Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:04

Караколдо концертте көрсөтүлгөн "Z" символу. Орусия пропагандасын күчөттүбү?

Орусиянын ырчылары Николай Басков менен Николай Расторгуев Караколдогу концертте, 9-май, 2026-жыл
Орусиянын ырчылары Николай Басков менен Николай Расторгуев Караколдогу концертте, 9-май, 2026-жыл

мазмуну

  • Кыргызстандын Каракол шаарында Жеңиш майрамына карата өткөрүлгөн концертте орусиялык “Любэ”, “Блестящие” эстрадалык топторунун жана ырчы Николай Басковдун артындагы жасалгалар кыргыз маалымат айдыңында катуу сынга кабылды.

Иш-чараны орусиялык олигарх Илан Шорго таандык уюм каржылаганы ачыкка чыкты. Орусиянын Украинага каршы согушунда колдонулган “Z” белгиси жана “Георгий” тасмасы, аскердик техниканын сүрөт-видеолору “пропаганда” катары бааланууда.

“Z” белгиси, "Георгий" тасмасы жана аскердик техника

9-май Жеңиш күнүнө карата концертке чейин орус ырчысы Николай Басков Каракол шаарынын мэри Талантбек Имановду коштоп “Өлбөс полк” жүрүшүнө да катышты. Акция маалында ал жергиликтүү тургундар менен сүрөткө да түштү.

“Эл ичинде “эгер сен өткөнүңдү эсиңден чыгарсаң, эч качан келечегиң болбойт” деп айтып калышат. Мен биринчи кезекте баарыбызга ишенич, күч, ден соолук каалайм. Биздин бир болушубузга, жакын болушубузга себепчи болгон бул укмуштай, улуу, чоң курмандыктарды талап кылган Жеңиш ар бирибиздин жүрөгүбүздө болсун. Айрыкча бүгүн биз бөлүнүүбүзгө акыбыз жок. Биздин күч биримдигибизде!” - деди Басков иш-чара учурунда.

Орус ырчысы Николай Басков Каракол шаарынын мэри Талантбек Имановду коштоп "Өлбөс полк" жүрүшүнө чыкты.
Орус ырчысы Николай Басков Каракол шаарынын мэри Талантбек Имановду коштоп "Өлбөс полк" жүрүшүнө чыкты.

Орусиянын Украинага басып киришин колдогону үчүн Канада баш болгон бир нече өлкөнүн санкциясына туш болгон Николай Басков жүрүштөн кийин өткөн майрамдык концертке катышып, анда да сөз сүйлөдү. Орусиялык шоу-бизнес өкүлдөрүнөн “Любэ” жана “Блестящие” эстрадалык топтору да өнөрлөрүн тартуулашты.

Чет элдик ырчылар акыркы жылдары Орусия Жеңиштин символу катары алып чыккан Георгий тасмасын тагынып жүрүштү. Бул тасма Орусия империясынын тушунда Борбор Азияны басып алууга берилген медалдын тасмасы катары талаш жаратып, бул чөлкөмдөгү өлкөлөрдө пайдаланылбай калган.

Караколдогу концерт Кремлдин пропагандасыбы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:37 0:00

Мындан сырткары орус өнөрпоздорунун ырлары жаңырган маалда артында Орусиянын Украинага каршы согушунда колдонулуп жаткан "Z" белгиси жана аскердик техниканын сүрөт-видеолору көрсөтүлүп турду. Бул социалдык тармактардын кыргыз сегментинде чоң талкууларга жем таштады. Кээ бири муну орус пропагандасынын элементи катары баалашса, айрымдары эгемен өлкө катары бийликтин буга жол бергенин айыпташты.

Руслан Акматбек
Руслан Акматбек

"Тилекке каршы биз дагы деле Орусиянын саясий, маданий жана маалыматтык таасиринде экендигибизди моюнга алышыбыз керек. Себеби, эртеден-кечке орус телеканалдарын көрө берип, орус эстрада ырчылары биздин негизги майрамдарыбызга, 9-май эле эмес, Эгемендик, Жаңы жыл майрамдарыбызга да келип, ырдоосу өнөкөткө айланды. Мурда Бишкекте эле болсо, азыр аймактарга жайылды. Биздин дүйнө таанымыбыздын туу чокусу Кремлдин маданияты болуп, дүйнөбүз Орусия менен чектелип калды. Чындап келгенде Орусия 9-майды дагы, ушундай ырчыларды дагы жумшак күч катары колдонуп, өзүнүн таасирин барган сайын күчтөндүрүп жатат. Биз муну түшүнбөй атабыз. Калк толук түшүнбөшү мүмкүн, бирок биздин чечим кабыл алуучу бийлик муну түшүнүшү керек эле. Тилекке каршы, андай болбой, Орусиянын пропагандага малынган ырчылары менен өзүбүздү чектеп калдык. Бул жылкы "өзгөчөлүгү" жанагы агрессиянын "Z" деген символикасын кабагым-кашым дебей, концертте көрсөтө баштадык. Биз өзүнчө эгемен өлкө катары эмес, Орусиянын бир губерниясы же субъектиси сыяктуу элес жаралып калды. Буга эч ким жоопкерчилик да алган жок. Эң кооптуусу, бул жогорку бийлик өкүлдөрүнө деле өөн учураган жок. Бирок ал символдор бүгүнкү күндө Орусиянын Украинага болгон баскынчылыгынын негизги символдору болуп саналат", - деген пикири менен саясат талдоочу Руслан Акматбек бөлүштү.

  • Орусия 2022-жылы Украинага кеңири масштабда согуш баштаган маалда аскердик техникасында латынча “Z”, “V”, “O”, “X”, “A” деген тамгалар жазылган. Айрымдар муну аскердик округдардын орусча аталыштарынын баш тамгасы деп болжошсо, кээлери аны башкача чечмелеп жүрүшөт. Бирок кийин “Z” белгиси көп колдонулуп, орус бийлиги аны жалпы согуштун символу катары сүрөй баштаган.

Орусия менен Украинанын согушунда бейтарап турумду карманарын билдирген кыргыз бийлиги Кыргызстанда бул белгилерди колдонууга тыюу салган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жана Ички иштер министрлиги 2022-жылы жарандарга автоунаасында же башка жерлерде бул белгилерди колдонбоону эскерткен.

"Саясий сокурлук"

Кезинде Убактылуу өкмөттүн аппаратын, Роза Отунбаеванын тушунда Президенттин администрациясын жетектеген Эмилбек Каптагаев бул окуя боюнча Фейсбукта мындай пост жазды:

Эмилбек Каптагаев
Эмилбек Каптагаев

"9-май Жеңиш күнү - улуу майрам, ар бирибиз үчүн ыйык күн. Анткени Улуу Ата Мекендик согушта боору бүтүн киши калган эмес, жоготуу оор болгон. Мына ушундай ыйык күндө, германиялык фашисттердин баскынчылыгы таш-талкан болгондугунун 81 жылдыгын белгилеп жатып, Каракол шаарында бүгүнкү күндүн баскынчылыгы - Орусиянын эгемен Украинага карата баскынчылык согушу пропагандаланып жатышы натуура көрүнүш, уюштуруучулардын саясий сокурлугу".

Орусия менен Украинанын согушунда бейтарап турумду карманарын билдирген кыргыз бийлиги Кыргызстанда бул белгилерди колдонууга тыюу салган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жана Ички иштер министрлиги 2022-жылы жарандарга автоунаасында же башка жерлерде бул белгилерди колдонбоону эскерткен.

"Евразия" фондунун жана Илан Шордун карааны

Бул ирет символ расмий иш-чарада колдонулганына укук коргоо органдары реакция жасаган жок. Мекемелер комментарий берүүдөн да карманышты. Каракол шаарынын мэриясы да концертке кеткен каражат жана андагы символдор жөнүндө маалымат тарата элек. Бирок уюштурууга орусиялык “Евразия” фонду демөөрчү болгонун билдирди.

Каракол шаарынын мэри Талантбек Иманов блогерлердин бирине берген комментарийинде мындай деди:

“Майрамды “Евразия” фонду колдоп жатат. Эң башкы колдоочу бул Садыр Нургожоевич. Уюштурганын өзүбүз фонддор аркылуу аткарып жатабыз, колдоо болсо президент тараптан болууда”.

Талантбек Иманов Каракол шаарынын мэри кызматына президенттин жарлыгы менен эки ай мурда дайындалган. Ага чейин ал президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болуп иштеп келген.

Иманов соңку жылдары санариптик өнүктүрүү министри, Инвестицияларды тартуу агенттигинин жетекчиси болгон. “Дастан” заводунда, "Газпром Нефть Азия" ишканасында эмгектенген.

Талантбек Иманов "Дастан" ишканасын жетектеп жүргөн учурда.
Талантбек Иманов "Дастан" ишканасын жетектеп жүргөн учурда.

Анын Кыргызстандын энергетика тармагындагы коррупцияга байланыштуу аты аталган Алексей Ширшов менен жакындыгы болгонун журналисттер иликтеп чыгышкан. Ширшов болсо мурдагы президент Курманбек Бакиевдин улуу Максим Бакиевдин өнөктөшү болгону менен белгилүү, ал акыркы жылдары Кыргызстанга келип кыргыз бийлигинин Орусия менен энергетикалык сүйлөшүүлөрүнө катышып келет. Бул боюнча өз дарегине айтылган дооматтарды Иманов четке каккан.

Башка маселе, “Евразия” фондунун артында Молдовадан качып чыгып, Орусиядан башпаанек тапкан олигарх Илан Шор турат. “Азаттыктын” атайын иликтөөсүндө Шордун Орусиядагы А7 компаниясы Бишкекте “А7-Кыргызстан” аттуу компания ачып, “Олд Вектор” аттуу фирма аркылуу A7A5 токенин же стейблкоинди сатыкка чыгарганы аныкталган.

“Номад ТВ” аттуу жаңы телеканал олигарх Илан Шорго жана орус пропагандачысы Маргарита Симоньянга байланышы бар экени айтылган
“Номад ТВ” аттуу жаңы телеканал олигарх Илан Шорго жана орус пропагандачысы Маргарита Симоньянга байланышы бар экени айтылган

Кыргызстанда уюшулган “Номад ТВ” телеканалы да Илан Шор байланыштырылып келет. Соңку концертти да дал ушул телеканал түз алып көрсөттү. Байкоочулар мэр Талантбек Иманов Илан Шордун фондуна Ширшов аркылуу чыккан болушу мүмкүн деп болжошот.

Журналист Замир Казакбаев буларга токтолду:

Замир Казакбаев
Замир Казакбаев

“Талант Иманов деген жигит көп тармактарда көп адамдардын уруксатысыз эле, эч ким менен акылдашпай эле ар түркүн иштерди кылып келгенин коомчулук жакшы билебиз. Мында деле ошол адаты менен уюштурду окшойт. Муну коммерциялык багытта деп деле айтыш кыйын. Менимче, бул концерттин артында бир саясат турат окшойт. Адатта мындай чоң концерттерди уюштурушканда уюштуруу комитети ырчынын ар бир кадамын, репертуарын, жасалгасын, керек болсо артисттердин кийимине чейин баарын тактап, карашат. Демек, булар же билбестик кылышты, же атайын кылышты. Иманов Ширшов экөө бир туугандай эле, Иманов анын айткан сөзү, чийген чийини менен гана жүрөт. Алар ар бир ишти кеңешип, чогуу кылышат. Балким, ушул концертти да кыргызстандыктарга белек катары уюштурабыз деп чечишсе керек. Анан анын артында коомчулукту дүрбөлөңгө салган ушундай окуялар коштолуп кетти. Анан берки фондго да Ширшов аркылуу байланышка чыкса керек. Анткени, мынча чоң концертти Талантбек Иманов өз алдынча уюштура албайт”.

Кыргызстанда Орусиянын “Биринчи канал” (ОРТ), “Россия 24” сыяктуу бир катар телеканалдары, “Аргументы и факты”, “Российская газета” сыяктуу гезиттери, Sputnik сыяктуу маалымат агенттиктери иштейт. Бирок алар YouTube, Facebook, Instagram, Twitter сайттарында бөгөттөлгөн. Мына ушунун фонунда “Номад ТВ” телеканалы жергиликтүү телеканал катары ачылганы Кремлдин Кыргызстандагы пропагандасынын жаңы деңгээлге чыгышы катары мүнөздөлгөн.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG