Украинадагы согушта мерт кеткен орусиялык аскерлердин саны 2025-жылдын аягына карай 352 миңге жетти. Мындай маалыматты "Медуза" жана "Медиазона" долбоорлору биргелешкен иликтөөсүндө жарыялады.
Басылмалар Mediazona, BBC'нин орус кызматы жана ыктыярчылар тобу менен биргеликте түзгөн маркумдардын аты-жөнүнүн тизмесине, Орусиянын мурас иштери реестринин маалыматтарына таянган.
Курман болгондордун ысымын мурастык иштер реестринин тизмеси менен салыштырып жатып, иликтөөнүн авторлору реестрге согушта өлгөндөр жаш курагы жана социалдык тобуна карай киргизилүү ыктымалдыгын эске алышкан. Аягында бул коэффициентке жараша журналисттер мурастык иштерди жоготуулардын чыныгы санына "которушкан".
352 миң жоготуунун ичинде 261 миң "кадимки" мерт кеткендер жана сот чечими менен дайынсыз жоголгон, өлгөн деп табылган же башка себеп менен өлгөндөн 180 күндөн кийин гана катталган 90 миң маркум да бар. Журналисттер Украинадагы согушка Орусия тараптан катышып, мерт болгон чет өлкөлүк жарандарды эсепке албаганын белгилешти.
Иликтөөчүлөр бул статистикалык баалоо экенин, болжолдуу айырма бар экенин белгилешүүдө. "Конкреттүү бир санды көрсөтүү менен биз борбордук, көбүрөөк ыктымалдуу маанилер жөнүндө айтып жатабыз", - деп айтылат басылмада.
Ушул тапта журналисттер Украинадагы согушта мерт кеткен 217 миң адамдын аты-жөнүн аныкташкан.
Орусия Украинага 2022-жылы 24-февралда кол салган.
Шерине