук баага эч кандай тиешеси жоктугун билдирди.
Президенттин Бакиевдер курган ишканага барышы талкуу жаратты
2010-жылы бийликтен кулатылып, ошондон бери Беларуста жашап жүргөн мурдагы президент Курманбек Бакиев каржылаган Чүйдөгү тигүү цехинин курулушу бүткөнү белгилүү болду. 10-майда президент Садыр Жапаров фабрикага барып, "апрелчилер" менен жолукту.
Анда президент тигүү цехин Бакиевдер куруп берерине башында ишенбегенин билдирип, 2010-жылы Апрель окуяларында жабыр тарткандардын жакындарын фабриканы ынтымакта иштетүүгө чакырды:
"Мындай тигүү цехи Кыргызстанда эч жерде жок. Машиналар дагы акыркы моделде, жатакана, бала бакчасы менен. Жайгашкан жери дагы жакшы. Эми ушуну жакшынакай кылып, ынтымакта иштетип кеткиле. Сөзүнө туруп, бүтүрүп берген турбайбы. Жалпысынан дээрлик 2 гектарга чейин жер бөлүп берилди. Мен башында салбайт го деп ойлогом".
Жолугушууда "апрелчилердин" атынан сүйлөгөн “7-апрель ынтымагы” ачык акционердик коомунун жетекчиси Усупбий Шеримбаев бул фабриканын чоо-жайын Садыр Жапаровго түшүндүрүп, Бакиевден ушундай жол менен жардам алууну чечишкенин айтып берди.
Кийинчерээк ал президенттин фабрикага барган видеосун Фейсбуктагы баракчасына жайгаштырды.
"Саналуу эле «апрелчилер» бар. Ошолор «биз кечирбейбиз» деп, кек сактап жүрөт. Биз кечиримдүү, айкөлдүк жолго түштүк. Бул кадамга барыш деле оңой болгон жок. «Апрелчилердин», оор жаракат алгандардын, жетим-жесир калгандардын үйүнө барып, жашоосун көрсүн. Ошол жактан ыйлап туруп, колундагысын берет. Ойлоп жатышат «апрелчилерге» жасап коюшкан деп. Бизди алдап коюшту. Атамбаев «Бакиев келе атат» деп алдап жүрүптүр. Аягында эмне болду? Биз эч нерсе жок калдык. Макамыбыз да жок. Айрымдар түшүнбөй сатылып кеттиңер дейт. Мен Гитлер салып берсе да макул болмокмун", деп жазды ал.
Президент фабрикага баргандан кийин соцтармактарда нааразы пикирлер пайда болду.
Апрель окуясында жакындары каза болгон жана жабыркагандар Садыр Жапаровдун тигүү цехине барышына жана бул фабриканын айланасындагы соңку жагдайга нааразылыгын билдирүүдө.
Алар мунун артында Бакиевдерди актоо жана Кыргызстанга алып келүү аракети турат деп эсептешет.
Апрель окуясында жабыркагандардын "Айкөл Ала -Тоо" коомунун төрагасы Жылдызбек Исаков Бакиевдерге сот чечими чыкканын, ал аткарылууга тийиштигин талап кылып келе жатышканын айтып, талаптары өзгөрбөй турганын "Азаттыкка" билдирди:
"Бакиевдерден кун төлөтүп, фабрика курдургандар Апрель окуясынын жабырлануучуларынын 10 пайыздайын гана түзөт. Биз бул кун маселесине башында эле каршы чыкканбыз, адам өмүрү эч бир акчага бааланбашы керек. Биздин бир гана талабыбыз бар - Бакиевдерди алып келип, камап, жазалап берсин. Аларга сот чечими чыккан - алды өмүр бою, арты 30 жылдан эркиндигинен ажыратылган. Биз бул талабыбызды 2024-жылы президент Садыр Жапаровдун өзү менен жолукканда да айтканбыз".
Бул окуя социалдык медиада кызуу талкуу жаратып, айрым интернет пайдалануучулар 2010-жылы аянтта 90го чукул адамды аттырган Бакиевдер кенемте төлөп бергенин сынга алышты. Айрымдар сыртынан соттолуп, эл аралык издөөгө алынган мурдагы президент "Кыргызстанда ишкерлик кылып, өлкөнүн ички экономикалык жана социалдык процесстерине таасир этүүгө мүмкүнчүлүк алганы - сот чечимдерин кыйгап өтүп, Бакиевди актоо аракети эмеспи?" деген суроо коюшту.
"Бакиев аянтта 87 адамды аттырып, бир катар коомдук жана мамлекеттик ишмерлердин өлүмүнө байланышкан деп айтылып келет. Өлкөнү талап-тоноп, банкрот абалга жеткирди, улут аралык кастыкты күчөттү деп да айыпталган. Ушул иштер боюнча Кыргызстанда соттолгон. А “апрелчилер” (эгер чындап эле ошолор болсо) Бакиевдерден кенемте катары 400 орундуу тигүү цехин соодалашып алышыптыр. Ушундан кийин биз чындап эле бир нерсени жакшы жакка өзгөртөбүз деп үмүттөнөбүзбү?"- деп жазды журналист Семетей Аманбеков.
Мындай талкуулардын фонунда президенттик администрация фабрика куруу Бакиевдерди укуктук жазадан куткарбасын билдирди.
11-майда президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов президенттин “апрелчилерге” барышы Бакиевдерге карата чыгарылган сот чечимдерине жана берилген укуктук баага эч кандай тиешеси жоктугун белгиледи.
"Кечээ Президент Садыр Жапаров жаңы автовокзалдын жана Ош базарынын курулушунун жүрүшүн текшерди. Сөз болуп жаткан тигүү цехи ошол райондо жайгашкан. Президенттин бул аймакка келе жатканын уккан Апрель окуясынын катышуучулары алардын комплексине барып, көрө кетүүнү өтүнүшкөн. Өзгөчө белгилей кетсем, 2010-жылдагы окуялар боюнча бардык соттук чечимдер жана укуктук баалар күчүндө калат. Президенттин “апрелчилерге” баруусунун бул юридикалык маселелерге эч кандай тиешеси жок. Кыдыруу учурунда Садыр Жапаров курулуштарды көрүп чыгып, цехте аны күтүп турган “апрелчилер” менен кыскача баарлашты. Ошону менен катар мамлекет башчысы жолугушууда цех Апрель окуясында жабыркаган үй-бүлөлөрдүн кызыкчылыгы үчүн иштеши керектигин белгиледи. Президентти чакырышканынын себебине токтолсок, тигүү комплексинин муктаждыктары үчүн мамлекет тарабынан 2 гектарга жакын жер тилкеси бөлүнгөн", - деп билдирди Алагөзов.
"Бакиевдер өздөрү каржылап, өздөрү курдурду"
Бакиевдер каржылап, курдурган тигүү фабрикасы Бишкектен “Манас” аэропортуна бараткан жолдун четине курулду. Фабрика 400 адамга ылайыкташып, жатаканасы жана бала бакчасы менен курулган. Ишканага Апрель окуясында жабыркагандар, набыт болгондордун жакындары, жалпы 317 адам мүчө болгон “7-апрель ынтымагы” ачык акционердик коому ээлик кылат.
Тигүү цехи үчүн мамлекет 1,7 гектар жер бөлүп берген. Ал эми цехтин бала бакча, жатаканасы менен чогуу курулушуна, ичиндеги эмерек, техникалык жабдууларга чейин Бакиевдер 1 млрд сом акча берери айтылган.
Акционердик коомдун жетекчиси Усупбий Шеримбаев фабриканын, жатакана, бала бакчанын курулушун, техниканын баарын Бакиевдер өздөрү төлөп, куруп беришкенин айтууда:
"Каржылап жаткандар Бакиевдер. Мен ал жакка киришпейм. Чоң акча бар жерге киришпей эле коеюн дедим. Ортодон "жеп алды, катып алды" деп жек көрүндү болбош үчүн биз акчасына киришкен жокпуз. Курулуш компания алып туруп, сметасын жазып берди. Бакиевдердин өкүлдөрү өздөрү каржылап, бүтүрүп жатат. Фабрикага жетпеген майда-чүйдө нерселерге, айрым техникага дагы 450 миң доллар алганбыз, 3-кабатты коштуруп курдурганбыз. Учурда дагы 100 миң доллардай акчабыз бар, аны фабрикага иштетүүгө сарптайбыз".
Шеримбаевдин сөзүнө караганда, "апрелчилердин" цехи бир-эки айдын ичинде ишке киришмекчи.
Фабрикага ээлик кылары айтылып жаткан “7-апрель ынтымагы” ачык акционердик коомунун негиздөөчүлөрүнүн бири Усупбий Шеримбаев "Айкөл таза коом" уюмун 2017-жылы түзгөн.
Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, "7-апрель ынтымагы" коомуна Бактыбеков Аскар Бактыбекович, Бактыбеков Манас Бактыбекович жана Шеримбаев Усупбий Бактыбекович деген үч жаран ээлик кылат.
Аталган ишкана Бакиевдердин акчасына тигүү цехин куруп жатканына Апрель окуясынын айрым катышуучулары каршы чыгышкан.
Апрель окуясынан жабыркагандар башында "Айкөл Ала-Тоо" жана "Мекен шейиттери" аттуу коомдук уюмдарды түзүшкөн. Учурда алардан бөлүнүп чыккан коом, уюмдардын саны он чакты. Бир тобу 2024-жылы 28-апрелде “Апрель элдик революциясынын уюмдарынын ассоциациясын” түзүшкөн жана анын башкы катчылыгына Темирлан Султанбековду шайлашкан. Султанбеков Кыргызстан Социал-демократтар партиясынын (КСДП) лидери.
Мурдагы президент Курманбек Бакиев жана анын жакындары 2010-жылдагы кандуу Апрель окуясына күнөөлүү деп табылган. Курманбек Бакиев соттун чечими менен 30 жылга, кенже уулу Максим Бакиев, иниси Жаныш Бакиев, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов сырттан өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев сырттан 30 жылга соттолгон.
Бакиевден кун төлөтүү сунушу мамлекеттик деңгээлде эки жылдан бери көтөрүлүп, президент менен апрелчилердин жолугушуусунда да айтылган эле.
Курманбек Бакиев президенттик бийликке 2005-жылкы 24-март ыңкылабынан кийин келип, 2010-жылдын 7-апрелиндеги 90го жакын адамдын өмүрү кыйылган элдик толкундоодо бийликтен кулатылган жана үй-бүлөсү менен Беларуска качып кеткен.
Расмий Бишкек Минскиден Бакиевдерди өткөрүп берүүнү бир канча жолу талап кылган. Беларус бийлиги бул өтүнүчтөрдү аткарбай келет. Былтыр марттын башында президент Садыр Жапаров беларус бийлиги менен Курманбек Бакиевди кайтаруу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын, беларус тарап "Бакиевди камабасаңар өткөрүп берели" дегенин билдирип, 2010-жылдагы Апрель, Июнь окуялары жана башка иштер боюнча бул жакка алып келип, сурак кылууга болорун айткан.
Шерине