Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:16

Трамп Орусия менен Украинанын ортосунда ок атышуу үч күнгө токтогонун жарыялады

Дональд Трамп. 8-май, 2026-жыл.
Дональд Трамп. 8-май, 2026-жыл.

АКШнын президенти Дональд Трамп Орусия менен Украина ок атышууну үч күнгө токтотуу боюнча макулдашууга жетишкенин жарыялады.

Ал бул тууралуу TruthSocial платформасында жазды. Макулдашуу болгонун кийинчерээк Киев менен Москва ырастады.

Трамптын айтымында, ок атышууну токтотуу 9, 10 жана 11-майга чейин созулат, анын алкагында согуштук аракеттерди токтотуу жана эки тараптан миңден туткун алмашылат. Трамп ок атышууну токтотууну суранганын жана Орусия менен Украинанын президенттери макул болгонун кошумчалады. "Бул абдан узак жана оор согуштун аякташынын башталышы деп үмүттөнөм", - деген Трамп, сүйлөшүүлөр уланып жатканын жана ийгиликке жакындап баратканын белгиледи.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Киевдин ок атышууну токтотууга макул болгонун ырастады.

"Кызыл аянт биз үчүн үйлөрүнө кайтарылуучу украин туткундарынын өмүрүнөн маанилүү эмес", - деп жазды Зеленский.

Ал 8-майда АКШнын ортомчулугу менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн алкагында туткун алмашуу жана ок атышууну үч күнгө токтотуу боюнча макулдашуу жетишилгенин белгиледи.

Зеленский Трампка ыраазычылык билдирип, АКШ Орусиянын келишимдерди аткарышын камсыздайт деп күтөрүн жазган.

Украин президентинин сайтында "Москвада парад өткөрүү жөнүндө" жарлык да жарыяланды. Анда Америка менен сүйлөшүүлөрдө берилген көптөгөн өтүнүчтөргө жооп катары, гуманитардык максатта Москва шаарында 9-майда парад өткөрүүгө уруксат берилгени айтылат. Жарлыкта координаттары көрсөтүлгөн Кызыл аянт парад учурунда бутадан алынып салынган.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бул жарлыкка комментарий берип "Жеңиш күнүн шылдыңдоого аракет кылгандардын баарына кайгы. Мындай акылсыз тамашалар алардын өзүнүн бактысыздыгы", - деп, "бизге эч кимдин уруксаты керек эмес" деди.

Орусия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков да 9-11-майга ок атышууну токтотуу келишимин ырастады. "Орусиянын президенти Владимир Путиндин тапшырмасы боюнча, мен Орусия тараптын жакында эле АКШ президенти Дональд Трамп тарабынан сунушталган Москва менен Киевдин согуш туткундарын алмашуу үчүн ок атышууну токтотуу демилгесин кабыл алганын ырастайм", - деди ал журналисттерге.

Ушаков сүйлөшүүлөр түздөн-түз жүргүзүлбөгөнүн белгиледи, Орусия менен Украинанын өкүлдөрү АКШнын өкүлдөрү менен өз-өзүнчө байланышкан. "Кремль бул демилгенин нацизмди жеңүүнүн 81 жылдыгына дал келүүсүнө маани берди", - деп белгиледи Ушаков.

Расмий түрдө, Орусиянын Коргоо министрлиги тарабынан Жеңиш күнүнүн урматына бир тараптуу ок атышууну токтотуу 8-майда түн ортосунан тарта күчүнө кирди. Украина бул ок атышууну токтотууга кошулган жок, анткени Орусия мурда Украина тарабынан 6-майда жарыяланган ок атышууну токтотууну сактаган эмес. 8-майга караган түнү Орусия да, Украина да, эки тараптын тең айтымында, пилотсуз учактар менен сокку урушту, бутага Ростов-на-Дону, Пермь жана Грозный сыяктуу шаарлар да алынды. Киев орус аскерлери фронтто чабуул коюу операцияларын улантып жатканын билдирди.

8-майда түштөн кийин Владимир Зеленский Украинанын 9-майдагы аракеттери Орусиянын аракеттерине жараша болорун билдирди. Зеленский Орусияны узак мөөнөттүү ок атышууну токтотууга чакырып, Москвада парад өткөрүү үчүн эле ок атышууну токтотуу кабыл алынгыс экенин белгиледи. Ал мурдараак Кремль 9-майда Украинанын Москвага кол салуусунан кооптонуп жатканын белгилеген.

Өткөн аптада Путин менен Трамптын телефон сүйлөшүүсүндө Жеңиш күнүндөгү ок атышууну токтотуу темасы көтөрүлгөн.

АКШ президенти сүйлөшүүлөрдү улантуу менен эмнени айткысы келгени белгисиз бойдон калууда. АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Вашингтон эч кандай жылыш болбосо, ортомчулукту токтотушу мүмкүн экенин белгиледи.


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG