Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:09

Президент Жапаров "апрелчилер" үчүн курулуп жаткан фабрикага барды

Садыр Жапаров “апрелчилерге” делген тигүү фабрикасына барды. 10-май, 2026-жыл
Садыр Жапаров “апрелчилерге” делген тигүү фабрикасына барды. 10-май, 2026-жыл

Президент Садыр Жапаров “Манас” аэропортуна бараткан жолдо апрелчилерге делген тигүү фабрикасына барды. Мамлекет башчы Апрель окуясында жакынын жоготкондор жана жабыркагандар менен жолукту. Жолугушуунун видеосун "Айкөл таза коом" бирикмеси интернетке жарыялады.

"Мындай тигүү цехи Кыргызстанда жерде жок. Машиналар дагы акыркы моделде, жатакана, бала бакчасы менен. Жайгашкан жери дагы жакшы. Эми муну жакшына, ынтымакта иштетип кеткиле. Сөзүнө туруп, бүтүрүп берген турбайбы. Жалпысанан дээрлик 2 гектарга чейин жер болүп берилди. Мен башында салбайт го деп ойлогом", - деди Жапаров.

Буга чейин мамлекет фабрика үчүн 1,7 гектар жер бөлсө, 2010-жылы апрель окуясынан кийин өлкөдөн чыгып кеткен мурдагы президент Курманбек Бакиев 1 млрд сом бере турганы айтылган.

Маалыматта айтылгандай, фабрика акционердик коом деп катталып, ага 317 киши ээлик кылууда.

"7-апрелдеги жакынын жоготкондор, ок тийип жабыркагандар Бакиевдерден кун өндүрдүк. Чынын айтканда, 2010-жылдан кийин Бакиевди алып келип жазалайбыз дегендер убадасына турган жок. Анын ордуна, бизди апрелчилерди ар кандай саясий окуяларга пайдаланып, өзүнө жакынырактарына көнүл буруп, калганыбызды карабай коюшкан. Айрымдары үчүн, жалпы апрелчилер деле коомго жаман көрүнүп жүрдүк. Өлгөн өзүнүн шору болуп, унутулуп кала берди. Бакиевди деле алып келишкен жок. Шылуундар пайдасын көрүп, калганыбыз жөн эле четте калдык эле. Бакиевдер көп жолу, моралдык жана абийир алдында жоопкерчиликти моюнга алып, кун төлөп берели деп сунуш айтып жүрүшкөн. Өткөн өттү, эми жашоону артка кайтара албайбыз, андан көрө жабыркагандарга жардамын алып берели деп кеңештик", - деп жазды апрелчилердин бири Усупбий Шеримбаев.

Ал Бакиевдер каржылаган фабрика 400 кишилик экенин кошумчалады. Тигүү фабрикасы Бишкектин төмөн жагында, аэропортко кетип бараткан жолдун жээгинде курулган.

Буга чейин демилгенин башында “7-апрель ынтымагы” ачык акционердик коому турары айтылган. Аны Усупбий Шеримбаев эки бир тууганы менен чогуу 2024-жылы 8-апрелде түптөгөн. Шеримбаев өзү Курманбек Бакиевге жолугуп келгени да айтылган. Муну өзү да социалдык тармактардагы кайрылууларында тастыктаган.

Ошол эле маалда кун маселеси “апрелчилердин” жоон тобунун нааразылыгын жаратып, Бакиевдердин өлкөгө кайтуу айла-амалы катары сыпаттагандар болгон.

Курманбек Бакиев Кыргызстанды 2005-2010-жылдары башкарган. Ал Март ыңкылабынын шары менен бийликке келген. Бийликте турган маалында бир катар адамдардын өлтүрүлгөнү, үй-бүлө мүчөлөрү бийликке аралашканы коомчулукта нааразылыкты жаратып, 7-апрелдеги элдик толкундоонун аркасында бийликтен кулатылган. Ал күнү Ала-Тоо аятынына чыккан тынч жарандарга каршы ок атылып, 87 адам каза болгон, 1000 ден ашууну жараат алган. Ошол күнү ок жаңылгандын бир тобу кийинки жылдары каза болду. Ал соттун чечими менен 30 жылга, кенже уулу Максим Бакиев, иниси Жаныш Бакиев, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов сырттан өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев сырттан 30 жылга соттолгон.

Бийликтен кулатылган соң Курманбек Бакиев жана анын бир нече жакын тууганы Беларустан баш калка тапкан. Анын уулу Максим Бакиев болсо Британияда жашап келет. Беларустун журналисттери Курманбек Бакиев аты-жөнүн өзгөртүп Закир Салиев болуп алганын иликтеп чыгышкан. (КЕ)

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG