АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын согушту токтотуу боюнча сунушка жообун "кабыл алынгыс" деп баалады.
Жекшембиде Трамп өзүнүн Truth Social социалдык түйүнүнө Ирандын өкүлдөрүнөн келген жооптуу окуганын жазды.
«Ал мага жакпады. Такыр кабыл алынгыс!» — деди Трамп.
Бирок ал Американын планынын мазмуну кандай экенин, ага Иран эмне деп жооп кайтарганын тактаган жок.
Америка президентинин бул билдирүүсү Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусуна жакын деген Tasnim маалымат агенттиги Тегерандын шартын жарыялагандан кийин жасалды.
Аталган агенттик анда Иран өзүнө каршы санкцияларды жокко чыгарууну, АКШнын деңиздеги курчоосун токтотуу, мындан аркы кол салуулар болбойт деген кепилдик талап кылганын жазган.
Tasnim Тегерандын сунушунда Ирандын бардык аймагында, анын ичинде Ливанда согушту токтотуу талабы камтылганын кошумчалады.
Трамптын соңку билдирүүсүнөн кийин ирандык мамлекеттик маалымат каражаттары Тегеран согушта келтирилген зыян үчүн компенсация жана Ормузга көзөмөлдү расмий таанууну да талап кылганын кабарлашты.
Тегеран АКШнын согушту токтотуу боюнча соңку сунушун алып, аны менен таанышып жатканын 7-майда кабарлаган. Ирандын мамлекеттик ISNA агенттиги Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Эсмаил Багаи ал сунушта кабыл алынгыс айрым жоболор бар экенин айтканын билдирген.
Багаи “акыркы чечим кабыл алынгандан кийин” Тегеран өз позициясын сүйлөшүүлөрдө ортомчу болуп жаткан Пакистан аркылуу жеткирерин айткан.
Кошмо Штаттары өз сунушун расмий жарыялаган эмес. Маалымат каражаттары Ирандын өзөктүк программасы тууралуу сүйлөшүүлөргө жол ачышы мүмкүн делген жана 14 пункттан турган меморандум тууралуу сөз болуп жатканын жазып чыккан.
Шерине