Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:35

Сеул Ормуз кысыгындагы кемеге чабуулду кескин айыптады

Ормуз кысыгында чабуулдан жабыркаган Түштүк Кореянын HMM компаниясы иштеткен жүк ташуучу кеменин арткы бөлүгү. 10-май, 2026-жыл.
Ормуз кысыгында чабуулдан жабыркаган Түштүк Кореянын HMM компаниясы иштеткен жүк ташуучу кеменин арткы бөлүгү. 10-май, 2026-жыл.

Түштүк Кореянын бийлиги ушул айдын башында Ормуз кысыгында кореялык жүк ташуучу кемеге чабуулду катуу айыптап, кол салууну ким уюштурганы аныкталгандан кийин жооп чаралары көрүлөрүн билдирди. Маалыматка караганда, 4-майдагы чабуулдан кийин кеменин моторунда өрт чыккан.

Түштүк Кореянын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Ви Сон Лактын айтымында, HMM компаниясы иштеткен Namo кемеси окуя болгон учурда Бириккен Араб Эмирликтерине жакын сууларда эч кандай эрежени бузбай жүргөн.

Сеул бул окуяны коммерциялык кемеге негизсиз чабуул катары баалап жатат.

«Биз муну катуу айыптайбыз», — деди Ви. Анын айтымында, зыяндын көлөмү Дубайда түштүк кореялык адистер менен расмий өкүлдөр жүргүзгөн экспертизанын жүрүшүндө аныкталган.

Ошондой эле Ви чабуулга Ирандын тиешеси бар-жогу азырынча так эмес экенин белгиледи.

Тегеран буга чейин ага катышы жок экенин маалымдаган.

АКШ президенти Дональд Трамп окуядан көп өтпөй Иран кореялык кемени аткылаганын билдирип, Сеулду кысыктагы кеме каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча Вашингтон жетектеген аракеттерге кошулууга чакырган.

Шерине

XS
SM
MD
LG